Диля Юсупова - Бишкектеги «Кактус медиа» маалымат агенттигинин журналисти. Былтыр ал 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) кырсык катталгандан тартып баш калааны жылуулук менен камсыз кылган энергетикалык мекемедеги абал боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турган.
Ал күндөрү Бишкектин негизги от казанындагы кырсык эмнеден чыкканын ошол кездеги өкмөт жана энергетиктер так түшүндүрө алган эмес. Алгач ошол кездеги Сапар Исаковдун өкмөтү буга маани берген жок.
Мурдагы премьер баш болуп авария анча деле олуттуу эмес экенин, жакын арада жылуулук берүү калыбына келерин улам-улам айтып турду.
Бирок шаардагы көп кабаттуу үйлөр 26-30-январь аралыгында беш күн бою жылыбай, нааразылык күчөдү. «Какаганга муштаган» болуп ошол күндөрү Бишкекте катуу суук түшүп, абанын температурасы -25 градус болуп турган.
Дал ушундай кырдаалда ЖЭБдеги 29-январда уюштурулган басма сөз жыйынына көпчүлүктүн назары бурулду. Анда тиешелүү ишканалардын жетекчилери жылуулук качан толук калыбына келерин айта алышкан эмес.
Жыйындын жүрүшүндө башка журналисттер менен катар Диля Юсупова да бийлик өкүлдөрүнө суроо жаадырып, эмне себептен жаңыдан оңдолгон Бишкек ЖЭБиндеги очокканалар ишке берилбегенин тактаганга аракет кылган.
Юсупова ал учурда мындай чечимди кабыл алуу боюнча буйрукту эч ким бербегени белгилүү болуп, өлкө энергетикасынын жетекчилери жоопкерчиликти бири-бирине оодарышканын эскерди:
- Ал кырсык болуп, журналисттер жооптуу адамдарга сурак алгандай эле суроо жаадырган учурда алты-жети жетекчи кадимкидей коркуп, жоопкерчиликти бири-бирине оодарганы эсимде. Алар бул кырдаал үчүн чечимди ким кабыл алыш керек экенин жөндөп айтып бере алышкан эмес. Жөн гана «ушул маселелер үчүн мен жоопкерчиликтүүмүн» деп айтуудан коркуп турушту. Мунун баары авариядан соң белгилүү болгондой, «бизде баары оңолуп, жаңыланып жатат» деген сөздөргө карабай кемчиликтер көп экенин көрсөттү. «Бизде коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрүп жатат» деген менен ага ишеним аз экени белгилүү болду. Ачыкка чыккан кырдаалды буга чейинки ойлонулбаган кадамдарга тагдырдын түзөтүүсү катары кабыл алдык. Тагыраагы техникалык фактор. Эгер бул авария болбогондо көп нерселер жөнүндө билинбей калмак, балким көп нерсе көнүмүштөй көрүнмөк.
Чынында эле ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык өлкөдөгү саясий абалга таасирин тийгизип, көшөгө артында катылып турган көптөгөн окуяларды ачыкка чыгарды. Негизгиси «Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыяга толугу менен жаңыланды» деп бийлик дембе-дем «сүйүнчүлөгөн» Бишкек ЖЭБинде минтип бир кыш өтпөй авария болгону көптөгөн суроолорду жараткан.
Мындай кырдаалда, журналист Юсупова айткандай, бийлик өкүлдөрү да, коомчулук да «буга чейин уланып келген кырдаал мындан ары өзгөрүшү керек» деп үндөп жатты.
Мындай кырдаалдын шары менен өкмөт жана Жогорку Кеңеш кырсыкты иликтеген комиссияларды катар-катар түзүп, көп жагдайлар ашкере болду. Маселен, Кытайдан алынган насыянын эсебинен ЖЭБ үчүн алынган аттиштин баасы 600 долларды түзсө, эмеректер бир нече миң долларга жеткени кыргыз коомунда талкууларга жем таштады.
Натыйжада өкмөттүк комиссия аварияга жооптуу деп ЖЭБдин катардагы кызматкерлерин атап тим болду.
Ал эми парламенттик комиссиянын иликтөөсү 386 миллион доллар насыянын айланасындагы «Чубактын кунундай чубалган» териштирүүгө, кийинчерээк коррупцияга байланыштуу шек саналган ири мамлекеттик ишмерлердин камалышына жол ачты.
Биз өлкө эгемендигиндеги эң чуулгандуу окуялардын бири болгон кырсыктан кийин кимдер жана кандай жагдайда камалганынан эстеп өтөлү.
ЖЭБдеги кырсык боюнча камакка алынгандардын дээрлик баары саясий негизде камалганын айтып жатышат. Маселен, акыркы жолу Сапар Исаков өзүнө козголгон ишти «президент Жээнбеков жеке өзү көзөмөлгө алып жатат» деп билдирген.
- Мен бул процесстердин артында президенттин аппараты турганын жана ал сиздин дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Урматтуу сот, сиз муну жакшы билесиз. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурушат. Ошондуктан мунун артында менин процессимди жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтып кетем. Муну ага айтып коюңуздар, өз өлкөм үчүн ак иштегенимди ал өзү да эң сонун билет, - деген ал сотко кайрылып.
Бийлик мындай дооматтарды четке кагып, «өндүрүштүк кырсык укуктук териштирүүнүн чегинде иликтенүүдө» деп жатат. Чынында Бишкек ЖЭБиндеги соңку жагдай өндүрүштүк кырсык болгонуна карабай саясий мааниси чоң экени белгилүү. Мунун бир нече себеби бар.
Биринчиден, кырсыктан соң өлкөдө экинин бири болуп жүргөн мурдагы премьер-министрлер, саясатчылар камакка алынды.
Экинчиден, бул кырсык мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тымызын тирештин ачыкка чыгышын шарттады. Бул окуядан соӊ Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрү Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов камалып, экс-президенттин командасына олуттуу сокку урулду.
Үчүнчүдөн, ЖЭБдин айланасында бир катар аткаминерлердин камалышы Сооронбай Жээнбековдун президенттик алгачкы жылындагы негизги урааны менен убадаларынын бири болгон коррупцияга каршы күрөшкө үндөшүп, «бул багытта иш жүрүп жатат» дегенге жүйө болду.
Ушундан улам саясат талдоочулар Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча соттук териштирүү кандай нукта жүрбөсүн, саясий талкуу менен коштолуп, президент Жээнбеков убада берген сот реформасы үчүн сыноо болорун белгилеп жатышат.
Кытай менен мамилеге көлөкө түштүбү?
Жылуулук электр борборун жаӊылоого Кытайдын Эксимбанкынан алынган 386 миллион доллар насыя сарамжалдуу пайдаланылбай, артынан ар кандай сөз ээрчигени өлкөдө алынган насыя боюнча чочулоону күчөттү. Айрыкча акыркы жылдары Кыргызстандын негизги кредиторуна айланган Кытайдан алынган акча жана аны аткарган ТВЕА сыяктуу компаниялар далай адамдарды шектендире баштады. Ал түгүл парламентте коӊшу өлкөнүн компанияларынын дарегине ачык сын да айтылды.
Мындай кырдаал Кытайдан келген компаниялардын ишмердигине, бул мамлекет менен өз ара мамилеге таасирин тийгизгенин айткандар бар. Алардын бири - Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков.
- Адатта насыянын сарамжалдуу пайдаланылбаганы үчүн ошол насыяны алган тарап күнөөлүү, - деди ал. - Бизде саясатчылар, коом, маалымат каражаттары бийликтин жоопкерчилигин талап кылбастан Кытай тарапты да саясатка аралаштырып жиберди. Бул Кытай тарапка сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизди. Анткени Кыргызстанга насыя берүү, инвестиция салуу күмөндүү, чатак иш экенин ал жактыгалар түшүнө баштады.
Буга мисал катары акыркы жылы Кытайдан келген инвестициянын азайышы, мурдагы убада берилген каражаттын кечиктирилиши да айтылууда.
Бирок бийлик мындай тыянактарды четке кагып, бул Кытай менен мамилеге эч кандай таасири жок экенин айтып жатат. Маселен, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу акыркы инвестициянын көлөмүнүн азайышын Кытайдагы ички факторлор менен түшүндүргөн.
- Статистиканы алып караганда Кытайдан келген инвестициялар чын эле аз түшүп жатат, - деди ал. - Буга эки-үч жагдай себеп болууда. Биринчиден, биздин жергиликтүү эл чет элдик инвесторлор менен диалогго барбай жатканы. Экинчиден, Кытай финансы рыногундагы саясатка көзөмөлдү күчөткөнү. Аларда акчаны өлкөдөн чыгаруунун жолу катаалдашып, 5-10 миллион долларга чейин инвестиция салган кытайлык ишкерлер азайды. Ошондон улам бизге келген көлөм да азайды. Кытай инвесторлору Кыргызстанда негизинен тоо-кен өндүрүшүнө, соода тармактарына акча салчу. Алар бизнестин кызыкчылыгы менен гана келишет. Тилекке каршы, «кытайларга берип койдуңар, даярын сунуп койдуңар» деген туура эмес түшүнүктөр болуп калып жатат.
Жоопсуз калган суроолор
Жылуулук электр борборундагы кырсыктан кандай сабак алдык? Окуя учурунда кеп болуп, кийин көӊүл бурулбай калган бир нече жагдай бар. Мисалы, Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал өкмөттүн шалаакылыгы менен катар Жогорку Кеңештеги лоббизм маселесин ачыкка чыгарган эле.
Кытайдан Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясын тандоодо жана андан насыя алууда лоббисттик маанайдын көрсөткүчү катары парламенттин бир катар депутаттарынын аттары аталган.
Комитет жыйынын чакырып, талкуулабай туруп, айрым депутаттардын тиешелүү документке көчөдөн кол коюп бериши, ТВЕАнын чакыруусу жана каржылоосу менен Кытайга барып келиши өңдүү фактылар ашкере болгон.
Бирок бул өңдүү маселелер далдаада калды. Буга ЖЭБ боюнча бир топ адамдар камакка алынып, өкмөт өкүлдөрүнүн бутага алынышы себеп болду.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев окуя үчүн парламент моралдык гана жоопкерчилик тартарын билдиргени бар.
- ЖЭБ боюнча аткаруу бийлиги жооптуу, - деген ал. - Акчаны ким алып, ким иштетти? Албетте, Жогорку Кеңештин моралдык жактан жоопкерчилиги бар. Себеби, техникалык-экономикалык аныктамасы жок, «бир эле компания ишти аткарат» дегендерге макул болуп койгон. Бирок биз анда «ЖЭБ өтө эскирген, ошондуктан ишти аткаруу бийлиги жүргүзөт» деген ишеним менен колдоп бергенбиз. Ошондуктан кимдер курса, акчаны кимдер бөлүштүргөн болсо, ошолор жооп берет.
Дагы бир жагдай – бул кырсыктан соң парламентте башка өлкөлөрдөн алынган насыянын же гранттын негизинде ишке ашкан бардык долбоорлорду текшерип чыгуу маселеси көтөрүлө баштаган. Эң алгач дал ушул эле кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырган «Датка Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясынын курулушу аталган. Бирок өткөн бир жыл аралыгында бул долбоорлорду текшерүү боюнча чакырыктардын деми басылды.
Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороевдин баамында, кырсык, анын арты менен ачыкка чыккан көрүнүштөр башкаруунун чаржайыттыгы менен кашаңдыгын далилдеди.
- Ири долбоорлордо, реконструкциялык же инфраструктуралык долбоорлордо толгон-токой суроо бар экенин ушул окуя көрсөттү, - дейт саясат таануучу. – Ал тиешелүү органдар, тиешелүү министрликтер өз жумушун чала алып барарын далилдеди. Ошол эле учурда Кыргызстанда экономикалык же башка тармак болобу, маселелерге саясат аралашып кетиши оңой экенин көрсөттү.
Окуянын сабагы кандай болду?
Бүгүн башы ачык калган жагдайлар менен катар «ЖЭБдеги кырсыктан кандай сабак алдык?» деген негизги суроо турат. Саясий да, укуктук да талкуулардын предметине айланган бул кырсык эӊ ириде бийлик үчүн сабак болушу керек деген пикирлер басымдуулук кылууда.
ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун пикиринде, бул окуянын сабагы өлкө эгемендиги үчүн маанилүү болду.
- Мамлекетибиз үчүн эң чоң сабак - сырттан насыяга акча алабызбы, карыз алабызбы, биринчи кезекте мамлекеттин эгемендигине доо кетирбегендей болушу керек экенин түшүндүк, - дейт ал. - Экинчиден, дал ушул сырттан алынган каражаттардын коррупциялык жол менен коротулуп жатканы билинип калды. Бул чоң сабак болду.
Ал эми жарандык активист Рита Карасартова мындан бийлик сабак алганына ишенбейт. Ал кырдаалды кызыкчылыкка жараша пайдалануу аракети болгону менен буга үндөш окуялар дагы эле уланып жатканын белгиледи:
- ЖЭБдин иши көпчүлүк үчүн демонстративдүү түрдө сабак болушу керек болчу. Бул ишке байланыштуу бардык адамдарды текши текшерип, жоопко тартса баары үчүн сабак болмок. Бүгүн кайталанмак эмес. Тилекке каршы, «Коопсуз шаар» деген долбоордун ишке ашырылышы ошондой жол менен кеткендей сезилет. Убагында «ТВЕАнын тажрыйбасы жок, ишти кандай аткарат болду экен» деп айтканыбызга кулак салбай коюшту эле. Азыр башка долбоорлор да ушул жол менен жүрүп жаткандай. Тактап айтканда, схема калып калды.
Дежавю...
Эӊ кызыгы, сабактар жөнүндө кеп кылып, «эми бул ишканадагы кырсык экинчи кайталанбайт» деп жатканда быйыл да 26-январда, былтыркы аварияга туура бир жыл толгондо ЖЭБде жылуулук берүүдө кайрадан маселе чыкты.
«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, былтыр толугу менен оӊдолгон жабдыктардын бири иштен чыккан. Анын айынан Бишкектин түштүк райондорунда жылуулук берүүдө кыйынчылык пайда болду.
- Бул пландалбаган ремонт болду, - деп түшүндүрдү ал. - ЖЭБдин кызматкерлери пландуу түрдө текшерүү жүргүзүп жатышканда суу өткөн түтүктөрдүн биринде дефект аныкталган. Аны оңдош үчүн биз жылуулук берүүгө чектөө киргизишибиз керек болчу. Биз чектөө киргизип, бардык кемчиликтерди оңдодук.
Бул ирет энергетиктер бул жабдыкты бир күн кечке оӊдоп, жылуулук берүү калыбына келтирилди. Учурда кырсыктын себебин аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, иликтеп жатат. Бул ирет ким күнөөлүү деп табылары белгисиз.
Бирок шаар тургундары менен адистердин пикиринде, жаӊыдан оӊдолгон борбордо жыл сайын ушундай кырдаал түзүлө берсе Бишкек ЖЭБи далай жолу саясий күрөшкө жана коомдук талкууга негиз болуп берчүдөй.