"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Сирияга жана Иракка кетип калган кыргызстандык кыз-келиндер менен балдарды мекенине алып келүү кечеңдеп жатат. Алардын ата-энелери жана туугандары өкмөткө үмүт артууда.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.
Кунары качкан Миң-Куш айылындагы уранга ууланган элдин турмушу. Пенсиядан баш тарткан жалалабаддык ардагерлер. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган айылдык энелер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын катарына кирди. Зыяндуу түтүн чыгаргандарга 1 миллиондон ашуун сом айып салынды. Топоздун этин дүйнөгө тааныткысы келген ишкер. Мюзиклге айланган кыргыз тою.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.
Райымбек Матраимов 29-ноябрда беш сааттан ашык сурак берген соң, саат 19:40 чамасында УКМКдан чыкты. Ал тышта күтүп турган журналисттердин суроолоруна жооп бербестен үнсүз гана автоунаасына отуруп, кетип калды. Мындан ары ал дагы суракка чакырылабы, сурак учурунда эмне жөнүндө сөз болду деген маалым
Элдин саламаттыгын ойлоп, жөө же ат менен айыл кыдырган нарындык фельдшер. Орусиядан Ошко келип балдарга тил үйрөтүп жаткан эжеке. Токмокто карыялар үчүн ысык чайы жана жылуу түнөгү бар пансион.
Кызыл-Кыянын кооптуу шахтыларында өз өмүрүн тобокелге салып көмүр казгандар. 200 орунда эки миң бала окуган мектеп. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Кара-Балта шаарынын тургуну Калича Нышанова учурда Сириядагы Роуш качкындар лагеринде отурат. Ал мындан беш жыл мурда Сирияга уулун кайтарып келүү үчүн кеткен бойдон келе албай калган. 2013-жылы 19 жашында Сирияга азгырылып кеткен уулу Эдилден дайын жок.
Жемкорлукка айыпталып, изин таптырбай кеткен мурдагы аткаминерлердин иши боюнча маселе Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциянын жыйынында көтөрүлдү. Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалыматы угулган жыйында депутаттар коомчулукта резонанс жараткан коррупциялык иштердин тагдырына
Нечен кылымдан бери элди багып келаткан Арстанбап жаңгак токою. Чүйдөгү Калыгул айылы мектепсиз калып, балдар шарты жок эмканада окуп жатышса, сыркоолор кулайын деген суук мектептеги дарыгерге көрүнүүгө аргасыз.
Бишкектеги «Антошка» кафесинде өрт чыгып, анын айынан болгон жарылуудан бир киши мерт болду. 13 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жабыркагандардын үчөө балдар. Алар дарыгердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөт
60 жылдан бери электр жарыксыз жана тегиз жолу жок турмушта күн кечирген Жазы-Кечүү айылынын турмушу. Жалал-Абадда пахта терим аяктап калганы менен баасы аныктала элек. Эл көрө элек, башкалар жасай элек жыгач буюмдарды чыгарган нарындык уста. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Жаңы түзүлгөн «Үмүт 2020» кыймылы Бишкекте өзүнүн кеңсесин ачып, коомчулукту коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөдү. Алардын негизги максаты – азыркы парламенттеги депутаттардын былык иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу.
«РухЭш» сайты Ишенбай Абдразаков атындагы «Улут үлгүсү» жана Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыктарын тапшырды. Бул жолу сыйлыктарга окумуштуу, коомдук ишмер Роза Айтматова жана «Полис Азия» талдоо борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева татыктуу болушту.
Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм 30-октябрда чыкты.
Италиянын Сардиния аралындагы кыргыздардын жашоосу. Бычак жасаган оштук уста. Кыргыз коомунун азыркы жүзүн ачкан спектакль. Таштандынын азабынан нараазылыкка чыккан айыл эли.
Билимге умтулган шаардык жана айылдык окуучулардын башын бириктирген кызыктуу долбоор. Жалал-Абаддын Сузак айылында ардагерлер үчүн атайын өнөркана борбору ишке кирди. Орусияда иштеген "Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмеси" Баткенде түзүлүп, алгачкы курултайын өткөрдү.
Бийди жактырган балдар үчүн атайын мектеп ачкан токтогулдук Наргиза Мундузбаева. Башына түшкөн оор кыйынчылыкты кайраты менен жеңип чыккан модел Ангелина Гаранина. Мезгил тарыхын жазган чыгаан журналист Султан Жумагуловду эскерген кесиптештери.
Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурууда. Иш чарада Америка жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниядар кыргызстандык ишкерлерге өз өндурүмдөрүн тарту
Дагы жүктөңүз