Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Митинг журналисттин коопсуздугун эске салды


Журналисттер укугун коргоп пикетке чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Журналисттер укугун коргоп пикетке чыкты

“Супер инфо” гезитинин эмгек жамааты журналисттердин ишине тоскоол болбоо чакырыгы менен нааразылык акциясына чыгышты.

Журналисттердин нааразылык акциясына 17-январдагы митинг учурунда "Next TV" телеканалынын журналистинин кармалып, кайра бошотулганы себеп болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында “Супер инфо” гезитинин жамааты уюштурган пикеттин максатын Шаиста Шатманова минтип түшүндүрдү:

Шаиста Шатманова.
Шаиста Шатманова.

- Кыргыз журналистикасы буга чейин биринчи сүйрөп кетүү, байлап кетүү, андан кийин колу-бутун байлап терезеден ыргытып жиберүү деген окуяларды көрдү. Ошондуктан массалык маалымат каражаттарынын тикелей милдетин аткарууга эч бир орган тоскоол болбошу керек деген пикирибизди билдирүү үчүн бул жакка келдик.

17-январда борбордук аянтта өтүп жаткан митингди чагылдырып жүргөн "Next TV" телеканалынын журналисти Жоодар Бузумовду милиция “коомдук тартипти бузду” деген башка жарандар менен кошо автобуска салып кеткен.

Жоодар Бузумов.
Жоодар Бузумов.

- Өзүңөр көргөндөй милиция кызматкерлерине “прессанын өкүлүмүн” деп документимди көрсөттүм. Бирок буга карабастан мени автобустун ичине салышты. Күбөлүгүмдү автобустун ичинен да көрсөтүп жаттым. Тилекке каршы кармалгандар менен чогуу милиция бөлүмүнө алып кетишти. Бирок ошол учурда да “Фейсбуктагы” түз эфирди үзгүлтүккө учураткан жокмун. Мени Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө чейин алып барышты. Ал жерде дагы 20 чакты кишини кармап турушуптур. Милиция бөлүмүнөн күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин кое беришти, - деди Бузумов.

"Next TV" телеканалынын продюсери Канат Мидин уулу кабарчыны кармап кеткен милицияларга чара көрүүнү талап кылып жатат.

- Журналисттердин кесиптик ишине кепилдик бере турган мыйзам бар. Бул жерде мына ушул мыйзам бузулду. Бир да мамлекеттик, муниципиалдык мекемелер же укук коргоо органдары журналисттин ишине тоскоолдук жарата албайт. Бирок тилекке каршы кечээ бул мыйзам бузулду. Ар бир журналисттин кызматтык күбөлүгү бар. Биздин кызматкер күбөлүгүн милицияга бир эмес бир нече жолу көрсөткөн. Ошого карабай аны алып кетти. Ошол эле учурда түз эфирди Интернетте 1,5 - 2 миңге чукул киши көрүп жаткан.

Пикетке чыккан журналисттерди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Эрлан Атантаев кабыл алып, журналисттин кармалганынын себебин журналистти таанытып турчу “пресса” деген белгинин жок болгондугу менен түшүндүрдү:

Эрлан Атантаев.
Эрлан Атантаев.

- Журналистти кармоодо биз тараптан байкабастык болуп калды. Ага чейин митингди чагылдырып жаткан массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине эч кандай тоскоолдук жаралган жок. Журналист “мен күбөлүгүмдү көргөздүм” деп жатат. Бирок ал автобустун ичине кирип калган. Сырттан дагы кишилер киргизилип жаткандыктан аны чыгара албай калышкан. Анын үстүнө анын журналист экенин билдирген кийими жок эле. Журналист милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кечирим сурап, коё бердик. Биздин кызматкерлер тарабынан кечээги окуя болуп кеткенине байланыштуу өзүм жана жетекчилик тарабынан кечирим сурайм.

Бул окуя журналисттердин укуктары менен милдеттерине жана алардын коопсуздугуна байланышкан маселени козгоду. Эл аралык эрежеге ылайык, митинг-пикеттерди же кооптуу окуяларды чагылдырган журналист "пресса" деген жазуусу бар кемсел кийип жүрүүгө милдеттүү.

Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси, медиа эксперт Кубан Абдымендин пикиринде, журналистикада ушул эрежелерге маани бербестик кабарчыларды ар кандай тобокелдиктерге кириптер кылып жатат:

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

- Эгер журналист кооптуу жерге барса, башына “пресса” деген жазуусу бар каска, “пресса” деген жазуусу бар кемсел кийип жүрүшү керек. Үчүнчүдөн, кооптуу жерге барганда кандайдыр бир кыйынчылык жаралып калабы ошолордун баары эске алынып, атайын даярдыктан өтүшү зарыл. Азыр ушул үч нерсени дүйнөдө журналисттер сөзсүз түрдө өздөштүрүүгө милдеттүү болуп калды. Кыргызстанда мындай иштер толук кандуу жүрө электигине байланыштуу кечээги күнкүдөй окуялар болуп жатат. Муну ар бир редакция эске алып, тапшырманы алган журналистке башта айтылган үч талапты коюш керек. Укук коргоо органдары кимдин ким экенин билбейт. Журналисттерди сыртынан тааныбайт. Ошондуктан камера менен жүрсө деле аны жөнөкөй адам катары кабыл алып, кээ бир учурларда тартип бузгандар менен кошо кармалып жатканын көрүп атабыз.

Нааразылык акциялары активдешкен 2005-2010-жылдары Кыргызстанда да журналисттер кооптуу кырдаалга тушуккан, жабыркаган учурлар катталган.

Ушундай кырдаалга 2017-жылы “Манас” аэропортунда саясатчы Өмүрбек Текебаевди кармоо учурунда “Азаттыктын” ошол окуяны чагылдырып жүргөн журналисти Уланбек Эгизбаев кириптер болгон.

Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов киши колдуу болгон. Журналист Сыргак Абдылдаевди белгисиз адамдар бычактап, оор жараат алган.

17-январда Бишкектин борбордук аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну талап кылган митинг өтүп, анда “коомдук тартипти бузду” деген негиз менен 21 адам кармалган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук милициясы жаңы ишке кирген мыйзамга ылайык кармалгандардын ар бирине 3 миң сомдон айып пул салып, бошоткон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG