Жаңы Кыргызстандын алгачкы чейрек кылымында калыптанган саясий элитанын далайы өнүгүү жолундагы чукул бурулуштарда четке сүрүлүп, далайы саясий күрөштөрдө мөрөй алып, мамлекеттик бийликти да, байлыкты да тескеп келе жатат.
Башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыкка" маек куруп, парламент депутаттарына козголгон кылмыш иштер, Батукаев маселеси жана башка суроолорго жооп берди.
Кыргыз эл артисти, булбул үндүү опера ырчысы Дарика Жалгасынова "Азаттыктын" "Сыябанына" келип, өзүнүн ырчылык өмүрү, музасы жана куурчактары тууралуу сырлары менен бөлүштү.
Жаңы бириккен “Республика - Ата-Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев “Эки-бир” форматында “Азаттыктын” кабарчылары Бурулкан Турдубек кызы менен Айданбек Акмат уулунун суроолоруна жооп берди.
Атайын кызматтардын иликтөөлөрүнө караганда аялдар арасында диний экстремизм менен алектенгендердин катары өсүп баратат.
"Азаттык" “Сен жөнүндө поэмасы” аркылуу даңкы далайга кеткен айтылуу эл акыны Омор Султанов менен адамгерчилик, бийиктик, жалгыздык, сүйүү жана башка түбөлүктүү темалар тууралуу баарлашкан.
СССРдин акыркы тышкы иштер министри, Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе 87 жаш курагында дүйнө салды. Маркумду ошол кездеги Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, экс-президент Роза Отунбаева эскерет.
Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов 11-июнда 79 жаш курагында дүйнө салды. Быйыл жазда "Азаттык" менен маегинде ал кыргыз тили, "Манас" эпосу, дин, азыркы кыргыз коомунун көйгөйлөрү тууралуу ой-толгоосун айткан эле.
Укук коргоочу: Июнь окуясынын жарасы айыгып келатат
Кыргызстан Демократиялык кыймылынын түзүлгөнүнө быйыл 24 жыл болду. КДКны негиздөөчүлөрдүн бири, легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу Казат Акматов кыймылдын Демократиялык Кыргызстанды түптөөгө кошкон салымы, тарыхтагы орду тууралуу маек курду.
Балдардын укуктарын коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү боюнча жаңы ишке киргизген жобосуна өзгөчө пикирин билдирди.
Кыргызстанда жетим балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү эки жылдык тыныгуудан кийин кайрадан жанданды. Бала асыроо боюнча жаңы жобонун башкы өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттыкка” Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтып берди.
Мамытов: Мени “наркобарон” да, “шпион” да кылышты
Коопсуздук иштери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Жаңы куралган өкмөт экономиканы өнүктүрүү багытында жаңы кадамдарды жасоону көздөп жатат.
"Легендарлуу парламент” деген ат менен таанылган Кыргыз ССР Жогорку Советинин он экинчи чакырылышынын таркатылганына быйыл күздө жыйырма жыл болот.
Бишкектеги орусиячыл бир коомдук уюм Орусия Кыргызстан менен кош жарандык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоого барууга кызыкдар экенин айтып чыкты.
Дин таануучу Самаган Мырзаибраимов Кыргызстан муфтийин шайлаган мусулмандардын акыркы курултайы мамлекет менен муфтияттын бирге кадам жасай аларын көрсөттү деп эсептейт.
Белгилүү коомдук-саясий, маданий ишмер Дооронбек Садырбаев тирүү болгондо 13-февралда 75 жашка чыкмак.
Дагы жүктөңүз