БУУнун балдар укуктары жөнүндө Конвенциясы кабыл алынганына эртең 20 жыл толот. Буга байланыштуу Кыргызстандагы балдар укуктарынын абалы тууралуу Балдар укуктарын коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекованы сөзгө тарттык.
Петровка окуясы боюнча сот ишиндеги акыркы жагдайлар тууралуу суроолорго бул ишке коомдук коргоочу катары катышып жаткан Бөдөш Мамырова жооп берет.
Башкаруу реформасы мыйзам бузуу аркылуу өтүп жатат деп эсептеген “Ата Мекен” партиясы Конституциялык Сотко кайрылганы жатат.
Мамлекеттик башкаруу реформасынын мыйзамдык негиздери тууралуу суроолорго ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев жооп берет.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жылуулук жана электр кубатына баа көтөрүлүшүн элге жана экономикага каршы саясат катары баалайт.
Техника илимдеринин доктору, профессор, коомдук-саясий ишмер Карыпбек Алымкулов жылуулук менен электр кубатына бааны көтөрүүдө эсептер ачык эмес, түшүнбөстүктөр арбын деп эсептейт.
“Ак жол” Өлүм жазасын алып салууга багытталган саясий, жарандык укуктар жөнүндө эл аралык Пакттын 2- Факультативдик протоколуна каршы чыкты.
Бүгүн “Кылым шамы” укук борборунун демилгеси менен бир катар укук коргоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, репрессия курмандыктарын эскеришти.
7-ноябрь - Кыргызстанда басма сөз күнү. Бул сөз эркиндигин ар кыл өңүттө талкуулап, журналисттин коопсуздугуна кайра кайрылууну шарттады
Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу өкмөт алдындагы маданият агенттигинин жооптуу өкүлү Ороз Айдаровду түз ободо сөзгө тарттык.
Ооганстандагы президенттик шайлоого байланыштуу соңку кырдаал боюнча Кыргыз Улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинин деканын орун басары Самат Бекибаевди сөзгө тарттык.
Президент К.Бакиевдин кичүү уулу Максим мамлекеттик жогорку кызматка келди. Бул дайындоо мураскордукка камылга катары бааланууда.
23-июлдагы Балыкчы окуясы боюнча камалган оппозиция тарапкерлери ачкачылык жарыялашына байланыштуу Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди сөзгө тарттык.
Балыкчы окуясы боюнча камалган СДПнын он тарапкери 27-октябрда ачкачылык иш-чарасын баштады. Айыпталуучулар калыс сотту, мыйзамдуу чечимди талап кылышууда.
АКШнын транзиттик борборунда жайгашып турган Испания менен Франциянын аскер күчтөрү Кыргызстандан чыгып кетти. Кыргыз тарап анын себеп-жайын расмий ачыктай элек.
Башкаруу реформасынын алкагында дин иштери боюнча агенттик өкмөттүн карамагынан бөлүнүп, өз алдынча комиссия болуп түзүлдү. Анын алдында өлкөдөгү дин коопсуздугун чыңдоо, дин саясаты боюнча агартуу иштерин күчөтүү милдети турат.
СДП фракциясынын мүчөсү Руслан Шаботоев былтыр 30-сентябрда дайынсыз жоголуп, быйыл 30-сентябрда анын сөөгү табылды.
Өзбекстан Кыргызстанга газды качан толук берери карыз акчаны кайтаруудан көз каранды. Бул үчүн азыр өкмөт "Кыргызгаз" менен бирге акча издөөдө.
СДП фракциясы менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу эмне үчүн болбой калганын билүү үчүн президенттин ЖКдагы өкүлү Досалы Эсеналиевди сөзгө тарттык.
Өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө жекече сунуштар Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтылары менен эле парламенттеги коммунисттер фракциясы Баш мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап баштаганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз