Мамлекеттик ишмер, академик Жамин Акималиев комузчулук, обончулук, ырчылык өнөрү аркылуу да таанымал. Ал айтылуу Муса Баетов, Атай Огомбаев, Бектемир Эгинчиев баштаган чыгаан өнөрпоздорду көрүп, шыктанып, алардын өнөрлөрүн даңазалап келатат. Акималиев бала кезде жолуккан ошол даңазалуу таланттар,
Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева жетимиш жашка чыкты. Отунбаева Борбор Азия менен КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал.
Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Жамал Ташибекова 11-августта 83 жашында каза болду.
Август айынын биринчи жумасы - Үркүндү эскерүү күнү. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 2008-жылкы чечими менен жыл сайын август айынын биринчи жумасы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн, анын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) дүйнөдөн кайтты.
Көп улуттуу Кыргызстанда жарандарга “акылдуу, билимдүү, маданияттуу жана таза адам” деген гана баа берилиши шарт.
Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев “Азаттык” радиосуна маек куруп, эгемен Кыргызстанды түптөп, куруу жолундагы саясий элитанын, президенттердин, парламенттин, элдин жоопкерчилиги, кадр сабатсыздыгы, коррупцияга каршы күрөштүн абалы тууралуу ойлору менен бөлүштү.
«Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жузүнчү ыры», «Адамдын тагдыры» өңдүү чыгармалары менен даңазаланган Кыргыз эл акыны Омор Султанов быйыл 85 жашка чыгат.
Көп кырдуу таланттын көрөңгөсү, чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу “Азаттыктын” журналисттери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова маектешти.
Мезгилсиз дүйнө салган чыгаан төкмө акын, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди кыргыз-казак маданият ишмерлери “Азаттыктагы” тегерек үстөлдө эскеришти.
Кыргызстанда жаңы коронавирус илдетин жайылтпоо максатындагы чектөөлөр үй-бүлөдөгү ата-эне менен баланын мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн? Психологиялык чыңалууларды кантип кыйгап өтсө болот? Ушул жана башка суроолорго ата-эне жана балдар педагогу Асылбек Жооданбеков жооп берди.
Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.
Коомдук ишмер Роза Айтматова саясий куугунтукка кабылгандардын жаңы басылып чыккан 10 томдук китебиндеги тизмеден репрессия маалында айдалып кеткен 24 жаштагы агасы Рыскулбек Айтматовду тапты.
“Азаттыктын” “Эки-бир” форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештин, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, адамдын кадыры, өмүрдүн, бакыттын баасы, рухий дүйнөнүн парасаты, даңазанын жүгү тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Кыргызстан коронавирус көп жайылып жаткан беш өлкөнүн жарандарынын каттамына чектөө киргизди жана кыргызстандык жарандарды чек аралардан ички паспорт (ID-карта) менен каттоого тыюу салды. Коронавирус тобокелдигин алдын алуу максатындагы ушул убактылуу чаралар жана башка маселелер тууралуу вице-премь
"Азаттык" радиосунун белгилүү иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева “Азаттыкка” келип, Уланбекти тааныган тогуз жылы, чогуу жашаган бактылуу тогуз айы, Уланбексиз өткөргөн кайгылуу эки жылы, артында калган уулу,
“Бир бол” партиясынын жана Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов коалициялык көпчүлүктүн мамлекетти башкаруудагы жоопкерчилиги, өксүгү, коррупциянын тамыр жайышынын, парламенттин сынга кабылышынын себептери өңдүү суроолорго “Азаттыктын” 2х1 форматында жооп берди.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев. Маектин өзөгүн бийлик бутактарынын мамлекетти башкаруудагы салмагы, Жогорку Кеңештин, саясий партиялардын кадыр-баркы, Евразия экономикалык биримдиктеги Кыргызстандын орду, кылмыштуу топтор
Дагы жүктөңүз