“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-апрель-1-май)
Кыргызстанда башталгыч класстын окуучуларынын тамагы үчүн бюджеттен жылына каражат бөлүнөт. Аны бөлүштүрө келгенде бала башына жети сомдон туура келет.
Кыргызстанда орто мектепти бүтүрүп жаткан жаштар Орусиядагы жүздөгөн университеттерге акысыз окуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Бул үчүн эмне талап кылынат?
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-апрель).
Артериялык кан басымдын жогору болуусу алгач көрүү, угуу жөндөмүн басаңдатып, жүрөк, бөйрөк сыяктуу органдардын толук кандуу иштөөсүн кыйындатат. Дарыгерлердин айтуусунда, кандын басымы 130дан жогору болгондо эле адиске кайрылып, керектүү дарыланууну, алдын алуучу иш-чараларды баштоо керек.
Мамлекеттик жана менчик медициналык тейлөө мекемелеринде адам факторуна байланышкан калпыстыктар жана алардын кесепеттери тууралуу элде көп дооматтар айтылып келе жатат.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-апрель).
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде насыбайга тыюу салуу маселеси көтөрүлүүдө.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-апрель).
Шотландиянын Каледония университетинин өкүлдөрү Бишкекке келип, абитуриенттер жана каалоочулар үчүн таанышуу семинарын өтүштү.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментинин маданий байланыш программасынын негизинде Кыргызстанга Энтони Станко баштаган The Crucial Elements жаз тобунун музыканттары келди. Алар «Азаттык» радиосунун студиясында да конокто болушуп, өздөрү тууралуу айтып беришти.
Москва мамлекеттик университетинин профессору, эл аралык бир нече сыйлыктардын ээси, англис тили боюнча мыкты адистердин бири катары таанылган мекендешибиз Марклен Коңурбаев «Журтташтар» түрмөгүнө маек берди. Окумуштуу бул жаатта кыргыздарга көмөк көрсөтүүчү борбор да ачарын кабарлады.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-март - 3-апрель).
"Азаттык" Бишкектеги №2 төрөт үйүнө барып, акушер-гинекологдор, жаңы көз жарган аялдарга жолугуп, төрөттөн кийин кантип тыңыш керек деген суроого жооп издеди. Төрөгөндөн кийинки аял ден соолугуна жакшы кам көрбөсө, ал өлүмгө да алып келиши мүмкүн экенин адистер тынбай айтып келишет.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-27-март).
Швейцария өкмөтү чет өлкөлүк студенттер жана илим изилдөөчүлөр үчүн жыл сайын гранттык орундарды бөлөт. Ошондой эле бул өлкөдө окуп, билим алуудан тышкары иштеп, акча табуунун да жолдору көп.
Апта темасы аркылуу “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстанда калыптанып келаткан үй кызматчы, бала багуучу кызматтарынын азыркы көрүнүшүн сүрөттөгөнгө аракет кылышты.
Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүндө оор абалда жаткан 8 жаштагы Адахан Узаковду атасы жалгыз карап жатса, 1-4-5 жашар наристелерди 9 жаштагы секелек Гүлгаакы өзү жалгыз багууда. Оор дарттын диагнозу аз келгенсип, балдар жакырчылыктан жабыркап, ата-эне мээримине суусап турушат. Кыргызстанда акыркы мезгилде балдар арасындагы кургак учук кулач жайганы айтылууда.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (13-20-март).
Эл арасында бака-жылан жеп, эмчи-домчуга көрүнүп шыпаа издегендер көп. Бирок кээде мындай аракеттин арты кайгылуу бүткөн учурлар да жок эмес.
Дагы жүктөңүз