"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, юридика илиминин доктору Карпек Курманов 90 жашта. Ал өз жанынан миллион сом чыгарып, узуну 250, туурасы 6 метрлик жолго брусчатка төшөдү. Карпек Курманов кылган иши капчыктуу ишкерлерге үлгү болсо деп үмүттөнөт. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Ку
"Азаттык" Бишкектеги №2 төрөт үйүнө барып, акушер-гинекологдор, жаңы көз жарган аялдарга жолугуп, төрөттөн кийин кантип тыңыш керек деген суроого жооп издеди. Төрөгөндөн кийинки аял ден соолугуна жакшы кам көрбөсө, ал өлүмгө да алып келиши мүмкүн экенин адистер тынбай айтып келишет.
Бишкекте республикадагы мектептер аралык театралдык фестиваль өтүп жатат. Жыл башынан бери биринчи-экинчи айлампада кароо-сынактарда жеңгендер республикалык деңгээлде ат салышты 23-мартта баштады. Үчүнчү айлампанын жыйынтыгы 25-мартта белгилүү болот. Мектеп театрларынын таймашыТоктоболот Абдымомуно
Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүндө оор абалда жаткан 8 жаштагы Адахан Узаковду атасы жалгыз карап жатса, 1-4-5 жашар наристелерди 9 жаштагы секелек Гүлгаакы өзү жалгыз багууда. Оор дарттын диагнозу аз келгенсип, балдар жакырчылыктан жабыркап, ата-эне мээримине суусап турушат. Кыргызстанда акыркы мезгилде балдар арасындагы кургак учук кулач жайганы айтылууда.
Оппозиция менен бийликтин кайым айтышы
Бир катар жарандык активисттер чек арадагы кырдаалга байланыштуу Ак үй алдына нааразылык акцияга чыгышты.
Бүгүн Бишкекте Жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search for Common Ground) бейөкмөт уюму уюштурган "Ислам жана тынчтык" интеллектуалдык оюну өттү. Оюнга өлкөнүн жети дубанынан келген жаштар, аялдар, имам-молдолор жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Өкмөт турак жай салууга жана сатып алууга арзан кредит бөлүүнүн моделин иштеп чыгып беш миллиарддан ашуун акча бөлгөнүн айтат.
Development Solutions Network жана Колумбия университетинин Жер институту дүйнө өлкөлөрүнүн бактылуулук индекси боюнча иликтөөсүн жарыялады. Анда Кыргызстан тизменин ортосунан орун алса, кээ бир бай мамлекеттер алдыңкы орунга илинбей калышты.
Бүгүн Бишкектеги Медиа Форумдун имаратында Аксы окуясынын 14 жылдыгы жана 2010-жылдагы оппозициянын курултайынын алты жылдыгы эскерилди.
УКМКнын алдына Медакадемиянын ичинде каза тапкан Абдыкерим Гапаровдун жакындары митингге чыкты. Алар Гапаровдун өлүмүнө себеп болгондордун иштен кетишин жана соттун чечими адилеттүү аякташын талап кылышты.
40 жаштагы Айзада Кожобергенованын эки буту тубаса шал оорусуна чалдыккан. Ал буга чейин жөргөлөгөн абалда батирден батирге көчүп, күн өткөрүп келген. Эми минтип кайрымдуу жарандардын жардамы менен ага салынган үй бүтөөр алдында турат.
Кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялдык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү - Үркүн жөнүндө жаш муун канчалык деңгээлде кабардар экенин билүү максатында "Азаттык" жаштарга микрофон сунду.
Кыргыз өкмөтү электр энергиясындагы жоготууларды 12 пайызга чейин төмөндтүүнү максат койду. Көз карандысыз энергетиктер, өкмөт үмүт арткан акылдуу эсептегичтер эскинин калдыктары экенин, ал жабдууларды башка өлкөлөрдөн сатып алууда оңбогондой коррупциялык аралашуулар бар экенин айтышууда. Электр эне
Үч айдан бери Бишкектин ири соода күркөлөрүндө кардарларга био баштыктар сунуштала баштады. Бирок кээ бир бишкектиктер эко баштыкты бир сомго сатып алуудан баш тартып, көнгөн адатынча бекер желим баштык сурашат.
Жалал-Абадда короз уруштуруу оюндарынын быйылкы сезону аяктап баратат. Ар жуманын ишемби күнү шаарда өтүүчү оюндарга облустун ар кыл район шаарларынын 300гө жакын көрүүчү чогулуп, короздордун беттешине күбө болушат.
Бакыт Садыков 1990-жылдардын аягынан бери Бишкектеги базарлардын биринде эт чабуучу болуп иштейт. Ат-Башынын Казбек айылында өсүп, ички миграциянын агымы менен Фрунзе шаарына келип, ошондон бери эт азыктары менен тейлөө тармагында иштеп келатат.
Жалал-Абад шаарынын cаркынды сууларды тазалоочу жайы капиталдык ремонттон өтүп, биологиялык тазалоочу жайын курушу зарыл. Экологдордун айтуусунда, саркындылар биологиялык тазалоодон өтпөгөн соң микробдор жок кылынбай, жугуштуу ооруларды таратышы мүмкүн.
Тазабек Икрамов - Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү. Эл өкүлү аткарган иштерин айтып, анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар, айрым криминалдык лидерлер менен ымалалаш деген сөздөргө жооп берди.
Дагы жүктөңүз