Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Референдум Алиевдер тукумунун 40 жылдык бийлигин бекемдөө амалы


Азербайжан -- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү референдумга кам көрүшүүдө, Баку, 17-март 2009
Азербайжан -- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү референдумга кам көрүшүүдө, Баку, 17-март 2009

18-мартта Азербайжан шайлоочулары президенттин бийлик мөөнөтүн узартуу үчүн добуш беришет. Референдумда Конституциянын «бир адам эки эле мөөнөткө президент шайлана алат» деген беренесине өзгөртүү киргизилмекчи. Бул, Азери оппозициясынын айтышынча, Алиевдер тукумунун 40 жылдык бийлигин бекемдөөнү көздөйт жана 47 жаштагы Илхам Аливдин үчүнчү мөөнөткө бийликте калуусуна жол ачат.

Мунайга бай Азербайжандын экономикасы 2003-2008-жылдары жылына орточо 20 проценттен ашуун өсүп жатты. Бул дүйнөдөгү эң мыкты көрсөткүч. Көпчүлүк азерилер экономиканын таскактап өсүүсүн президент Илхам Алиевдин кеменгерлигинен көрүшөт. Алар ошон үчүн 47 жаштагы Илхамдын бийлик мөөнөтүн узарттууга жана Конституциянын «эч ким эки мөөнөттөн ашык катары менен президент шайлана албайт» деген беренесин өзгөртүү үчүн добуш берүүгө макул.

Бакылык бул аял: “Албетте референдумга барам. Биз президентти сүйөбүз. Кудай алкасын президентти. Баары жакшы болот,”- десе, карыя шайлоочу: “Башкаларды билебиз-жалаң шүмшүктөр болчу. Бул иштеп жатат. Калып иштей берсин,”- дейт.

Еврокеңештин Конституцияга тийиштүү маселелер боюнча масилээтчиси - Венеция комиссиясынын билдиришинче, Азербайжан үчүн референдум “демократия жолунан бура тартуу болот”.

Рефрендум өткөн октябрда экинчи беш жылга президент шайланган Илхам Алиевдин 2013-жылдан кийин да бийликте калуусуна жол ачат. Алиевдер тукумунун бийлиги дагы бекемделет. Улуу Алиев Гейдар Советтик Азербайжанды 13 жыл бою, анан да өлкө күнкорсуздук алгандан кийин 1993-2003-жылдары президенттик кылып, көзү өтөр алдында бийликти уулуна мурастап кеткен.

Референдумдун демилгечиси, бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясынын ырасташынча, президенттин бийлик мөөнөтүн чектебөө - өлкөнү саясый бейстабилдүүлүктөн сактайт экен. Өкмөттүк “Азербайжан” гезитинин редактору, башкаруучу партиянын мартабалуу мүчөсү, парламент мүчөсү Бахтияр Садыгов референдумда эл жапырт «ооба» деп, саясый зиректигин көрсөтөт, оппозициянын тилеги таш кабат деп ишенет:

- Көз боемочулук болот, нааразылык акциялары өтөт дегендер бу ирет кайрадан жаңылышат деп ойлойм.

Референдум аркылуу журналисттердин уруксатсыз видео жана фотосүрөт тартууга, аудиого жазуусуна да тыйуу салынмакчы. Андан тышкары аскерий операция мезгилинде парламенттик жана президенттик шайлоону кийинкиге калтыруу да каралган. Бул бийликке Тоолуу Карабак чатагына шилтеп, өлкөнү «согуштук абалда» деп жарыялоону мүмкүн кылат дешет сынчылар.

Оппозициядагы Элдик майдандын партиясынын орун басар төрагасы Нуриддин Мамадлинин айтымында, референдумдун натыйжасында башкаруучу элита бийликти биротоло менчиктеп алат:

- Өкмөт референдумду өткөрүү менен ачыктан ачык эле: "Биз коомду өзгөртүүнү каалабайбыз. Биз силерди өзгөртүү аркылуу коомду башкарабыз. Каалашыбызча пара ала беребиз, силердин укугуңарды каалаганда тепсейбиз. Плюрализм, сөз эркиндиги болбойт. Силер кимди шайлабагыла, бийлик биздин адамдын колунда болот. Силер буга ынанууңар керек" деп айтууда. Бул - феодалдык система.

XS
SM
MD
LG