“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Маткерим Рахманбердиевдин фотоальбомундагы сүрөттөр 1941-1945-жылкы Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы аскерлердин жашоосун чагылдырат. 80 жаш курагында көзү өтүп кеткен согуш ардагеринин кан майдандагы фотоальбомун чогуу барактайлы.
Кытай, Италия, Испания, Франция жана АКШ тажрыйбасы көрсөткөндөй, вирус тарап кетсе тез жардамга муктаж бейтаптар ооруканларга батпай калышы мүмкүн.
Чебер калемгер, чыгаан акын, публицист Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси "Азаттыктын" кеңсесинде өттү.
Кыргызстанда өмүр сакчылары коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда.
Ош облус аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Аталиев учурда COVID–19 илдетине чалдыккан бейтаптарды кесиптештери менен бирге дарылап жатат.
Ноокат аймактык ооруканасында коронавируска чалдыккан 112 кишинин 91 илдетти жеңип чыкты. Алардын ден соолугуна кам көрүп, күнү-түнү алардын жанында болуп, илдетти оңой жеңүүсүнө шарт түзгөн дарыгерлердин бири, врач-реаниматолог Улугбек Урулбаев.
23-апрель дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти Болот Миңжылкыевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.
Кыргызстанда өзгөчө абал киргенине байланыштуу коомдук жайлар менен катар спорттук залдар, стадиондор убактылуу ишин токтотту. Ушул жылдын июль айына белгиленген Олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды.
Баш калаа Бишкекте 115 киши ооруп жатканы маалым болду.
"Коронавирустун жаңы түрүнүн желдей бат тарашына анын кыйды жүрүм-турумга ээ болгону себеп", - дейт вирусолог, инфекциялык оорулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы серепчилердин бири, профессор Жон Оксфорд.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
Борбор Азиянын айрым аймактарында алма-өрүк гүлдөгөн маалда кар жаады. Бишкекте кар менен кошо кыштын илеби уруп атат. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "адегенде коронавирус, анан кар... Табият бизге таарынды окшойт" деп жазышты.
Саясий нааразылык акциялары, Ыйык Валентин күнү, Масленица, аялдардын укуктарын коргоого арналган жана зомбулукка каршы жүрүштөр, гандбол боюнча мелдеш - бул коронавирус дүйнөнү каптаганга чейинки жай турмуштун сүртүмдөрү.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдүн жарандары коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн өз ара аралыкты сактап жатышат.
Коронавируска байланыштуу кирген карантинден улам Бишкектин көчөлөрү бош калды. Машинелердин саны да азайды.
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Кыргызстандыктар быйылкы жазды үйдөн тосууда. Коронавируска байланыштуу көчөдө басып, парк аралагандар сейрек. Айрым коомдук жайлар жабык турат.
22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү (World Day of Water) белгиленет. Мындай чечим 1992-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган.
COVID-19 аталышындагы коронавирус жайылып кеткенине байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.
Дагы жүктөңүз