Өтүп бараткан аптада Кыргызстандын тарыхында оор кырсык катталды. Жергиликтүү “Итек эйр” авиакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 үлгүсүндөгү аба учагы “Манас” аба майданына жакын жерге кулап, анда 65 адам мерт болгондугу, 25 адам жабыр тарткандыгы жамы журттун үрөйүн учурду. Кырсык өлкөдөгү аба каттам тармагынын проблемаларын коомчулукка өзү менен кошо алып чыкты.
Өтүп бараткан аптадагы башкы окуялардын бири – “Акыйкат үчүн” кыймылынын кыйла убакыт тыныгуудан кийин кайрадан чогулуп, бир үстөлгө отурушу болду.
Жергиликтүү кеңештерге 5-октябрдагы шайлоодо “Ак шумкар” менен “Ата Мекен” партиясы бири-бирине колдоо көрсөтөт жана ар кандай саясий акцияларда бирге аракеттенишет. Мындай чечим бүгүн аталган партиялардын саясий кеңештеринин Бишкектеги биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Буга чейин ушундай эле макулдашуу “Ата Мекен” жана Социал-демократтар партияларынын ортосунда болгон.
Оппозициялык күчтөрдүн “Акыйкат үчүн!” кыймылы өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык кырдаалга канагаттандырарлык эмес деп баа берди. Мындай тыянакты кыймыл жайкы тыныгуудан кийин бүгүн (20-август) өткөргөн кезектеги отурумунда чыгарды. Оппозициянын мындай баасын бийликтин тарапкерлери оппозициянын кезектеги эле негизи жок сыны катары кабылдап жатышат.
Президент Курманбек Бакиев «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жүрүштөрдү эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизген мыйзамга 6-августта кол койду. Узак тыныгуудан кийин кол коюлган бул мыйзамды жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар тынчсыздануу менен кабыл алышты.
Президент Курманбек Бакиев узак тыныгуудан кийин, 6-августта “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул укук коргоочулар арасында нааразы пикирлерди жаратууда. Президенттин бул кадамына карата “Азаттыктын” суроолоруна таңкы түз ободо «Кылым шамы» укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова жооп берди.
АКШга таандык курал-жарактардын Бишкек четиндеги бир үйдөн кармалышына байланышкан окуяны кечээ эки тараптын тиешелүү расмий өкүлдөрү талкуулап, аскерий окууларды уюштурууда Кыргызстандын айрым мыйзамдары сакталбай калган деп тапты. Кечээ Ички иштер министрлиги Бишкектин түштүк чет жакасында америкалык атуул ижарага алган бир үйдө 4-августта чоң өлчөмдө курал-жарактар табылып, окуя тергөөгө алынгандыгын жарыялаган. АКШ элчилиги бул курал-жарактар Бишкекке тийешелүү кыргыз мекемелеринин толук кабардар болушунун шартында жана биргелешкен аскерий машыгуу үчүн алынып келингендигин маалымдаган. Бейрасмий булактар ызы-чуунун чыгышына Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда өз ара маалымат алмашуу болбогондугу түрткү болгондугун айтышууда.
Апта башында көз карандысыз “Де-факто” гезитинин баш редакторуна каршы козголгон ишти Биричи май райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасына кайра тергөөгө жиберди. Ушул эле аптада Биринчи май райондук соту гезитти дагы 2 миллион сом доого жыккандыгы маалымдалды.
28-июлда Биринчи май райондук соту “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова менен “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатовго каршы козголгон кылмыш ишин кайра тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурага кайтарды. Ушул эле күнү “Де-факто” гезитине жарандык негизиндеги эки арызга ылайык Биринчи май райондук соту тарабынан 2 миллион сом айып салынгандыгы маалымдалды. Июнь айынын ортосунда Бишкек шаардык прокуратура “Де-факто” гезит атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен кылмыш ишин козгогон болчу.
Бишкек шаардык кеңеши президент сунуш кылган шаар башчысын 17-июлда шайлап берди. Башка кызматка которулган мурдагы мэр Данияр Үсөновдун ордуна эми темир жолчу Нариман Түлеев келди. Президенттин кадрдык бул которуштуруусу коомдук-саясий чөйрөнүн талкуусуна арзыган апта ичиндеги башкы окуя болуп калды.
Он күндөн ашык убакттын бери бир катар укук коргоочулар президент Курманбек Бакиевди “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуусу жөнүндөгү” мыйзамга кол койбоого чакырууда. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн укук коргоочулардын талаптарын негиздеген бир катар документтерди президенттик администрацияга тапшырды. Бул маселе эртең ЕККУ төрагасы Александр Стуббдун Бишкектеги жолугушууларында да талкууланары күтүлүүдө.
Кыргызстанда дагы бир саясий кыймыл түзүлдү. Кыргызстандын башында жүргөн мурунку коомдук-саясий ишмерлер “Бирдиктүү Кыргызстан” деген ат менен жаңы кыймыл түзүп ишке киришкендиги өтүп бараткан аптадагы маанилүү окуялардын бири болду. Өлкөдөгү көп сандаган кыймылдардын катарына кошулган дагы бир кыймыл эмнеси менен айырмаланышы мүмкүн?
“Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова АКШнын “Эркиндиктин коргоочусу” сыйлыгына арзыды. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс негиздеген бул сыйлыкка жарандык коому күжүрмөн өнүккөн Кыргызстан алгачкы ирет татыктуу болуп отурат. Ошол эле мезгилде жарандык лидерлер Кыргызстанда адам укуктарын коргоо артка кеткендигин эскертүүдө.
“Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу күз айларында өлкөдө элдик толкундоолор болушу мүмкүн деп болжоп, аны алдын алууга президент Курманбек Бакиевди чакырууда. Саясатчы эки күн мурун жазган катында --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/AB6951F2-05C4-465F-91F8-6FA984D9A7BF.asp президентке тегерек үстөл уюштурууну сунуш кылды. Бийлик өкүлдөрү жана аларга жан тарткан тарап болсо социалдык чыңалуулар тууралуу божомолдорду оппозициянын кезектеги ойлоп тапканы катары карашууда.
Президент Курманбек Бакиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/BC4C40D2-D7BC-4D66-92DD-9E40C0FF740E.asp өзүнүн биртууган иниси Жанышты Мамлекеттик коргоо кызматынын өздүк курамына башчы кылып дайындады. Президент жаңы орунга дайындоодо Жаныш Бакиевдин кесипкөйлүгүнө маани берди. Бул тууралуу жаңы жетекчини иш ордуна отургузуп жатып президенттин кеңешчиси Токон Мамытов билдирди. Ошол эле мезгилде бул дайындоо коомчулукта түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда.
Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров кызматынан алынып, анын ордуна депутат Айтибай Тагаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/E287809B-5462-4461-87B9-411971FDF091.asp төрага болду. Ушуну менен бир апта бою уланган парламент чатагына чекит коюлду. Ошол эле мезгилде президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын төрагасы катары Жогорку Кеңеш төрагалыгына чоң саясатта өзүн көрсөтө элек депутатты сунушташы көпчүлүккө күтүүсүз болду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/06752DDA-7A90-4740-9FE4-C3283399D621.ASP алмашуусу коомдук-саясий чөйрө талкуулап жаткан башкы окуя болууда. “Азаттыктын” сурамжылоосуна караганда, бул саясий окуяга саясатчылар менен талдоочулардын берген баалары бир кылка эмес.
Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” партиясында чыр чыкты. Буга төрага Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин имаратынын ичин жаңылоо жөнүндөгү токтом долбоорун парламенттен өткөрүү аракети себеп болду. Токтом долбоорун “Ак жол” фракциясы дагы, бюджет комитети дагы колдогон жок. Ошол эле мезгилде байкоочулар бул документ президенттин айланасындагы саясий күчтөрдүн көптөн бери келаткан тымызын тирешин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/CFFEC010-2262-4633-8E1F-63646475D966.asp ачыкка чыгаргандыгы менен тарыхта калды деп жатышат.
Бүгүн Бишкекте “Замандаш” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/FEB08194-EED8-4BE8-BC77-FDC28AD39C7C.asp саясий партиясынын экинчи курултайы өтүп, ага 102 делегат катышты. Курултайда партия уставын жана программасын жаңы редакцияда кабыл алып, саясий кеңешинин мүчөлөрүн шайлады.
Оппозициялык күчтөрдөн куралган “Акыйкат үчүн”кыймылы өтүп бараткан аптада кезектеги Координациялык кеңешин өткөрдү. Анда кыймылдын карамагындагы Коомдук парламенттин кезектеги отурумунун мөөнөтү, күн тартиби аныкталды. Ошол эле учурда талдоочулардын кыйласы оппозициянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/A33CEB49-F65A-48E3-A847-8372767A8AC9.asp аракеттери майнапсыз деп жатышат. “Апта окуясы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында кеп учугу ушул маселенин айланасында болот.
Дагы жүктөңүз