"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Рене Канья – Франциянын Кыргызстан менен Өзбекстандагы аскерий атташеси кызматын аркалаган. Борбор Азия жөнүндө бир катар китептердин жана “Дүйнөдөгү кыргыздар” деген сүрөт альбомдун автору. Беш жыл мурун 7-апрелде Ошто жүргөн француз дипломат өз байкоолорун ортого салат.
Тоң районунда жашаган бир үй-бүлө беш баласы менен белгисиз тарапка кетсе, 80 жаштагы байбиче очор-бачар болгон төрт кызын ээрчитип согуш жүрүп жаткан аймакка жол тартканы аныкталды.
Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы сүйлөшүү бир жылдан ашканына карабай, чечим кабыл алына элек. Анын себептери тууралуу мурдагы юстиция министри, бийликте кезинде Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн башкы катышуучусу болгон Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" маек курду.
Америкалык эркин журналист жана иликтөөчү Умар Фарук Ош шаардык сотунун чечими менен 28-мартта Кыргызстандан чыгарылган.
Лондон университетинин укук боюнча профессору, Адам укуктары боюнча Европа сотунун адвокаты Билл Бауринг «Азаттыктын» Бишкек бюросунда курган маегинде Кыргызстанда адам укугун чектеген мыйзам долбоорлордун каралып жатышын өлкөнүн демократиялык баалуулуктардан чегиниши катары баалады.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда кызматташууну өркүндөтүү боюнча сегиз келишимге өткөн жыл соңунда кол коюлган. Бул өлкөдө расмий эсеп боюнча 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгектенет.
Кыргыз өкмөтү “Центерра голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы келишимдин шарттарын талкуулоодо. Эл аралык AMEК компаниясы кенде экспертиза жүргүзүп, экологиялык чыгымдарды эсептеп чыккан.
20-январда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тараткан видеодо туткундалган эки жараны үчүн жапон өкмөтүнө 200 миллион долларды 72 сааттын ичинде төлөгүлө деген талап коюлат.
"Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтары 2014-жылы чөлкөмдөгү өлкөлөрдү түйшөлткөн окуяларды бирге талкуулады.
Норвегиядан Өзбекстанга кайткан алты эмгек мигранты 12-13 жылга эркинен ажыратылды.
“Ата Мекен” фракциясы Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну караган мыйзам долбоорду өкмөткө жана парламент комитетине жөнөттү. Жыл башында Кыргызстан менен "Центерра Голд" 50/50 үлүштүк биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандумга жетишкен. Эгер Кумтөр алтын кени улутташтырылса, кандай тобокелдиктер менен кесепеттери болот?
Британиянын юстиция боюнча мамлекеттик министри, лорд Эдвард Фолкс 25 жылга сыртынан соттолгон, экс- президенттин уулу Максим Бакиевдин иши боюнча суроолорго жооп берди.
Ысык-Көлдө "Тоо кен тармагына кызыкдар тараптардын кызматташуусун жолго салуу жана чыр-чатактарды азайтуу" деген аталыштагы эки күндүк улуттук конференция өтүүдө.
Учурда дүйнө жүзүн кооптондуруп жаткан «Ислам мамлекети» радикал тобу Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай коркунуч жаратууда?
“Селигер-2014” форумунда президент Путин Казакстан жөнүндө суроого жооп берип жатып, мындай өлкө мурда болгон эмес, аны президент Назарбаев түзгөн деп айтканы Казакстанда кызуу талкуу жаратты.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тула облусунда 3 айдан бери кулчулукта жүргөн 12 кыргыз жаранды куткарды. Зордук-зомбулукка кабылган мигранттар менен “Азаттык” байланышып, телефон аркылуу ал-акыбалын билди.
Улуттар Уюму качкындар баш калкалаган мектепти аткылоону “кечиримсиз” иш деди. Израил армиясы болсо мектептин жанындагы согушкерлерге каршы сокку урганын билдирди.
Эксперттер өткөн аптада малайзиялык учактын атып түшүрүлүшү орус-украин кризисинин айрым жагдайларын ачыкка чыгарганын айтышууда. New York Times басылмасынын Орусия, Украина боюнча кабарчысы Эндрю Крамер "Азаттыктагы" маегинде Орусиянын жана Батыштын медиа каражаттары соңку окуяларды кандайча чагылдырып жатканына токтолду.
21-июнда Бостондогу сот өткөн жылкы жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин таанышы, казакстандык жаран Азамат Тажаяковду кылмышты иликтөөгө тоскоолдук жасаган, далилдерди жок кылган деген негизде күнөөлүү деп тапты.
Узакка созулган оорудан кийин 86 жашында СССРдин мурдагы тышкы иштер министри, Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварнадзе Тбилисиде көз жумду.
Дагы жүктөңүз