Ак үй мамлекеттик сырды ашкереледи деп, коопсуздук маселесин чагылдырган журналисттердин маалымат булагын иликтөөсү коомго “зыян” алып келүүдө.
Cоңку маалымат боюнча, Илхам Алиевдин үчүнчү мөөнөт президент болушу үчүн шайлоочулардын 85 проценти добуш берди.
Вашингтондун билдиришинче, 2014-жылдан кийин Ооганстанда калчу АКШ аскерлеринин ролу боюнча Ооган өкмөтү менен келишим жакында даяр болот.
Ооганстанда президенттикке талапкер катары 27 адам арыз берди. Алардын арасында мурдагы жана азыркы саясатчылар көпчүлүктү түзөт.
Херсон облусунда сталиндик репрессия жылдары сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарга экинчи эстелик тургузулду.
1993-жылы 4-октябрда президент Борис Ельциндин буйругу менен Ак үй танктардан аткыланып, Жогорку Кеңеш төрагасы Хасбулатов жана вице-президент Руцкой башындагы оппозиция камакка алынган.
Хасан Роуханинин Нью-Йоркто болгон ийгиликтүү сапары, Барак Обама менен тарыхый телефон сүйлөшүүсү Иранда ар кыл пикир жаратууда.
Кошмо Штаттарда федералдык бюджеттен каржыланган кызматкерлер үчүн кыйын кезең келди.
Элчи Райан Крокер АКШдагы улуу муундагы дипломаттардын ичинен Жакынкы Чыгыш боюнча эң тажрыйбалуусу.
АКШ жана Иран дипломаттарынын эки күндүк сүйлөшүүлөрүнө карабай, эки мамлекеттин лидерлери 25-сентябрда Нью-Йоркто кездешкен жок.
21-cентябрда Пакистан бийликтери Ооган талибдеринин лидеринин мурунку орун басары Молдо Абдул Ганы Барадарды абактан чыгарды.
Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани ушул аптада биринчи жолу Бириккен улуттар уюмунда сөз сүйлөйт.
23-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Эмигранттар” спектаклинин жүз ачары болду.
Тышкы иштер министр Жавад Зариф Фейсбукту такай колдонорун жана анда баракчалары бар экенин ырастады.
14-августтан тарта Украина-Орусия чек арасында Украинадан келаткан товаралар дыкат текшерүүгө алынып, узун кезек күткөн машинелер пайда болду.
Египеттин “Мусулман агайындар” уюму өз тарапкерлерин бүгүн көчөгө жабыла чыгып, “Каарлануу күнүн” өткөрүүгө чакырды.
Францияда мечитке кол салууну мерчемдеди деп шектелген адам камакка алынды.
Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани юридикалык иштер боюнча вице-президенттикке Илхам Аминазаде айымды дайындады.
Компьютер оюндары менен интернетке байлануу балдардын мээсине канчалык пайда же зыян экени окумуштуулар арасында талаш туудурууда.
Орусиялык аскерлер Тажикстанда 2042-жылга чейин калмай болду. Тажик парламенти мындай келишимди быйыл күзүндө бекитет.
Дагы жүктөңүз