Саясий серепчи Бакыт Орунбеков саясий партияларды ирилештирүү зарыл, чакан өлкө үчүн жүздөн ашуун партия өтө эле көптүк кылат деп эсептейт.
Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүнүн айланасында “Ысык-Көл ынтымагы” коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири Аскат Абылдаевди сөзгө тарттык.
Бүгүн дүйнө коомчулугу Тынчтык күнүн белгилөөдө. Бул күндү БУУ 1981-жылы негиздеп, зордук-зомбулукка, ок атууга каршы кызматташууга баардык мүчө мамлекеттерди үндөгөн эле.
Эртең Кыргызстанда адам укуктары боюнча даректүү фильмдердин “Бир дүйнө” фестивалы ишин баштайт. Бул фестивалдын алкагында бүгүн кинорежиссерлор тегерек үстөл өткөрмөкчү.
Кыргыз парламенти Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан СДПнын фракция мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратты.
ЖК бүгүн СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратты. Буга Башкы прокуратуранын сунушу негиз берди.
“ Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укуктары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору даярдалды.
Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча президент көтөрүп жаткан мыйзамдык демилгелер кызуу талаш-тартышка жем таштады.
Президент К.Бакиев өткөн аптада көп тармактуу реформа жүргүзүү ниетин билдирди. Бирок аны ишке ашыруунун жол-жобосу али белгисиз бойдон турат.
Кыргызстанда дагы бир орус аскер базасын жайгаштыруу аракеттери ушул күздө Борбор Азия алкагындагы аймактык саясатта башкы маселеге айланчудай.
№1 Тергөө абагындагы үч активист өздөрүнүн таякталгандыгы тууралуу маалыматты тастыктабады. Бул укук коргоочуларды ынандыра алган жок.
"Кылым шамы" укук коргоо уюму терроризмге, экстремизмге каршы күрөштө адам укуктарын сактоону талап кылып, Улуттук коопсуздук комитетинин алдында пикет өткөрдү.
Кыргызстанга Орусиянын аскер бөлүгүн жайгаштыруу ниетин билдирген меморандум апта ичинде талкууга түшкөн талылуу маселе болду.
Туристтик жайкы маал кандай өтүп жатканы тууралуу суроолорго Мамлекеттик туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашев жооп берди.
Орусиянын экинчи базасын Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча меморандумдун оош-кыйыштары туралуу саясат таанучу Карыбек Байбосунду сөзгө тарттык.
Кайрадан шайланган президент К. Бакиевдин алдыдагы беш жылга алган багыты тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаевди сөзгө тарттык.
Кыргызстанга Орусиянын кошумча аскер күчтөрүн киргизүү боюнча меморандумга кол коюлушуна байланыштуу УКМК кызматкери Т. Разаковду кепке тарттык.
Президенттикке кайра шайланган Курманбек Бакиевдин тушундагы абал тууралуу саясий серепчи Бакыт Орунбековду сөзгө тарттык.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бүгүн 60 жашка чыкты. Мааракеге аралаш анын экинчи мөөнөткө президент болгону жарыяланды.
Конституциялык Сот президенттик шайлоону таанып, Курманбек Бакиевди мыйзамдуу президент деп жарыялады. Депутаттын кайрылуусу кароосуз калды.
Дагы жүктөңүз