"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Кыргызстанда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлук боюнча чыр кайрадан өлкө күн тартибинин башкы сабына чыкты. Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулап, жакынкы күндөрү сот жараяны башталганы турат. ЖЭБдин айланасындагы кырдаал саясий абалга кандай таасирин тийгизет жана укуктук маселени
Мурдагы биринчи вице-премьер-министрге козголгон кылмыш ишинин жаңы жагдайлары белгилүү болду.
Кыргызстанда электрондук паспорт даярдачу компанияны тандоо боюнча тендерден чыр чыкты.
Кыргызстанда 2018-жылы республикалык бюджетке 6 миллиард 633 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калды. Кирешесинен чыгашасы көп бюджетке эмне себептен мынча каражат түшпөй калды? “Азаттык” түшүндүрөт.
Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү аныкталды. Сыйлыктын ээси Ыдырыс Исаков журналисттик иликтөөлөр жөнүндө пикири менен бөлүштү.
Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шек саналууда.
Калыйбек Саляновдун маселеси ИИМ менен Башкы прокуратуранын ортосунда түшүнүксүз кырдаалга себеп болду.
Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле өлкөнүн күн тартибинин башкы сабына чыкты. “Азаттыктын” талкуусу кыргыз-орус мамилесинин учурдагы абалына, анын көйгөйлөрү менен мүмкүнчүлүктөрүнө арналды.
Узарбек Жылкыбаев - президент Сооронбай Жээнбековдун кадрларды ротациялоо демилгесинин алкагында өкмөттүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган алгачкы жетекчилердин бири. Губернатор "Азаттыктын" 2х1 форматындагы интервьюсунда чек ара, улуттар аралык, диний, саясий маселелерге
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
Жогорку Кеңеште принципиалдуу маселелер каралып жаткан учурда парламенттин ишмердигине кийлигишүү аракеттери байкалат.
Жаза аткаруу кызматы Апрель окуясы боюнча күнөөлүү катары жазасын өтөп жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүндү.
Былтыр ушул күндөрү Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын чоо-жайы териштириле баштаган.
Былтыр ушул күндөрү Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын чоо-жайы териштириле баштаган. Борбор шаарды бир жума бою жылуулуксуз калтырган өндүрүштүк кырсык алдыда ири жаңжалга айланып, өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагыларды темир торго салары белгисиз болчу.
Апрел окуясы боюнча соттолгон УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот жараяны 7-февралга жылдырылды. Буга ишти карап жаткан Бишкектин Ленин райондук сотуна прокуратуранын өкүлү келбей калганы себеп болду.
Кыргызстанда 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин айланасындагы талкуу токтой элек. Беш кодекс жана эки мыйзам боюнча бир катар сын айтылып, алардын айрымдарын өкмөт менен парламент өзгөртүү боюнча сунуш киргизе баштады. Жаңыдан киргизилген мыйзамдар өлкөдө укуктук башаламандыкка кептег
Кыргыз өкмөтү 2018-жылдагы экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Парламенттин акыркы күндөрдөгү жыйындарында бул маселе бир нече жолу көтөрүлдү.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында кеңири кеп болду.
Жогорку Кеңеш быйылтан тарта күчүнө кирген кодекстерди кабыл алууда кемчиликтерге жол берилгенин моюнга алды. Бул тууралуу парламенттин 23-январдагы жыйынында аталган мыйзамдардагы өксүктөрдү талкуулоо маалында айтылды.
Дагы жүктөңүз