Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстандын өнөр жай, айыл чарбасында өсүү байкалды. Ошол эле мезгилде акыркы күндөрү улуттук валюта сомдун курсу төмөндөй түштү. Өлкөдөгү ишкерлер шайлоодон соң туруктуулукту сактоону чакырып чыгышты.
Айрым укук коргоочулар үгүт өнөктүгүнө мектеп окуучулары тартылып жатканын айтып чыгышты. Алар айрым мектептерде окуучуларга көрсөтмөлөр берилгенин мисал келтирүүдө.
Байкоочулар жарышка чыккан19 талапкердин беш-алтоо гана үгүт маалында кенен чабыттап, калганы солгун иштеп жатканын айта башташты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 5-каналды парламенттик каналга айландыруу боюнча атайын жумушчу топ түзүп, анын төрагалыгына депутат Акылбек Жапаровду дайындады.
Кыргызстанда президенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендер өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жеткирилип бүттү.
Doing Business рейтингинин жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу 3 тепкичке төмөндөп, 70-орунга түштү.
20-октябрда Казакстандын Алматы шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин I саммити башталды.
19-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу боюнча мыйзамга президент Роза Отунбаеванын каршы пикирине карабастан кол койду.