3-февралда улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер Таабалды Эгембердиевдин өмүр жолуна арналган эки китептин бет ачары өттү. Таабалды Эгембердиевди кыргыз эли агартуучу, ойчул, демократиялык баалуулуктарды ырааттуу коргогон коомдук ишмер деп билет.
Кыргызстанда турак жай кооперативдерине акчасын салып, арыз жазгандардын чыгымы 1 миллиард сомго жакындады. Укук коргоо органдарына ушул тапта даттанып келип жаткандардын аягы суюла элек.
Бишкектин жака белиндеги конуштарда жашоо-шарты оор, өп-чап жашаган үй-бүлөлөр көп. Алардын айрымдары каттоосу жоктугунан улам жөлөк пул ала албай кыйналышат. Мамлекет аялуу үй-бүлөлөрдун балдарына 1200 сомдон жөлөк пул берет.
Караколдогу төрөт үйү 5-январдан бери жабык турат. Ооруканын жетекчилиги пландуу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп атканын, бул алты наристенин удаа чарчап калышына байланыштуу экенин айтууда. Санэпидем көзөмөл кызматы жүргүзүп жаткан лабораториялык изилдөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек.
Катуу суук үй-жайы жок селсаяктарды кыйнап жатат. Ушул тапта Бишкекте убактылуу баш калкалоочу үч жайга күнүнө 150дөн ашуун киши келип, жылынып, бир маал ысык тамак ичет.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын тапшырылчу “Умтулуу” медиа сыйлыгын журналисттерге ыйгарды. Сынакка кабыл алынган 162 материалдардын 18и жеңүүчү деп табылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылы кедейчиликте жашаган калктын саны 33 пайыздан ашты. Бул 2 миллион 244 миң киши дегенди билдирет. Арасында кепилденген мамлекеттик жөлөк пулга жетпей жүргөндөр саны арбын. Жөлөк пул алалы десе, түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктар көп.
Бишкекте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Аялдар тарткан тасмалардын жумалыгы өтүп жатат.
Чүйдүн Милянфан айылдык кенешиндеги 11 депутаттын төртөө аял. Алардын бири Лабира Ламзарова айылдык кеңеште социалдык комиссияны жетектейт. 2021-жылы Милянфан айылдык кеңешке жыйырма аял талапкерлигин койгон. Айылдык депутат мындай көрсөткүч биринчи жолу болгонун кубануу менен белгилейт.
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. "Азаттык" ВИЧ менен жашап келген кыргызстандыктарды маекке тартты. Алардын бири - Тимур. Ал өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу биринчи жолу ачык айтып чыкты. ВИЧти жугузуп алган дагы бир каарманыбыз Элнураны жолдошу таштап кеткен.
10 миңдей эл жашаган Чүй облусунун Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы мектепте кыргыз тилинде окуткан 1-класс эки күндөн кийин жабылып калды. Ондон ашык уул-кызын берген ата-энелерге мектеп жетекчилиги "класс толбой калды" деп түшүндүргөн.
“Азаттык” Кыргызстандагы тамырлашкан коррупциянын, мыйзам үстөмдүгүн тепселеген өкүмзорлуктун, адам укугун бузган зордук-зомбулуктун бетин ачкан ондогон иликтөөлөрдү жарыялап келатат. Соңку 10 жылдагы резонанс жараткан иликтөөлөрүнүн айрымдарын эске салабыз.
“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин арасында журналист Айданбек Акматов да бар.
22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын жүздөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп, суу сактагычка жакын аймактагы айылдарды кыдырышты.
Бишкекте жарандык коом, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.
Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар пикетке чыкты. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага болгон чагымды сындашты.
27 жаштагы ага лейтенант Ырысбек Шайып уулу 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта жараат алган аскерлердин бири. Анын айдаган танкка минометтун огу тийип, жарылып кеткен. Андагы үч аскер аман калган.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон адам там-ташынан айрылды.
Кадамжай аймактык ооруканасында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан качып келген алты келин төрөдү. Жалпысынан убактылуу башкалкалап жаткандардын арасында 100дөн ашык кош бойлуу келин бар.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын айынан качып келгендердин бир тобу ушул тушта Айдаркен шаарында башкалкалап жатат. Алардын арасында Ак-Сай, Көк-Таш айылынан келгендер көп.
Дагы жүктөңүз