"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстандык балбандар Таиланддын Бангкок шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту.
Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы “Адеми” балдар бакчасы колдонууга жараксыз делген имаратка чамаларына жараша ремонт жасап, жүзгө жакын баланы тарбиялап келет. Бул имаратта сейсмикалык жактан сырткары өрт коопсуздугу сакталбай, жарымы жыгач, жарымы кыштан салынган.
Бишкектин мэрлигине Албек Ибраимовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы сунуштады жана коалициялык көпчүлүккө кирген, оппозициялык азчылыкты түзгөн фракциялардын баары колдоп берди. Ибраимов эреже-талап боюнча 19-февралда мамлекеттик тилден сынак тапшыр
Бейтааныш аялды өлүмдөн куткарып, Москвада гана эмес, бүт дүйнөгө өзүнүн эрдиги менен таанылган Марат Исаевди "Азаттыктын" кабарчысы кепке тартты. Марат окуянын чоо-жайын айтып берип, мындай жылдызга айланарын күтпөгөндүгүн моюнуна алды.
Жылына дүйнөдө 200 миңге чукул балага рак деген диагноз коюлат. Кыргызстанда да акыркы мезгилде рак оорулуу балдардын саны өсүүдө.
Майлуу-Суу шаарындагы таштандыларды төгүүчү жайда экологиялык жана санитардык абал курч бойдон турууда.
Кара-Көл шаарында муз аянтчасы ачылды.
Токтогул шаарчасынын таштанды төгүүчү жана саркынды сууларды тазалоочу жайлары Токтогул суу сактагычына коркунуч жаратууда.
Майлуу-Суу шаарында сай боюндагы өз алдынча сарыгып чыгып жаткан кара май сууга кошулуп, экологиялык абал курч бойдон турат. Буга шаар тургундары нааразылык билдирип, экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясы жергиликтүү мекеме ишканаларына эскертүү беришти. Май калкыган сай, сугат аянттарын ка
Майлуу-Суу шаарынын түндүк тарабын аралай өткөн Майлуу-Суу сайынын боюндагы жер алдынан өз алдынча чыгып жаткан кара май сууга кошулууда.