"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
Швейцариялык антрополог-иликтөөчү Тобиас Маршалл төрт жылдан бери ооган кыргыздарына жай сайын каттап, алардын күнүмдүк турмушундагы социалдык-экономикалык стратегиясын иликтеп жүрөт.
Апта ичинде болгон урунттуу окуяларга сереп.
Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” жол берип жатканы үчүн кыргыз бийлигин сындады.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму кыргыз бийлигин жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектебей, тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга үндөдү.
"Манас" авиабазасына май ташуу ишинде мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевдер аралашканы ачыкка чыкты.
Варшавада өтүп жаткан ЕККУнун жыйынында Кыргызстанда саясий негизде соттолгондордун маселеси көтөрүлдү.
Беларус санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багыт алганы IT тармагынын баасы да, баркы да артып баратат. Беларустун стартаптарын дүйнөлүк компаниялар сатып алган мисалдар бар.
Өтүп бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
Америкалык саясий технологдун кыргыз бийлиги менен кызматташканы билинди.
Урицкийге айланган Үсөнов, Бишкектин мэрлигине жалгыз талапкер чыкты, Афикада орусиялык үч журналист курман болду.
Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларустар Даниил Урицкий, кыргыздар Данияр Үсөнов деп тааныган адам 2016-жылы беларус жарандыгын алганы белгилүү болду.
“Белапан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич менен маек.
Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Элүүгө чукул орусиялык аял президент Владимир Путинден жардам сурап кайрылды.
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары ооган-түркмөн чек арасындагы куралдуу кагылышта 25 жоокер курман болгонун маалымдашты. Бирок андай кабарды түркмөн бийлигине жан тарткан "Turkmenportal" басылмасы жокко чыгарды. Ооган тарап чек арада кырдаал курчуп баратканын маал-маалы менен билдирип турат.
Дагы жүктөңүз