Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео былтыр тартылганы белгилүү болду.
Жыл башынан бери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт департаментинин үч жоокери өз жанын кыйды. Департаменттин жетекчиси кырсыктарды ата-энелердин балдарына берген тарбиясына байланыштырды.
Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын айланасында жашаган 30га жакын үй-бүлө турак жайын тарттырып жиберүүдөн кооптонуп жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар жашап жаткан жатакана жана үй салып алган жерлер убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
Жогорку Кеңеш Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кен чырын талкуулады. Депутаттар “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы иштеткен аймакка посттун коюлушу канчалык мыйзамдуу деген суроо коюшту.
Бишкекте кардардын телефон номурун сактап алып, ага интим кызматын сунуштаган такси айдоочусунун иши сотко өттү. Буга чейин “таксист кардарды зордуктоого аракет кылган” деп айыпталып, эки айга камакка алынган.
Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы үч судьянын бирөөнө сөгүш жарыялап, экөөнүн жоопкерчилигин караган жок.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына кайрылгандардын саны эки эсе көбөйдү. Дарыгерлердин жетишсиздигинен балдарын алып келген ата-энелер бир сааттан ашык кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болушууда. Оорукананын жетекчилиги адатта бир күндө 200дөн ашык бейтап кайры
Бишкекте акыркы күндөрү балдар ооруканасына жана клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына сасык тумоо менен кайрылгандар эки эсе көбөйдү. Балдарын көрсөткөнү келген ата-энелер дарыгерлердин жетишсиздигинен кезек күтүп жатышканын айтып, нааразы болууда.
Кыргыз өкмөтү маалымат коопсуздугунун концепциясын иштеп жатат.
Башкы прокуратура шектүүнүн күнөөсү дээрлик далилденгенин жарыялады.
Бишкекте Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туризм жаатында иш алып барган дагы бир “Кыргыз туризм” ишканасын түзүүнү сунуш кылып жатат. Маалымат боюнча ишкана музейлерди, аймактардагы туристтик объектилерди өз карамагына алып, чарбалык иштерди жүргүзөт жана Кыргызстанды чет жакта жарнама кылат.
Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн түзүлгөн улуттук кадр резервине 715 киши сынакка катышып, 34ү өттү. Анын ичинен үч гана киши жумуш менен камсыз болгон.
Кыргызстанда президенттик шайлоодо иштеген орусиялык саясий технологдун калпы чыкты.
Бишкекте өткөн курултайда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси добушка коюлду.
Депутаттар жыйынга катышпаганы үчүн кворум болбой калган учурлар маал-маалы менен катталып турат.
Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйыны түшкү танапистен кийин 40 мүнөт кеч башталды. Маселен, депутаттар 13:00дө бир сааттык танаписке чыгып 14:00дө ишин баштамак. Бирок жыйында онго жетпеген гана эл өкүлү отургандыктан вице-спикер Асел Кодуранова парламенттин аппаратына депутаттарды кабинеттеринен ча
Парламент “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады.
Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы болууда.
Кара-Балтадагы атышуу күч кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы боюнча маселени козгоду.
Дагы жүктөңүз