Улуттук онкология жана гематология борборуна нур менен тездетип дарылоочу жаңы эки жабдуу келди. 2018-жылдан берки маселе акыры чечилип, Англияда чыккан "Электра" жабдуусу рак оорусуна чалдыккан бейтаптарды май айынан тарта кабыл алууга даяр. Эми чет мамлекетке каттагандар Бишкектен дарылана алышат.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы конституциялык реформа, тышкы-ички саясат, кошуналар менен мамиле, оппозиция, демократия, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу бир катар талылуу суроолорго жооп берди.
Төрөбай Зулпукаров: "Биримдиктин" каржылык иштеринен кабарым жок
11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документке эми президент кол койсо 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу референдум да өтөт. Айрым депутаттар парламентте долбоорго добуш берүүдө депутаттарга басым-кысым болгонун
Бишкекте "Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү. Анда аялдардын коомдогу жана саясаттагы орду талкууланды. Бир канча секцияга бөлүнүп өткөрүлгөн жыйында катышуучулар COVID-19га каршы күрөштө аялдардын аткарган иштерин өзгөчө белгилешти. Форум жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында өттү.
9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары долбоорду четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын, тез арада парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышты. Алар конституциялык реформага байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн президентти жана депутаттарды
Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев өлкө отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруусу керек деп эсептейт.
Бишкек мэриясы кичи автобустарда жол акысын 15 сомго көтөрүүнү сунуш кылды. Бишкек шаардык кеңеши жол акысын көтөрүү маселеси эл менен талкуудан кийин чечилерин билдирди. Буга чейин жол акы боюнча талаш айдоочулардын митинги менен коштолгон.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып кайра кармалгандан кийин анын тарапташтары Бишкекте жана Кара-Суу районунда митингге чыгышты.
Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98700 киши расмий каттоодон өткөн.
Бишкекте чек ара көйгөйлөрүн көтөргөн нааразылык акциясы өтүп, ага катышкандар Баткендин Ак-Сай айылында төмөнкү жайыттын, Көк-Таш айылында такталбаган аймактын тажикстандыктар иштетип жатат деп нааразы. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев
«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Былтыр жалпысынан 40 эмгек келип түшкөн.
Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коомдо резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Уландын иши уланат» деген эскерүү иш-чарасы өттү. Маркум кесиптешибиз 12-февралда 31 жашка чыкмак.
Президент Cадыр Жапаров буга чейин мамлекет башчылар отурган Ак үйдүн жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүн алмаштырып, эски өкмөт үйүндө иштеп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары бошоп калган 7-кабатты оңдоп-түзөп, кабинеттерди ич ара бөлүштүрүп алышты.
Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2021 деп аталган мода жумалыгы өтүп жатат. 4-февралда иш-чаранын ачылуу аземи өтүп, анда жаш модельер-дизайнерлер өз коллекцияларын тартуулады. -
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр жана президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнун коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев болду.
28-январда Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов акыркы сапарга узатылды. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Өзгөчө таланттын ээси узак оорудан улам 87 жашында дүйнөдөн кайткан.
Бүгүн (23-январда) Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинде “Оку” долбоорунун алкагында өткөн IV республикалык online китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул сынактын максаты мектеп окуучуларынан, мугалимдеринен тартып жогорку окуу жайларынын студенттерине,
Ош облусунун Кара-Суу районундагы фермер Баатыр Тагаев кыргызстандык «кара байыр», түркмөнстандык «ахалтекин» жана орусиялык «владимирец» асыл тукум жылкыларын аргындаштырып жатат. Натыйжада ал аргымактын жаңы түрүн чыгарып, аны «жаңы кыргыз породасы» атады. Албетте, чарба азырынча ирилеше элек, оше
Дагы жүктөңүз