"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден түшкөн арыздарды карады. Анын алкагында үч талапкер сынакка катышуу укугунан ажыратылды. Ал эми дагы ону кошумча документ алып келүүгө милдеттендирилди.
Орусиянын чилдесинде кыргыздын алмаларын сактап, саткан ишкер. Кара-Кечеде кезектен улам суткалап түнөп, автоунаасын ашканага айлантып, казан аскан айдоочулар. “Ош” базарда 20 жыл бут кийим оңдоп үй-бүлөсүн баккан өтүкчү. Түрк элин өзгөчө сүрөттөрү менен таң калтырган мекендешибиз. Ушул баяндар “Дан
15-февралда советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл болду. Буга байланыштуу Улуттук филармонияда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.
Жаш-карысы топ тепкен Баткендин Кара-Дөбө айылынан чыккан чемпиондор таржымалы. Мамлекеттин жүгүн көтөргөн тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаеванын коомду шыктанткан жаратмандыгы.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде биринчи жолу инклюзивдик арт-аянтчасы ачылды. Долбоордун максаты - бардык адамдарга искусство менен таанышууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү. Анда азиз адамдар ар бир картина тууралуу аудио түрүндө үч тилде маалымат алышат. Долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун
Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда турак жай өрттөнүп, беш бала күйүп кетти. Балдардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Ушундан улам “Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн абалы кандай, алар электр тогун колдонууда эрежелерди сакташабы
Нарындагы суусу жок айыл. Аламан улакка чабыла баштаган поляк аттары. Кыргызстандык буддисттердин сыйынуу үйү. Кыргызстандын тоолоруна космостон суктанган канадалык астронавт.
Жогорку Кеңеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолду. Бир эле маселе боюнча эки ирет добуш берилгени, анда эки башка жыйынтык чыкканы парламенттин өз алдынчалыгы тууралуу маселени козгоду.
Бишкектин түштүк тарабындагы Тоолуу Маевка айылында Кыргызстандагы буддисттердин “Место пути” деп аталган жалгыз храмы жайгашкан. Бул жерде монах Алексей Шмыгля жашайт. 1990-жылдардан тарта буддизмди тутунуп келе жаткан монах ишеними, диндин мааниси, храмдагы жашоо-турмушу тууралуу маек курду.
Токмокто кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин аты ачык аталды.
Америкалык үй-бүлө асырап алган Одри-Аида 11 жыл дегенде өз мекенине келип кетти.
24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчулардын урматына уюштурулган салтанат болуп өттү. Иш-чарада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды.
Жогорку Кеңеш быйылтан тарта күчүнө кирген кодекстерди кабыл алууда кемчиликтерге жол берилгенин моюнга алды. Бул тууралуу парламенттин 23-январдагы жыйынында аталган мыйзамдардагы өксүктөрдү талкуулоо маалында айтылды.
Жалал-Абадда электромобил жасагандар мамлекеттен колдоо таба алабы? Кыргызстан жеңеби же Бириккен Араб Эмирлигинен кетеби? Таң атпай таштанды шыпырган адамдын мээнетин шаарды булгаган адам түшүнөбү? Нарындык жаш лыжачылар дүйнөлүк мелдештерге жетеби? “Данистенин” жаңы топтомунан көрүңүз.
Кыргызстандыктарды тазалык, тартипке чакырган жаңы мыйзамдар коомдо кызуу талкууланып жаткан кез. Негизинен кеп айып акынын көлөмү гана турасында болуп, тартип үчүн жеке жоопкерчилик, эрежени сактоо жагына көңүл бурган киши жок.
Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Момун чалдын чыныгы турмуштагы үйү кароосуз калып, урай баштады. Берлинде дары-дармектерди тескеген ири компанияда иштеген кыргызстандык Назгүл Жаманкулованын таржымалы. Таэквондо аркылуу дүйнөнү багынткысы келген эне ким?
Темир тор артында наристелери менен жазасын өтөп жаткан энелердин тагдыры, үмүтү, санаасы, арманы. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында энелери менен бирге абакта чоңоюп жаткан айыпсыз наристелердин темир тор артындагы жашоосун көрсөтөбүз.
"Азаттык" жыл ичи жүздөгөн адамдын пикирин угуп, ондогон адамдын тагдырын, жаратмандыгын, эрктүүлүгүн, өнөрүн тасма аркылуу сизге сунуштады. Айрым каармандардын жашоосу, көз карашы, максаты жакшы жакка өзгөрдү деген ойдобуз. "Данистенин" майрамдык чыгарылышында алардын айрымдарынын азыркы жашоосуна
2018-жылы Жогорку Кеңештин дарегине сын көп айтылды. Айрым бир депутаттардын демилге-сунуштары кызуу талкуу жаратты. "Азаттык" буга байланыштуу депутаттардын өздөрүнүн пикирине кызыкты.
Кеминдик улакчы Андрейдин кыялы. Кадамжайдагы урап бараткан үйдөгү үрөй учурган жашоо. Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн мекендеш. Ушул баяндар бул жолку “Данисте” топтомунун мазмунун түздү.
Дагы жүктөңүз