Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Садыр Жапаров азыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди “президент кылуу” планы болгонун, бирок кийин ал ойдон кайтканын билдирди. Тажикстандын чек ара аймагына жакын Дарвоз районунда оогандык согушкерлердин огунан 21 жаштагы келин каза тапты.
Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамдын иши шаардык сотто каралууда. "Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алганына беш жыл болот. “Кыргызфармацияда” дары, медициналык жабдыктарды сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду.
Сириянын мурдагы президенти Башар Асад сыртынан өлүм жазасына кесилди. Кумтөрдү башкарып, кийин соттолгон Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүлөрү талаш-талкууну жаратты. Кыргызстан дагы 10 миң электромобилди бажы алымысыз ташып кирүүгө мүмкүндүк алды.
Колумбияда 7 баллдан ашкан катуу жер титирөө 160тын тегерегиндеги адамдын өмүрүн алды. “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту жабык уланмай болду.
Чуулгандуу ишкер Сыргак Кенжебаевдин президент Садыр Жапаровдун жакындары өлкөдөгү бажы кызматы баш болгон бир нече тармакты башкарууга аралашып жатканы тууралуу билдирүүсү талкууга түштү. "Ынтымак Ордонун" өкүлү Дайырбек Орунбеков баарын четке кагып, бажы төлөмдөрү көбөйгөнүн мисал келтирди.
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз жарандын иши Бишкектин сотунда карала баштады. "Ынтымак-Ордонун" өкүлү “Сабыр Жапаров жана анын уулу Азат Жапаров Бажыда коррупциялык иштерди уюштурган” деген сөздөрдү четке какты. Корумду чокусуна чыккан чет өлкөлүк үч альпинист изделүүдө.
Ошто 19 жыл мурун дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуккан балдардын энелери акцияга чыкты. Алар бой жеткен балдарын турак жай менен камсыз кылууну талап кылууда.
Трамп Украинага Пэтриот системаларынын ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берилерин айтты. Ал арада Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдү. Кыргызстанда бир жумада эле учакка байланыштуу эки окуя катталды.
"Манастагы" учагы кырсыгы кыргыз авиациясындагы коопсуздук маселесин көтөрдү. Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга макул болду, эми Астанадан жооп күтүүдө. Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер Ирандагы объекттерге сокку урду.
Бишкекте УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков баштаган мурунку төрт кызматкер кармалды. Баткендеги “Кадамжай” жана “Чечме” бекеттеринде “пара алууга” шектелип, 41 кишини кармалды. Киевге жасалган соңку ири чабуулдан өлгөндөрдүн саны өсүп, уранды алдынан адамдар изделүүдө.
Киевге жасалган чабуулдан 11 киши мүрт кетип, ондогон адам жараат алды. Кыргызстанда буга чейин “массалык башаламандыктар”, “бийликти күч менен басып алуу” айыбы менен соттолгондордун иши кайра каралышы керекпи? Ошто соодагерлер менен дыйкандын чырынан кийин үч адам кармалды.
Ысык-Көл форумуна келген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берүү демилгесин көтөрдү. Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданды. Москвада “Садовод” базарында чыккан өрттөн тажикстандык соодагерлер жабыркады.
“75чилердин ишине” байланыштуу парламент козголду. Дональд Трамп менен Масуд Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу меморандумуна кол коюшту. Москва акыркы эки жылдагы эң ири дрон чабуулуна кабылды.
Депутат Сыдыгалиев “75чилердин каты” боюнча иште Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айтты. Аларды күбө катары көрсөтмө берген эл өкүлү Элвира Сурабалдиевага психологиялык басым көрсөттү деп айыптады.
Камчыбек Ташиевдин жана анын жакын тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурагы делген видео тарады. Украина орус мунай инфраструктурасына соккуларын күчөттү. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржанов боюнча Түркиянын омбудсменине кат жолдоду.
ЕФЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек.
“75чилердин каты” боюнча сотко бүгүн атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. АКШ Ирандын түштүгүндөгү Бендес-Аббас аэропортуна жакын жерге сокку урду. Ысык-Көлдө өтө турган “Формула-1” суу үстүндөгү кайык жарышына байланыштуу талаш уланууда.
АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урду. Аба чабуулу Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени айтылгандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.
Орусиянын жапырт соккусунан Киевде адам өмүрү кыйылды, жараат алгандардын үчөө балдар. Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп атады. Нөшөр жаандан улам Манас шаарында "өзгөчө кырдаал" жарыяланды, Кара-Сууда 48 баш койду сел суусу агызып кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишиге козголгон кылмыш иши сотко өткөнү менен анын чоо-жайы тууралуу дээрлик маалымат берилбей жатат.
Дагы жүктөңүз