Кыргыз өкмөтү тышкы карыздарды Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасы аркылуу жоюу маселеси боюнча акыл калчап турган чагы. Бирок, бул демилге коомчулукта бир тараптуу колдоого ээ болгон жери жок. Кыйла талдоочулар муну өлкөнүн аброюна доо кетире турган жаңылыш кадам катары баалап жатышат.
Бишкек шаардык соту Рысбек Акматбаев баштаган топко байланыштуу маркум Чыныбек Алиевдин туугандарынын арызын кароону убактылуу токтотту. Мындай чечим чыгарууга Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңешке депутаттыгына талапкер болуп катталышы негиз болуп берди.
Кыргызстанда 24-мартты майрамдоо боюнча уюштуруу комитети бул күндү иш күн эмес деп жарыялоо тууралуу сунушун өкмөткө тапшырды. Анын негизинде өкмөт чечим кабыл алары күтүлүүдө. Ал эми парламент мүчөлөрү муну мыйзамга төп келбейт деп эсептешет.
Коммунист-саясатчы, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков - Курманбек Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салмактуу салым кошкондордун бири. Анын администрация башчылыгына келиши эң ириде ыңкылап маалында сиңирген эмгеги менен байланыштырылат. Мурдагы президент Акаевден катуу ыдык көрүп калган катаал мүнөздүү коммунист Сыдыков мурдагы бийликти кулатып, өзүнө ыңгайлуу жетекчинин бийликке келиши үчүн катуу жан үрөгөнү тууралуу ыңкылап маалында кыйла эле айтылды. Бул жараянга моралдык эле эмес, материалдык да бараандуу колдоо көрсөткөндүгү тууралуу имиштерди саясатчы өзү төгүндөгөнү менен, бул эл оозунда ылакап болуп аликүнчө жашоосун улантууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы жаңы төраганын жүргүзө турган саясаты, парламенттин иш багыттары, бай жана кызуу кандуу саясатчы саналган депутаттын кандай төрага болору тууралуу маектешти.
Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев ээлеген кызматынан Эмгек кодексинин негизинде кетери тууралуу арыз менен Жогорку Кеңештин сессиясына кайрылаары күтүлүүдө. Төраганын кызматтан кетишине байланышкан жаңы жагдай парламенттеги саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
Акыркы учурда Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүү керектигин жергиликтүү саясатчылар эле эмес, айрым чет өлкөлүк серепчилер да жиликтеп талдай башташты. Саясатчылар убактылуу авторитардык башкаруу киргизилбесе, мамлекеттин тамырына доо кетиши мүмкүн деп болжошууда. Бирок, демократтар Кыргызстан үчүн артка кетүүгө жол жок деп санашат.
Төрага Өмүрбек Текебаевдин ордунда калышы өлкөдөгү саясий кырдаалды кайсы өңүткө бурушу ыктымал? Бул парламенттеги төраганын отставкасына байланышкан добуш берүүдөн кийин коомчулук көңүл бурган негизги маселелердин бирине айланууда.
Жогорку Кеңеш дүйшөмбү күнү жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Өмүрбек Текебаевди төрага кызматында калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Текебаевдин төрагалыктан кетиши үчүн 34 депутат добуш берди. Регламент боюнча арызды канагаттандырууга 38 добуш талап кылынат. Ошентип, төраганын кызматтан кетишине төрт добуш жетпей калды.
Бишкек райондор аралык соту «Кумтөр голд компани» ишканасынан жер салыгы үчүн 45 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Канадалык ишкана бул чечимди соттун кийинки инстанциялары аркылуу жандырууну максат кылууда.
Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков Кыргызстандын экс-президентинин жубайы Майрам Акаеваны сотко берди. Муну айрым талдоочулар мамлекеттик администрация башчысынын упай топтоо максатын көздөгөн саясий кадамы катары баалап жатышат.
15-февралда Бишкек райондор аралык соту «Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунан жер салыгын өндүрүп берүүнү сураган доо арызды кароого киришти. Доо арызды Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков менен Жетөгүз райондук мамлекеттик администрациясы берген.
Жогорку Кеңештин жетекчилигинин кызматтан кетүү чечимине келишине парламенттик көпчүлүктүн азыркы бийликтин саясаты менен келише албастыгы себеп болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев дүйшөмбүдө коомчулукка тараткан баяндамасында ушундай көз карашын билдирип, президенттин дарегине айткан сөзүн шылтоо катары белгиледи. Бирок, айрым талдоочулар төраганын кызматтан кетишине башка жол менен актоого мүмкүн болбогон одоно катачылык себеп болгонун белгилешүүдө.
Жекшембиде, 5-февралда Искра айылында дунган жана кыргыз улутундагы адамдардын ортосунда чыр-чатак ырбап, ок атылып, үй-жайлар таш бараңга алынып, өрт коюлуп, улут аралык чоң кагылышуу чыгып кете жаздады. Чатакты басууга милиция күчтөрү жиберилип, граната,тапанча менен куралданган төрт дунган кармалды. Айылдын жашоочулары балдары зөөкүрлүк кылып тажатты деп дунган үй-бүлөнүн алты адамынын айылдан көчүп кетишин талап кылышууда. Эки күндөн бери бул жакта болуп жаткан чыр-чатактарды тынчытуу максатында жергиликтүү калктын, бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз ара сүйлөшүү жүргүздү.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин саясатын эми атайын түзүлгөн ыктыярдуу коом колдомой болду. Коомду адилет министрлиги 16-январда каттоого алган. Бирок, мындай уюмдун түзүлүшүн коомчулуктун айрым өкүлдөрү президент Бакиевге пайдадан зыянды көп алып келе турган орунсуз кадам катары баалашууда. Муну экс-президент Аскар Акаевдин ушул өңүттөгү таржымалы менен көбүрөөк байланыштырып жатышат.
Коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев кызматтан кетеби-кетпейби – бул маселенин кыйла тыныгуудан кийин кайра көтөрүлүшүнө анын кол алдындагы кызматкеринин ички иштер кызматы тарабынан кармалышы шылтоо болду. Кыргызстандын башкы чекистин кызматтан кетирүүнү президентке парламент, жарандык коом бир нече ирет сунуштаган. Президент парламенттин акыркы сунушуна өз оюн айта элек. Кээ бир талдоочулар Коопсуздук кызмат башчысына байланышкан жаңжалды президент Коопсуздук кеңеши аркылуу чечиши ыктымал деп болжошууда.
Кыргызстанда улам барган сайын оор кылмыштын саны өсүп баратат. Айрыкча буюртма киши өлтүрүү токтогон жери жок. Ага каршы милиция кантип күрөшүшү керек? Бул коомчулук козгогон олуттуу маселелердин бирине айланды.
Жогорку Кеңеш «Манас» аба майданы турган жер аянтын толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүүнү шарттаган мыйзам долбоорун даярдоого киришти. Төрага Өмүрбек Текебаевдин демилгесинде даярдала баштаган бул долбоор кабыл алынса, “Манаста» жайгашкан чет өлкөлүк аба-аскерий база жер үчүн ижара акысын айрым юридикалык тараптарга эмес, мамлекетке төлөп калат.
Президент Курманбек Бакиевдин абийир, ар-намысын коргоо максатында айрым журналисттерге жана саясатчыларга Бишкек шаар прокурорунун берген эскертүүсү коомчулукта аша чабуу катары сыпатталып жатат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы муну өлкөдөгү кризистик жагдай үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик органдар маалымат каражаттарынын мойнуна коюу аракетин жасап жатат деп баалады.
Кыргызстанда кезектеги референдум 2006-жылдын акыркы үч айынын бирине белгиленип, анда эл өлкөнү башкаруунун формасын аныктайт. Мамлекет башчы муну тастыктаган жардыгын 5-январда чыгарган. Бирок, азыркы бийлик өзүнүн ордун бекемдөө аракетин жасап жатат деп санаган айрым саясий күчтөрдүн баамында референдум коомду кайрадан чыңалууга кирептер кылышы ыктымал.
Дагы жүктөңүз