"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөсүнүн эгемендигине арналган салтанатта беларусча элге кайрылды. Бул мамлекет башчынын 20 жылдан бери өз эне тилинде алгачкы кайрылуусу.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңеген мыйзам долбоору даярдалып, парламентке берилди.
23-июнда Бостондо федералдык сот Жохар Царнаевдин иши боюнча айыпталып жаткан казакстандык Азамат Тажаяков менен кыргызстандык Хайрулложан Матановдун ишин карады.
Нью-Йорктун соту Максим Бакиевдин каржы кеңешчиси Евгений Гуревичти 6 миллион долларлык көз боёмочулук кылган деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.
Орусия Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүк насыя жана "Жол картасын" ишке ашыруу үчүн 200 миллион доллар грант берүүнү убада кылды.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Шанхайда ачылып жаткан Азиядагы кызматташтык жана ишенич орнотуу кеңешмесинин саммитинде чек ара чатактарын жөнгө салууда күч колдонбоого үндөй турганын билдирди. Шанхайдан "Азаттыктын" кабарчысы Венера Сагындык кызы кабарлайт.
Африканын Нигерия өлкөсүндө “Боко Харам” деген исламчыл топтун мектепте окуган кыздарды массалык түрдө уурдаганы жөнүндө кабар дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурду.
Ашхабадда миллиондогон долларлык заманбап ооруканалар курулса, айылдарда совет доорундагы имараттардын ичиндеги шарты адамдын зээнин кейитет.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жалпы жыйынында Кыргызстандагы улуттук азчылыктар, аялдардын укуктары, сексуалдык азчылыктардын зобун-зордукка кабылганы, кыйноолордун жайылышы, сот реформасына басым жасалды.
Орусиянын маалымат каражаттары Украинадагы кырдаал боюнча жалган маалыматтарды таратса, орус бийликтери аларга таянып жатканы сындалууда.
23-февралда украин парламенти президенттин милдетин убактылуу аткарууну парламенттин спикери, экс-премьер Тимошенконун партиялашы Александр Турчиновго жүктөдү.
Түркиянын интернетте чектөө киргизүү боюнча мыйзамы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнө карата сындын жаңы толкунун жаратты. Бул талаштуу мыйзам өлкөнү саясий кризистин босогосуна кептеген коррупциялык жаңжал менен жергиликтүү жана президенттик шайлоо алдында кабыл алынды.
29-январда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2014-жылдагы №001-14 фатвасын чыгарды. Бул фатвада айтылгандай, кумсалар же окшош жыныстагылар өз ара сексуалдык мамилеге барса, андайлар жараткандын каарына калат. Муфтияттын Конституцияга каршы келген фатвасы өлкөдө диний радикализмге түрткү болбойбу?
Чикагодо жашаган 24 жаштагы Нуржигит Капарбеков 29-январда күтүүсүз кырсыктын айынан каза тапты. Оор жүк ташыган машине айдаган Нуржигиттин өмүрүн алган кырсык Мичиган штатынын Детройт шаарында болгон. Күлгүн курагында жарык менен кош айтышкан жигиттин Америкага барганына эки жылга чукулдап калган.
Өзбекстандын окумуштуулары эмки жылы болочоктогу олимпиада чемпиондорун аныктоо үчүн балдарды генетикалык тестирлөөдөн өткөрө баштайт. Коңшу өлкөнүн мындай дымактуу идеясы канчалык колго алаарлык? Илимдин жетишкендиги деп санаса болобу?
Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө Рахат Алиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Альнур Мусаев буйрутма берген деп тапты.
Жекшембиде болжол менен 200 миңдей киши Киевдин Көз карандысыздык аянтына чыгып, президент Януковичтин Евробиримдик менен ассоциация түзүүдөн баш тартканына нааразылык акциясын улантышты.
Шаршембиге караган түнү Киевде ИИМдин атайын күчтөрү менен “Бүркүт” тобу Евромайданды курчоого алып, чабуул койду. Атайын операция башталгандан кийин Майданга келгендердин саны кескин арбып, күч кызматкерлери өз аракетин токтотту.
19-ноябрда Москвада Бажы биримдигинин комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Кыргызстанды бул уюмга кабыл алуунун жол картасы бекитилди. Биримдикке кирген үч өлкө даярдаган документ Кыргызстан менен макулдашылбагандыгын экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи.
"Центерра Голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон Кумтөр кенине байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.
Дагы жүктөңүз