Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда өткөн митинг учурунда кармалып, 3000 сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилген 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды.
“Супер инфо” гезитинин эмгек жамааты журналисттердин ишине тоскоол болбоо чакырыгы менен 18-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Пикетке чыгууга 17-январдагы митинг учурунда "Next TV" телеканалынын журналистинин кармалып кайра бошотулушу себеп болду
Бишкекте журналисттердин ишине тоскоол болбоо чакырыгы менен нааразылык акциясы өттү.
16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.
Кыргыз өкмөтү 1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдарга кайра өзгөртүү киргизгени турат.
Бишкектин тургундары салынып бүтө элек жолдор оор жүк ташыган автоунаалардын айынан бузулуп жатканын айтып арызданышууда. Муну "Бишкекасфальтсервис" ишканасы да моюнга алат. Ал арада Түштүк Магистралда салынган веложолдун четиндеги 180 бардюрдун эки ай өтпөй жарактан чыкты.
Быйыл ажылык сапарына барчуларды каттоо 9-январда башталат. Бул жылы Кыргызстанга 5510 квота бөлүнүп, зыяратка барчуларды ташууга авиакомпаниялардын арасында сынак жарыяланды.
Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу саясатчыны жатак абакка которууну кечеңдетүү аракети жүрүп жатканын айтты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги радикал топтордун Интернеттеги, социалдык тармактардагы аракеттерине мониторинг жүргүзүп жатат.
2018-жыл сапарын карытып, 2019-жыл босогодо турат. “Азаттык” шаар тургундарынан узап бараткан жылдагы жетишкендиктери жана келаткан жылдан эмнени күтүшөөрүн сурады.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжанда кармалган.
Алар жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди абактан чыгаруу өтүнүчү кайчы пикирлерди жаратты.
Музаффар Исаков депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу БШКга арыз жазды.
Финчалгын кызматы Интернетке тарап кеткен каты боюнча түшүндүрмө берди.
Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы жыйынында Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алуу депутаттардын талаш-тартышы менен коштолду. Жыйынтыгында электрондук жабык добуш берүү болуп, Кодуранованы төраганын орун басарлыгынан алууну 92 депутат колдоп, 19у каршы болду.
КСДП фракциясынын сунушунун негизинде депутат Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан алынды. Жыйында добуш берүүгө катышкан 111 депутаттын 92си сунушту колдоп, 19 депутат каршы добуш берди.
Башкы прокуратура иштеп жаткан үч, кызматтан кеткен бир судьяга кылмыш ишин козгоду.
Кыргызстанда жабык жайларда кармалгандардын 90 пайыздан көбү милициянын кыйноосуна кабылат. Ага карабастан ушуга чейин Ички иштер министрлигинин кыйноо үчүн айыпталган үч гана кызматкери сот жообуна тартылган.
Эмгек мигранттарынан куралган “Замандаш” ассоциациясы “Замандаш” саясий партиясы менен эч кандай байланышы жок экенин айтып чыкты.
Дагы жүктөңүз