"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бишкекте публицист, акын-котормочу Алым Токтомушев менен акын Шербет Келдибекованы эскерүү кечеси өттү. Адабияттын кош жылдызы аталган калемгер жубайларды эскерүүгө замандаштары, жакындары жана шакирттери чогулду.
"Данисте" бул жолу Түркияда иштеген кыргызстандык мигрант аялдардын иши, жашоосун көрсөтөт.
Залкарлар чыйырын улаган кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү. Бишкекте Сталиндик репрессиянын белгисиз калган каармандары эскерилди. Таластагы балдар интернатынын имаратына башка лицейдин көчүп келиши талаш жаратты. Жалал-Абад шаарындагы жаңы базар маселеси.
Журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.
Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 70 жашка толду. Анын маарекесин утурлай республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар пландалган.
Баткенде үйсүз калган жашоочулар курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда. Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 15 жылдын жүзү болду. Түштүк Кореяда кунжут майын, чыгарып иштеген журтташыбыз Саадат Галымбетова. “Данисте” берүүсү жаңы чыгарылышында ушул сюжеттерди сунуш кылат.
Саадат Галымбетова Түштүк Кореяда кунжут майын чыгарып иштейт. Кунжут майы корейлердин улуттук тамак-ашына кошулчу негизги азык. Төрт жылдан бери Түштүк Кореяда иштеген келин корей элинин тилин, дилин мыкты билет.
Түштүк Кореядан бир жыл ичинде башка өлкөлөргө 1,5 миллондон ашык автоунаа сыртка сатылат. Автоунаа экспорттогон ондон ашык компания кыргызстандык ишкерлерге таандык. Алардын бири Ильяз Токторбаев күнүгө Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга жүзгө жакын унаа жиберет.
“Азаттык” мындан ары да чет жердеги мигранттардын турмушуна "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун алкагында кенен кайрылып турат.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта Баткендеги үй-жайын таштап качкан 136 миң адамдын 5,5 миңдейи башка облустарга чыгып кеткен. Ушу тапта Бишкек жана Чүй облустарындагы мамлекеттик имараттарда, туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жаткандар бар.
"Данисте" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышын Баткенде чек арада элин-жерин коргоп, курман болгон жоокерлерге арнайбыз. Аскерден кайтаарына аз калган Бекболсун Ырысбек уулу жакында 23 жашка толмок. 26 жаштагы Бейкут Алмаз уулу чек арада өтөгөн кызматы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган эле.
Баткенге жардам: ыктыярчылар күнү-түнү иштөөдө
Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар Түштүк Кореянын Каннын шаарына 2018-жылы Олимп оюндарына даярдык жүрүп жатканда жумушка барган. Деңиз боюнда жайгашкан шаарда жатакана, конок үйлөрү арбын.
Түштүк Кореяда Кыргызстандын 7 миңден ашуун жараны жашап иштейт. Алардын катарында эмгек келишими менен келгендер, орус паспорту менен мыйзамсыз иштегендер, студенттер же этностук корейлер бар. Миңдеген чакырым алыска ийгилик издеп келгендер үйүн сагынып, куса болсо да кара жанын карч уруп жүрүшөт.
Үркүн окуяларына арналып, Бишкектен 5-августта башталган эскерүү жүрүшү 14-августта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда аяктады. Катышуучулар Тосор айылындагы Кыргын-Сайга барып, кыргындын курмандыктарын эскеришти. Бул жерде 300-500 адам жапырт өлтүрүлүп, 13 жаштагы кыз аман калганы айтылат.
Британиялык 18 жаштагы эки кыз Чүй облусундагы балдар үйүндө бир нече күн жашап, тарбиялануучуларды кароого жардам беришти. Алардын бири Британиянын Кыргызстандагы элчисинин жээни. 190дон ашуун бала тарбияланган жайга чет элдик ыктыярчылар келерки жылы да кайтып келүү ниетин билдиришти.
Украинага кол салгандан кийин Орусия эл аралык санцияларга илинип, айрым орусиялыктар башка өлкөлөргө чыгып кетүүдө. Алардын жаздан бери Бишкекке келип жайгашкандары жүздөп саналат. Орусиялыктар Кыргызстанды эс алууга, убактылуу баш калкалоого, иштөөгө ыңгайлуу дешет.
Белгилүү журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү. Бул эмгек автордун он беш жашынан бери жазып келген күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Анда автордун ички сезимдери, балалык чагы, студенттик турмушу,
26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Укук коргоочулар Кыргызстанда тергөөдө, жабык жайларда кыйноого кабылгандар ондоп саналарын айтып келишет. Күч органдарынын ур-токмогу, көрсөткөн түрдүү кыйноолору коомдо ачык айтылбай, зомбулук көргөндөрдүн үнү көп учурда угулбай келет.
Дагы жүктөңүз