«Рентонгрупп» компаниясына алданган аманатчылар 7-ноябрда кезектеги нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Октябрь революциясынын 87 жылдыгына карата көчөгө чыгышкан. Кыргыз өкмөтүнөн жардам жоктугунан улам эми аманатчылар Германия, АКШ жана Швейцариянын Бишкектеги элчиликтерине кайрылышууда.
Президент Аскар Акаев акыйкат башкарууну мындан ары өркүндөтүүнүн механизмдери жөнүндөгү жардыкка 25-октябрда кол койгон. Ага ылайык Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш жоюлду. Коррупцияны ооздуктоонун механизмдерин иштеп чыгуу милдети жүтөлгөн бул уюмду бир жылдан бери премьер-министр Николай Танаев жетектеп келаткан.
1-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны чет элдик кредиттерди кайтаруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын отчётун укту. Отчётто Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү, Борбор Азия кызматташтык жана өнүктүрүү банктары, «Жибек жолу» акционердик коомунун кредиттик долбоорлорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар тууралуу айтылат. Анда белгиленгенге караганда аталган кредиттер мамлекетке баш-аягы 1 миллиард 600 миллион сомдон ашык чыгым келтирген.
Бүгүн Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасынын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция болду. Ага өлкөдөгү жамааттык уюмдардын, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин, Эл аралык донор уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты. Бул жыйында президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү.
Бүгүн (жума күнү) Бишкекте Россия Федерациясынын Федералдык кеңеши менен Жогорку Кенештин Эл өкүлдөр жыйынынын палаталар аралык комиссиясынын бешинчи отуруму болду. Анда «Дастан» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын сатууга, эмгек мигранттарына жана энергетика тармагындагы кызматташтыкка байланышкан маселелер талкууланды.
Фридом Хаус эл аралык уюму АКШнын ЮСАИД уюму менен бирге Кыргызстандагы соттордун ишмердүүлүгүн иликтеп, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдады. Иликтөөдө негизги көңүл соттордун иштөө шартына, ачык-айкындыгына, териштирүүнүн акыйкаттыгына, айрым иштерди кароонун өзгөчө тартибине бурулган. Бирок, бул мониторинг сот системасында иштеген бардык эле сотторду канагаттандыра алган жок. Аталган иликтөөгө байланышкан долбоорду жыйынтыктоо максатында өткөн тегерек үстөлдө иликтөөнү кескин сынга алгандар да болду.
6-октябрда Бишкекте түрк цивилизациясына арналган экинчи эларалык конгресс ишин аяктады. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Резолюцияга ылайык кыргыз-түрк университетинин тутумунда илим изилдөө борбору түзүлүп, түрк цивилизациясына арналган эларалык журнал чыкмай болду.
Эки күндөн бери АКШнын коргоо тармагынын делегациясы Кыргызстанда иш сапар менен жүрөт. Делегацияны коргоо министринин Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Жеймс МакДугалл жетектеп келди. Бирок жолугушуулар чакан чөйрөлөрдө өтүп, аларга маалымат каражаттары чакырылган жок. Делегациянын башкы максаты - кызматташтыктын беш жылдык программасын биргелешип, иштеп чыгуу экенин Кыргызстандын коргоо министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бийликке ыктаган «Слово Кыргызстана» жана «Вечерний Бишкек» гезиттерин сотко бермей болду. Булардан тышкары КТР менен КООРТ телерадиокомпанияларын жана «Агым» гезитин кечирим суроого чакырууда. Акыйкатчы бүгүн уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бейшембиде апта башында парламент кабыл алган “Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга каржылык жардам берүү ниетин билдирди. Бирок АКШ өкмөтү мындай кадамга президент аталган мыйзамга кол койгон шартта гана бармакчы. Шайлоочунун бармагына белги коюуга уруксат берген бул мыйзамдын тарапкерлери аталган сунуш президентти мыйзамга кол коюуга түрткү бериши мүмкүн деген ойдо.
Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкердин арыздарын кабыл алуунун мөөнөтү 15-сентябрда аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы арыздардын санынан улам атаандаш шайлоону камсыз кылууга шарт бар экендигин белгиледи. Келерки төрт-беш күндүн аралыгында арыздардын негизинде шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттоого алышат. Ал эми 21-сентябрдан тартып талапкерлер үгүт иштерине киришет.
Шайлоо улуттук жана эларалык көзөмөл астында өтөт деген пикирин бүгүн Аскар Акаев шайлоо өнөктүгүнө даярдыктарга байланыштуу болгон жыйында билдирди. Өкмөт үйүндө өткөн бул жыйынга облустук, райондук жана жергиликтүү бийликтердин, тартип коргоо кызматтарынын, шайлоо комиссияларынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз өкмөтү өлкөнүн тоо өнөр жайы тармагында аткарылып жаткан иштер боюнча Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына сентябрь-октябрь айлары ичинде отчёт бериши керек. Депутат Орозбек Дүйшеев өкмөттүн маалыматына байланыштуу ушул аптада кабыл алына турган токтомдун долбооруна ушундай сунуш киргизди. Эгер бул сунуш депутаттардын колдоосуна арзыса, парламент маселенин алкагында кайрадан «Кумтөр» ишканасын реструктуризациялоонун оош-кыйыштарына кайрадан кайрылмакчы. Өкмөттүн жыл башынан берки иши боюнча маалыматты парламент дүйшөмбүдөн бери талкуулап жатат.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 6-сентябрдан бери кыргыз өкмөтүнүн жыл башынан берки ишмердүүлүгү боюнча премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын угуп жатат. Суроо-жооп иретинде уланган талкууда депутаттар тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн дээрлик бардык өңүттөрү козголду. Алардын катарында кыргыз-өзбек чегарасына байланышкан маселеле да бар.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 6-сентябрда жыл башынан бери аткарылган иштер боюнча кыргыз өкмөтүнүн маалыматын укту. Маалыматта негизги көңүл айыл чарба, күтүүсүз кырдаалдар, социалдык камсыздоо тармактарына байланышкан маселелерге бурулду. Премьер-министр Николай Танаевдин маалыматынан кийин депутаттар өкмөттүн ишин суроо-жооп түрүндө талкуулоого киришти.
1-сентябрда Кыргызстан аймагында билим күнү белгиленди. Бардык мектептер «Мекеним – Кыргызстан» деген темада сабак өтүштү. Жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттарга мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер да катышты.
Кыргызстандын журтчулугу 31-августта жер-жерлерде эгемендүүлүктүн 13 жылдыгын белгиледи. Ал эми Бишкек шаарында эгемендүүлүк күнгө арналган майрамдык иш чаралар аскердик парад менен башталды. Борбордук «Алатоо» аянтында өткөн салтанатка президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучи, Россиянын Пермь облусунун губернатору Василий Бочкарев баштаган чет өлкөлүк коноктор, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери катышты.
Бүгүн Бишкекте Россия менен Кыргызстан ортосунда «Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча тармактык кызматташтык тууралуу» макулдашуу кабыл алынды. Документке Россия тараптан баңги заттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Черкесов, ал эми Кыргызстан тараптан баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору Курманбек Кубатбеков кол коюшту.
“Рентонгрупп» компаниясына карата Ички иштер министрлиги кылмыш козгогондугуна 26-августта бир жыл болот. Өткөн айда бул кылмыш ишин 1-май райондук соту кароого киришкен. Бирок алданган аманатчылардын убарасын козголгон кылмыш иши деле, өкмөттүк комиссия деле жеңилдеткен жери жок. Бир жылдан бери аманатчылар нааразылык акцияларына чыгуу, ар кайсы жетекчилерге даттануу менен күн өткөрүп келатышат.
Бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев селектордук жыйын өткөрүп, анда чет жерден ооп келген кыргыздарга көмөк көрсөтүүнүн жагдайын талдоого алганы жатат.
Дагы жүктөңүз