“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-31-июль)
АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орун басары Дэниел Розенблюм 28-июлда аймактагы журналисттер менен телефон аркылуу басма сөз жыйынын өткөрдү.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-25-июль).
21-кылым кыз-келиндерге, анын ичинде кыргызстандык аялдарга укмуштуудай жаңы горизонтторду ачты. Билимге умтулган кыргыздын кыздары азыр дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенишүүдө.
Жасалма уруктандыруу же ЭКО ыкмасы азыр дүйнөдө кеңири тарады. Бул ирет Сергек жашоо берүүсүндө жасалма уруктандыруунун саны боюнча дүйнөдө 10-орунда турган Түркиянын тажрыйбасын сиздерге бул операциянын жүрүшүнөн алынган репортаж аркылуу сунуштайбыз.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-июль)
Баш калаа Бишкекте акыркы кезде компьютердик диагностика жасайбыз деген жарнамалар жайнап кетти. Бардык органды бир заматта эле компьютерге салып дартты аныктай койобуз дегендердин чын-бышыгы тууралуу "Сергек жашоо" берүүсүндө сөз болот.
Жыл сайын Кыргызстандан диний билим алууну көздөгөн жаштар Пакистан, Бангладеш жана араб өлкөлөрүнө барышат. Ошол эле маалда Оксфорддой Британиянын ири окуу жайларында, Индонезия, Малайзияда да ислам жаатында билим алууга толук шарттар түзүлгөн.
Апрель айынын этегинде Казакстанда 13 жылга чукул кулчулукта жүргөн кыргызстандык Элзада Муминова аттуу келин кызы менен бошотулган.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-июль)
Кыргызстанда азыр машине айдаган кыз-келиндер жаңылык деле болбой калды. Башкалаадагы такси кызматында иштеп, эл ташыган аялдардын саны ондоп саналат. "Аялзат" берүүсүндө коомдогу ушул тенденция тууралуу кеп кылабыз.
Азыр өлкөдө дарбыздын соодасы кызып жатат. Бирок адистер дарбыздын бышкан учуру август айынын онунан кийин башталарын айтышат. Сергек жашоо берүсүүнүн бул жолку чыгарылышында дарбызды дүңүнөн саткан базарга барып, дарбыз сатып алып, курамындагы жер семирткичтерди текшердик.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-июнь - 2-июль)
Кезектеги апта темасы балдардын коопсуздугуна арналды. Орусиянын Карелиядагы эс алуу лагеринде ондон ашык баланын өмүрүн алган кырсык балдардын коопсуздугуна кам көрүүнүн маанисин арттырды. Кыргызстандык балдар деле мындай тобокелчиликтерден корголгон деп айтуу кыйын.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-июнь).
“Азаттыктын” кезектеги апта темасында Кыргызстандагы өрт коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сөз болот.
Бир жолу жаңы кийим менен эл алдына чыккан модел кыз Кыргызстанда бир күндө 200 же 300 сомдон гана киреше таба алат. Акчанын аздыгынан улам бул кесипти таштап кеткендер көп болгону менен, айрым сулуулар кошумча жумуштарда иштешет.
Lancet журналындагы маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө 56 миллион аял боюнан алдырат экен. Аборттун аял саламаттыгына залакасы чоң болору көп айтылганы менен дарыгерлердин бул кызматынан баш тарткандар саналуу.
Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) кыргызстандык студенттер жана илим изилдөөчүлөр үчүн быйыл 400 миң евро каражат бөлдү. Бул программа менен 75 студент Кыргызстандан Германиянын ар кыл шаарларына барып бир нече айдан бир нече жылга чейин билим алып келишет.
Жай башталары менен көл жээгинде эс алууну көздөгөн, деги эле жеңил көйнөк кийгиси келген айымдардын көбү ашыкча түктөн арылуунун ар кыл жолун издешет. Сергек жашоо берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында эпиляция жана деплияциянын айырмасы, аны туура жасатуу жолдору тууралуу сөз болот.
Дагы жүктөңүз