Кыраанбек Макен азыр Бээжинде Кытайдын баскетбол боюнча улуттук тандалмасынын курамында машыгып жаткан чагы. Баскетбол үчүн орто бойлуу Кыраанбекти спортсмен курдаштары Киланбайке деп аташат.
22 жаштагы Кыраанбек Макен Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда туулган. Өзү айткандай, кесипкөй баскетболчу.
Саудия башындагы өлкөлөрдүн аба күчтөрү 27-мартта да Йемендеги шиит козголоңчулардын өңүттөрүн бомбалоону улантты.
26-марттан тарта Сауд Арабия баштаган өлкөлөр Йемендеги хусит кыймылынын өңүттөрүнө абадан сокку урууда.
26-мартта Сауд Арабия башындагы араб өлкөлөрү Йемендеги хусит кыймылына каршы аскер операциясын баштады. Эр-Рияд операциянын максаты Йемендин мыйзамдуу өкмөтүн кулатпай сактап калуу экенин билдирди.
25-мартта Украина өкмөтүндөгү жыйын маалында Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматынын башчысы жана анын биринчи орун басары камакка алынды.
Президент Барак Обаманын чечимине ылайык, АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүү жайлатылат жана быйыл жыл аягына дейре өлкөдө азыркы 9800 аскер калтырылат.
Акыркы беш жылда курал экспортунун көлөмү 2005-2009-жылдарга салыштырмалуу 16 пайызга өстү. Дүйнөдө кайсы мамлекеттер көп курал сатып алат? Куралдануу коопсуздукка кандай таасир этти?
"Кошмо Штаттар Ирандын ядролук куралды өнүктүрүүсүнө жол бербей койо алат" деп билдирди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын директору Жон Бреннан.
Президент Барак Обаманын кеңсеси Борбор Азия боюнча стратегиясын акыркы мезгилде саясый-экономикалык жагдай өзгөргөнгө байланыштуу кайра карап чыкты. Анын себеби эмнеде? Ага эмне түрткү болду?
Израилдеги жалпы элдик шайлоодо башкаруучу "Ликуд" партиясы күтүүсүздөн жеңүүчү чыкты. Премьер-министр Нетаняхунун жетегиндеги “Ликуд” партиясы 120 орундуу парламентте 30 мандатка ээ болорун добуштарды саноо көрсөтүүдө.
Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнү АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 16-мартта улантышты.
Ирак армиясы Тикрит шаарын бир нече багытта кысып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушчандарын шаардын ортосуна камоодо. 11-мартта өкмөттүк күчтөр жана шиит милициясы Тикритке түндүк жана түштүк тарабынан чабуул коюп кирген.
Вашингтон Украинага 75 миллион долларга аскерий техникадан жардам берет. Муну менен катар айрым орус жетекчилерине каршы кошумча санкция жарыялады.
Аалым-диниятчы Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 11-мартта Ташкентте түбөлүк сапарга узатылды.
Европа биримдигинин өз куралдуу күчтөрү болуусу абзел. Мындай сунушту Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер басма сөзгө берген маегинде айтты.
Америкалык 47 республикачыл-сенатор Ирандын жетекчилигине кат жолдоп, расмий Тегеран Ак үй менен сүйлөшүп жаткан ядролук келишим Барак Обама президенттиктен кеткенге чейин гана өмүр сүрүшү мүмкүн деп эскертишти.
Президент Путин Крымды аскер киргизип, Орусиянын курамына кошуп алуу мурдатан даярдалган операция болгонун тастыктады.
“Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары Ирактын түндүгүндө адамзаттын байыркы тарыхый дөөлөтүн кыйратууну улантууда.
6-мартта АКШ долларынын наркы дүйнөнүн башка негизги валютасы еврого салыштырмалуу бир кыйла өстү. Евро акыркы 12 жылда биринчи жолу долларга салыштырмалуу арзандады.
Дагы жүктөңүз