Кыргызстан жарандардын укуктарын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган миграция саясатынын долбоорун даярдоого киришти. Буга Бажы биримдигине кирүү демилгеси да түрткү болууда.
“Азаттыктын” “Эки - бир” видеомаегинин кезектеги коногу – Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине эки жыл болду. Алты жылдык мөөнөткө бир ирет шайланган Кыргыз президентинин алгачкы эки жылы кандай өттү?
КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина жалган маалымат үчүн кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алгандыгын жарыялады
4-ноябрда кыргызстандык укук коргоочулар тобу Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында “Орус маршын” сындаган эки акция уюштурушту.
Токсонунчу жылдары Орусияга иш издеп кеткендердин далайы бүгүн бутуна туруп, кыргыздардын жаңы толкунун пайда кылды.
Нурланбек Эрназаровду Бирюлево районундагы тополоңдон кийин полиция кармаган.
Бишкекке Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин келди.
Өкмөт диний миссионерлердин мыйзамсыз аракеттерине административдик чара көрүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады.
Красноярск крайындагы кыргыз диаспорасынын жаштар канатынын жетекчиси Сүйүн Келдибаев менен маек.
Эртең Бишкекте Шанхай кызматтык уюмунун саммити өтөт. Анда уюмга мүчө мамлекеттер Сирия менен Ооганстандагы абал тууралуу позициясын билдирери маалым болду. Бирок андан жыйынтык чыгабы? Бул тууралуу суроолорго тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов жооп берди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Красноярск аймагына, Хакасияга сапары тууралуу маек.
Кыргызстан Орусиянын федералдык бажы кызматынын транзиттик жүк ташууларга чектөө киргизген чечимин кайра кароону сурады.
Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоо учурунда чыккан чатак саясий партиялар өз кызыкчылыгын кылмыштуу топтор аркылуу коргоого өткөнүнүн белгисиби? Бул маселени Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров арай көз чарай талкуулады.
Кара-Суудагы шайлоо жаңжалына сереп.
Кыргызстанда жана чет өлкөдө диний билим берүүнүн мыйзамдык негиздери түзүлбөй, анын натыйжасында башаламандык орун алууда. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Табылды Орозалиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Кыргызстандагы дунгандар диаспорасы Достук айылындагы чыр улут аралык чатакка айланып кетпесе экен деп кооптонуп жатат.
Кумтөр алтын кенин жөнгө салуу боюнча Centerre Gold Inc менен кыргыз өкмөтүнүн кезектеги сүйлөшүүсү башталат.
Дагы жүктөңүз