Ырчы жана активист Зере Асылбек кыздардын укуктарына арналган жаңы ырын ырдап чыкты. «Апам айткан» аттуу ыры коомчулуктагы кыздарды тыюу маселесин чагылдырат. Анда ырчы кыздарга бала кезинен тартып «сен кыз баласың, абайла» деген мааниде салынып келген тыюулар жөнүндө ырдаган.
Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка арналган иш-чарада COVID-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш тууралуу сөз болду. Быйыл пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% өскөн. Иш-чара гендердик зордук- зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталган күнү уюштур
Мыйзамдуулукту сактоонун башында турган башкы көзөмөл органынын түзүлгөнүнө 96 жыл толду. Прокуратура органдары тергөөгө көзөмөл жүргүзүп, мыйзамдуулуктун сакчысы катары айтылганы менен соңку жылдары айрым прокуратура кызматкерлери жабырланган тарапты коргоочу эмес, зомбулук менен коррупциянын башын
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жандуу оркестрдин коштоосунда “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмө өттү. Аны музей Чүй камералык оркестри менен биргеликте уюштурган.
11-ноябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн мамлекеттик театрында репрессияга кабылып, өз мекенине кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арналган «Жат эмесмин» спектакли алгач ирет көрсөтүлдү.Татарстандын Эл жазуучусу Аяз Гилязовдун «Үч карыш жер» повестинин негизинде коюлган спектаклд
Ал Кыргызстан мыйзамдуу конституциялык нукка түшкөнүн айтып, аларды азыркы оор экономикалык абалдан чыгууга жардам кылууга чакырды.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү.
Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китеби жарык көрдү.
Соңку бир айда өткөн окуялар 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтына чыккан жарандардын мүдөөсүнө канчалык туура келет?
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында Р.Киммерердин китебинин негизинде “Жер эне” музыкалык спектакли коюлду.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, прокуратура органы саясаттан тыш иш алып барарын билдирди. Ошондой эле ал коррупция менен аёсуз күрөш жүргүзүп, бирок саясий куугунтук менен алектенбестигинин айтты.
Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты. Уюкфондук кино фестивалга 10дон ашык өлкөдөн 50дөй тасма катышкан. Бул - бишкектик студенттерден түзүлгөн “Курадо” тобунун биринчи ийгилиги. Чыгармачыл топ менен "Азаттыктын" кабарчысы жолугуп келди.
21-22-октябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан мыйзам долбоорду кызыл чеке талаш менен талкуулап, кабыл алды. Жыйынга катышкан сексенден ашык депутаттын көпчүлүгү мыйзам долбоорун колдоду.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Азаттык" үчүн курган маегинде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин чукул конституциялык реформа жүргүзүү үчүн референдумга баруу тууралуу кадамын мыйзамсыз деп кескин сынга алды.
Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 20-декабрга белгиленди. Мындай чечим 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Бул жаң
Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өткөн жума ичинде коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Акыркы күндөрү вирус күнүгө 500гө жакын адамдан чыгып жатат.
16-октябрда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, мамлекет башчылыктан кетип жаткан себебин түшүндүрдү. Эми президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алды. "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз? Бийликтен эмнени күтөсүз?" деген суроолорду узатты.
Соңку бир жума ичинде азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Мисалы мурда 95 сомдон сатылып жаткан өсүмдүк майы азыр 115ке чыккан. Эт 50, кумшекер 10 сомго чейин кымбаттады. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү себеп болууда.
“Эргене” фонду өлкөдөгү аялдардын эмчек, жатын рагын алдын алыш үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен көчмө санарип маммограф алып келди. Бул машине эми өлкөнүн аймактарын кыдырып, 40 жаштан өйдө аялдардын эмчек, жатын өсмө оорусуна текшерип, эрте аныктоону ишке ашырмакчы.
Дагы жүктөңүз