Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Киев Орусиянын Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна жана күйүүчү май сакталган кампаларга сокку урулганын бышыктады. Тоңдун Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өттү.
Жогорку сот Каныкей Аранованын кассациялык арызын четке кагып, аны абакта калтырды. Орус баш калаасы жапырт дрон чабуулуна кабылганын Москванын мэри билдирди. Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту.
Кыргызстанда Түркия “Ыйман” фондуна бөлгөн 5 млн доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныкталып, мурдагы эсепчи кармалды. АКШда Демократтар партиясынын атынан Камала Харрис президенттикке талапкер болуп расмий көрсөтүлөт. Мрох Пакистанда жана Швецияда катталды.
18-августтун кечинде Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Украин армиясы Курск облусундагы Сейм дарыясына салынган үчүнчү көпүрөнү талкалаганын билдирди. Кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо алдында турганын билдирди.
Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта балбан Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Париж Олимпиадасында күрөш боюнча мелдештер уланып жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло медал үчүн күрөшөт. Эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөштө утулуп калды.
Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары төрт медал утту. Ал арада атлеттерге түзүлгөн шарт, күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасында диетолог, психолог жоктугу тууралуу маселе көтөрүлдү. Жалпы жонунан беш спортчу килемге чыгып, төртөө олжолуу болду, дагы бирөө коло үчүн күч сынашат.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 8-августка карата күрөш боюнча кыргыз балбандары төрт медал утту.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстанга биринчи медалды күтүлгөндөй эле күрөш боюнча балбандар алып келди.
Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар Акжол Мамхудов менен Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жеңилди. 7-августка караган түнү балбан Жоламан Шаршенбеков коло байге утса, Мээрим Жуманазарова күмүш байге алды.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды. Алтын үчүн башкы талапкер делген эки кыргыз балбаны финалга өтө алган жок.
Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде Беларус бул уюмга толук кандуу мүчө болду. Батыш менен мамилеси курчуп турган Орусия менен Кытай активдүү роль ойногон уюмдун кеңейишинин мааниси кандай жана дүйнөдөгү кырдаалга кандай таасирин тийгизет?
Астанада ШКУнун саммитинде Беларус уюмга толук кандуу мүчө болду. УКМК Чүй облустук сотунун эки судьясын “опузалап пара алган” деген айып менен кармады. Бишкек шаардык соту жапырт кармалган 11 журналисттин төртөөнүн бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызын кароодон баш тартты.
Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган Төрөкулованы абакта калтырды. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Чүйдүн Жайыл районунда автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты баланын өмүрү кыйылды. Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга кесилди. Москванын " Шереметьево" аэропортунда ондогон кыргызстандык Орусияга кире албай турат. Тажикстанда хижабга тыюу салынды.
Сауд Арабиясында катуу аптаптан каза болгондор 500 кишиден ашты. Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада дагы төрт киши каза болду. Президент Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын карай баштады.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго сот 100 миң сом айыпка жыкты. Казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыковду Киевде белгисиз бирөө атып кетти. Пхеньянда Ким Чен Ын менен Владимир Пуин жолугушту. Акын жана активист Аскат Жетигендин да соту аяктап калды.
Израилдин акыркы соккуларынан Газада 10 киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланды. Прокурор укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесүүнү сурады.
Бээжинде үч өлкө өкүлдөрү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашууга кол койду. Кыргыз өкмөтү иш жүзүндө долбоорду каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө шарттары чечилгенин билдирди.
Дагы жүктөңүз