"Тумар" үналгысынын киши колдуу болуп каза тапкан режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин жакындары өлтүргөн адамды тезинен табуу талабын коюшту.
Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин "Известия" гезитине курган маеги коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратты.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева армияга кайрылып, кризис маалында коопсуздукту көздүн карегиндей сактоого чакырды.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Cүйлөшүүнүн жыйынтыгында талаштуу аймактар боюнча мунаса табылганы айтылууда.
Кыргызстанда 30 миңден ашуун мектеп жашындагы бала билим албайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Кыргызстанда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковго кол астындагылар ишеним көрсөтпөй, каршы чыгышууда.
Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңеши Жогорку Кеңештин кароосундагы “Коомдук телеканал тууралуу” мыйзамды сөз эркиндигине каршы аракет катары баалоодо. Мыйзам демилгечилери болсо бул кадамын Коомдук каналдын ишин легитимдүү жолго салуу аракети деп атап жатат.
Алмазбек Атамбаев жаңы президент деп расмий жарыяланаары менен парламентте коалицияны кайра түзүү боюнча бейформал сүйлөшүүлөр башталды.
Кыргызстанда айрыкча базарларда сатылган бөбөктөр кийимдеринен тери ооруларын пайда кылат деп ата-энелер даттанууда. Сатуучулар кийимдин сапатына кепилдик бере алышпайт.
10-ноябрдан тарта өкмөттүн токтому менен кафе-ресторандарда той-аш өткөрүү үчүн кардарга үйүнөн тамак жасап келүүсүнө тыюу салынды.
Бишкекте 9-ноябрдын кечинде жааган алгачкы кар шаар тургундарын жана тейлөө кызматтарын кыйла түйшүккө салды.
7-ноябрь - Октябрь революциясынын күнү - Борбор Азияда Кыргызстанда гана расмий майрам катары жарыяланган. Ошол эле кезде улуу муун үчүн өзгөчө күндү жаштар кайдыгерлик менен кабыл алышат.
Бишкектеги эски аянтта окулган Курман айтка президенттик жарышта биринчи келген Алмазбек Атамбаев катышып, биригүүгө чакырды
Кыргыз тидүү “Жаңырык апта” гезити антисемиттик мүнөздө үгүт жүргүзүп жатат деп Израилдин Казакстандагы элчилиги нота таратты. Буга байланыштуу Башкы прокуратура макаланын авторуна кылмыш ишин ачууга даяр экенин билдирүүдө. Гезит өкүлдөрү антисемиттик маанай бар деген дооматты четке кагууда.
Ажылык сапарга кеткен кыргызстандык жарандардын бири Мекеде көз жумуп, дагы бири ооруканага жаткырылды.
3-ноябрда Бишкекте Кыргыз Википедиясынын күнү белгиленди. Бул күнү ыктыярдуу интернет колдонуучулар Википедияны 150дөн ашуун кыргыз тилиндеги макала менен толтурушту.
Кыргызстанда энелердин жана наристелердин өлүмүнүн саны мурдагы жылдардан азайганы менен маселе дале олуттуу көйгөй бойдон калууда. Дарыгерлердин абалды жакшыртуу аракеттерине карабастан мамлекеттик колдоо жетишсиз.
Бишкектеги №31 мектептин мугалимдери менен ата-энелердин ортосунда мыйзамсыз акча топтоонун кесепетинен чыр чыкты.
Шайлоого көз салган жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул шайлоо салыштырмалуу ачык өтүп, туташ мыйзам бузуулар болгон жок деген тыянакка келишти.
Талапкер Ташиев үгүт маалында Атамбаевдин командасы административдик күч колдонуп жатат деп жарыялады. Атамбаевдин штабы муну четке кагууда.
Дагы жүктөңүз