"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Данистенин назарында: Бишкектеги Алыкул акындын талкаланган үйү, Жеңиштин нагыз ээлери, өлкө санарипке даяр, Кыргызстандагы татар элинин таржымалы.
9-майда Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленүүдө. Эл Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов жана башка Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө эмне билет? "Азаттыктын" кабарчылары Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сунду.
Данисте: Аюу-Сайдагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү, кооптуу аймактар тууралуу адистердин пикири, төкмө акындын бейкүнөө кеткендерди жоктоосу камтылды.
Бишкекте бешинчи жолу Билим фестивалы болуп өттү. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду уюштурган фестивал алкагында жылдагыдай эле китеп жана билим берүү мекемелеринин көргөзмөлөрү уюштурулду. Кечээ башталган фестивал быйыл сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга багытталган.
“Данисте”: Жалал-Абад облусунун көчкү жүрүп жаткан райондору эми кыяндын зыянын тартууда, жаштар менен тең күрөшкөн 70 жаштагы балбан Абакир Рысовдун байгелери, окуучулар кайтарган айгүл гүлү, Ала-Тоону мекендеген карачайлардын жашоосу.
21-апрелде Сот аткаруу департаменти менен Мамлекеттик цирктин кызматкерлери цирктин жанында жайгашкан мейманканада көп жылдан бери мыйзамсыз жашап келаткан отуздан ашуун үй бүлөнү күч менен чыгарууга аракет кылышты.
19-апрелде Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Көк-Жар жаңы конушундагы бала бакчада бак отургузду.
“Данисте”: Сокулуктагы жер талаш, Нарындагы тоодой тоскоолдуктан өтүп билим алып жаткан балдар, чек ара көйгөйү сахнада, бишкектик иллюзионисттердин Голландиядагы ийгилиги, жапон келиндин Караколдогу демилгеси.
“Газпром Кыргызстан” ишканасы Бишкектеги Керамика конушунуа газ киргизди. Буга чейин он конушка түтүктөр тартылып, бирок газга кошула элек болчу. Айрым конуш тургундары газ тартуунун баасы кымбат экени н айтып, нааразы болуп келишкен. “Газпром Кыргызстан” ишканасы болсо газдаштыруу акысын эки эсе ар
“Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында акимчилик көчүрө албай сотко берген үй-бүлөлөр, мектепке зар балдар, кир суу ичкен айылдар тууралуу видео баяндарды сунуш кылабыз. Ошондой эле күн сайын аялдаманы жууган аксакал, Бишкек-Ош жолун көпүрө курууну самаган жаш архитектор тууралуу берүүлөрдү кө
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексинде апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчы жана башка чиновниктер эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн жок. Атамбаевдин 7-апрелге карата элге кайрылуусун президенттик аппаратты
Бишкекте жайгашкан №47- абактын ооруканасына которулган саясатчы Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салууга аргасыз болгонун ырастаган түшүнүк каттын көчүрмөсү жарыяланды.
Суу жана баткак баскан айылдар, дүлөй жана дукук балдардан турган өзгөчө футбол командасы, коом өгөйлөгөн аутисттер, чоң апалардын таймашы жана ошондой эле Москвадагы спорт клубда машыгып жүргөн чемпион мигранттар тууралуу баяндайбыз.
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка ат салышууга камынып жаткандарга кайрылып, Кыргызстандык эгемендигин коргоого чакырды. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында "Атамбаев мураскер даярдоодо" деген божомо
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык "Жол картасын" түзүп коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында айтты.
Бүгүн Бишкекте “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөл болду. Анда өлкөдөгү саясий укуктар жана сөз эркиндигинин абалы талкууга алынды. Жыйынга Жогорку Кеңештен, Президенттик аппараттан, Коопсуздук комитетинен чакырылган өкүлдөр келишкен жок.
Тостмастерлер клубу дүйнөнүн 140 өлкөсүндө бар. 1920-жылдары АКШда негизделген бул кыймылдын катышуучулары элдин алдында сөз сүйлөө өнөрүнө машыгышат.
Бул жолку берүүгө Баткендеги таштандыга толгон Төрт-Гүл көлү, Нарындагы кеп-кеңешке муктаж аутист балдар, Оштогу энелер жана наристелер батпай калган төрөткана, Түркия машыктыруучулары барктаган кыргызстандык футболчу Мурзаев тууралуу баяндар камтылды.
"Сөз эркиндигин коргоо комитети" менен «Конституциялык кеңешме» кыймылы уюштурган Азаттык форумуна коомдук ишмерлер, оппозиция өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер катышты. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланды.
Дагы жүктөңүз