Кадамжай районунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта качып келген 40 миңдей адам убактылуу башкалкалап жатат. Алардын арасында там-ташынан, болгон мүлкүнөн айрылнгандар дагы бар. Алардын бири 75 жаштагы үч майып баланын энеси Зайна Алиева.
Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 17,4 миллион сом чогулду. Баткен облусуна жана тынч аймакка чыгарылган тургундарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Бишкекке келген жабырлануучуларга жана Баткенге жардам чогултуу ишин жүздөгөн ыктыярчылар өз мойнуна алган.
Бүгүн,1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты. Жайкы тыныгуудан кийинки биринчи жыйында депутаттар Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, сыртка сатылган алтын боюнча айтылып жаткан сөздөргө кызыгышты.
Кыргызстандын эгемендигине арналган негизги майрамдык иш-чаралар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өттү. Бул күнү майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолду.
50 жылдык тарыхы бар мамлекеттик цирктин капиталдык ремонтуна 200 миллион сомдон ашуун каражат керек. Көчөлөрдү гүл менен кооздоп туруу салтка айланган Ноокендеги Достук айылы.
Өлкөнүн көзгө басар, жападан жалгыз мамлекеттик циркинин абалы азыр кейиштүү абалга келди. Маданий жайдын майда-чүйдө жерлери ондолгонун эске албаганда, ишке берилгенине 50 жылга чукул убакыт өтсө да бир дагы капиталдык ремонттон өтө элек.
Кыргыз армиясынын катарында дагы бир жоокер каза болду. 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда өзүнө ок чыгарган. Бирок маркумдун агасы Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенбей жатат.
Медиасабаттуулук, заманбап көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан төкмө акындардын таймашы жыйынтыкталды. Арстанбаптагы өсүшү менен өксүгү теңелген туризм. Ат-Башыда чөптөрдөн дары алган аялдар. Ошто кыздарды илим-билимге үндөгөн дубал-сүрөт. "Данисте" программасында ушул темаларга кайрылабыз.
Бишкек мэриясынын чечими менен шаардын Биринчи Май районундагы таштандыны “Эко Проф” жеке компаниясы чырагып турмай болду. Мэриянын мындай чечимине “Тазалыктын” ондогон кызматкери нааразы болуп, жумушсуз калабызбы деп чочулап жатышат.
Оштогу "Россия" май куюучу бекетте электрик болуп иштеген 23 жаштагы Нарынбек Мурзаканов март айында иш учурунда токко урунуп, набыт болгон.
№4 төрөт үйүндө кесарево жолу менен төрөгөндөн кийин ден соолугу начарлаган келиндин иши боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Төрөт үйүнүн жетекчилиги жана дарыгерлери өздөрүнө коюлган дооматты четке кагууда.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды.
Америка Кошмо Штаттарына барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданган ондогон жаран Бишкектеги “Грин Лайт компани” аттуу компанияга виза үчүн алды 5, арты 16 миң долларга чейин берген.
Бишкекте 17 жашка чейинкилер жана 24 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 чейинкилер арасындагы күрөш 22-июнда жыйынтыкталды. Бул ирет кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Баткенде быйыл өрүктүн түшүмү мол болду. Айрым багбандар өрүктү табигый жол менен кургатып экспорттоодо кирешеси арбын болорун айтып, бул ыкманы өрүкзардын мекенинде жайылтууну каалашат.
23-майда АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келди. Лу мырза "Азаттык" менен болгон маегинде Ооганстандагы кырдаал, Украинадагы согуштун таасири, Кыргызстан - АКШ кызматташтык келишими, кыргыз коомунун өзгөчөлүгү тууралуу суроолорго жооп берди.
Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар Кыргызстанда баш кошуп, төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыз үй-бүлөлөргө гендердик теңдик тууралуу окуулар өткөрүлүп келет.
12-май - эл аралык медайым жана фельдшер күнү. Кыргызстанда 35 миңге чукул орто медициналык кызматкердин 90% аялдар. Адис жетишпегендиктен пенсия курагынан өтүп иштеген медайымдар да көп. Медайымдын бир күндүк түйшүгү кандай?
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса Шайгүл Алсеитова калемгердин акыркы жылдардагы чыгармачылыгы, “Манас” эпосуна арнаган эмгектери, драматургияга кошкон салымы тууралуу “Азаттыкта” сыябан-маек курду.
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.
Дагы жүктөңүз