Эл аралык мунапыс уюму Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганын билдирип, жаңы бийликтердин ишин сынга алды.
Тажик президенти Эмомали Рахмон улуу баласын антикоррупциялык мекеменин башчылыгына дайындады. 27 жаштагы Рустам Эмомали 2013-жылдын аягынан бери Бажы кызматын жетектеп келген.
Израилде бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген “Ликуд” партиясын олуттуу сыноо күтүп турат.
Крымды аннексиялоонун бир жылдыгына тушташ бул аймактагы журналисттер кысымга кабылууда.
16-мартта Крым жарым аралы аннексияланып, Орусияга кошулганына бир жыл толду. Бул мезгилде Крымда эмне өзгөрдү?
Москвада киши колдуу болгон Борис Немцовдун өлтүрүүгө шектелгендердин бири чечен милициясынын мурдагы кызматкери Заур Дадаев айыпты четке какты.
Социалдык тармактарда “Ислам мамлекети” тобунун катарында урушуп жүргөн орус тилдүү согушкерлер тууралуу тасма жарыяланды. Тасма Кобани шаарынын чеке белиндеги айылдардын биринде тартылгандай.
Ок атышууну токтотуу келишимине карабай, Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерге кайрадан курал өткөрүп жатканын Кошмо Штаттар билдирүүдө.
Москвада киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча жекшембиде беш адам камакка алынды. Орус күч органдары кармалгандардын бири айыпты моюнуна алганын маалымдашты.
Пакистандан баш калка издеген он миңдеген ооган качкындары акыркы айларда өз мекенине кайтууга аргасыз болууда.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессиндеги кайрылуусунда Иранды бүткүл дүйнө үчүн коркунуч деп атады. Анын айтымында, Вашингтон Ирандын өзөктүк программасын улантууга жол бербеши керек.
Украина чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишим аткарылбаса, Батыш Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет.
Ооганстанда отуздан ашык хазара мусулмандын уурдалышы тынчсыздануу жаратты. Аларды “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери туткунга алган болуусу мүмкүн деп боолгонууда.
Тажикстандагы оппозициялык партиялар парламенттик шайлоо алдында бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, алардын үгүт жарнактарын айрып кетип жатышканын билдирүүдө.
Украинанын чыгышындагы жаңжал дүйнөлүк медиада маалымат согушу менен коштолууда. Киевде 10 жылга чукул турган мекендешибиз Шералы Жаналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар тууралуу иликтөө жарыяланды. Анда Сирияга кеткендердин жашы, үй-бүлөлүк абалы жана башка социалдык өзгөчөлүктөрү талданган.
Президент Петро Порошенко эл аралык күчтөрдү киргизүү өлкө чыгышындагы абалды жайгарууга өбөлгө болот деп ишенет. Киевдин бул сунушуна орусиячыл жикчилдердин пикири каршы.
Бириккен улуттар уюму быйыл Ооганстанда согуштун кесепетинен өлгөн же жарадар болгон адамдардын саны 22% өскөнүн жарыялады. Бул акыркы беш жылдагы эң бийик көрсөткүч.
Украин армиясы бир нече аптадан бери уруш жүрүп жаткан Дебальцево шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Петро Порошенко билдирди.
17-февралда Орусия президенти Владимир Путин Венгрияга расмий сапар менен барды. Бул сапарды утурлай миңдеген мажарлар Путинди нааразылык акциясы менен тосуп алды.
Дагы жүктөңүз