Эми ЕБга өтчү качкындар Реске чек ара бекети аркылуу гана өтө алышат. Венгрияга мыйзамсыз киргенге аракет кылгандар жоопко тартылат.
Орусиянын аскер аба күчтөрүн кубаттандыруусу жана модернизациялоосу Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгын тынчсыздандырууда.
Европа Биримдигине мүчө 28 мамлекеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде мигранттар кризисин жөндөө маселесин талкуулашат.
Кадамжай районундагы Чаувай поселогундагы сымап кени кайра иштетиле баштаганына үчүнчү жылга аяк таштоодо. Бул эзелки Фергана өрөөнүнүн тарыхында белгилүү байыркы кендин үчүнчү ирет кайра туулушу.
Чаувай кени акырындап кайра иштетилүүдө.
Түштүк Африкада адамзаттын буга чейин белгисиз түрү табылды. Алардын мээсинин чоңдугу бүгүнкү адамдыкына караганда эки эсе кичине, боюнун бийиктиги 150 сантиметрге жетпейт.
АКШнын чалгындоо кызматтарынын божомолунда, Ирак менен Сириядагы канабайрам кагылыштар эки өлкөнү биротоло ыдыратып, алардын мамлекет катары жок болуп кетишине алып келиши ыктымал.
Иран менен дүйнөнүн бакубат алты державасы 14-июлда Венада түзгөн Ядролук келишим АКШ Конгрессин жаатташтырып жаакташтырган маселе.
Тажикстандын коопсуздук күчтөрү коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы жана анын тарапкерлерин издөөнү улантышууда.
Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, быйыл Европанын байгер өлкөлөрүнө жетебиз деген 265 миңдей адам Жер Ортолук деңизинен өтүштү.
Украинанын жаңы аскердик доктринасы өлкөнүн аскер душманы деп Орусияны атады. Доктрина долбоорун Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 2- сентябрда бекитти.
Европа Биримдиги Орусияга жана донбасстык жикчилдерге каршы мурда киргизилген санкцияларды 2016-жылдын 15-мартына чейин узартканга бел байлоодо.
Украин парламенти 31-августта борбордук өкмөттүн бийлик укугун жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жана аны конституцияга киргизүү сунушун жактады.
АКШ Пакистанды Ооган өкмөтүнүн талиптер менен сүйлөшүүсүн кайра улантуусуна көмөк көрсөтүүгө үндөдү.
Ырбап бараткан миграциялык кризис Евробиримдиктин кезексиз жыйынында талкууланыш керек. Мындай билдирүүнү 30-августта Германия, Франция жана Британия биргелешип жасашты.
Сербия жана Косово өз ара мамилени ырааттуу нукка салууну көздөй дагы бир кадам жасашты.
Түркияда кезексиз парламенттик шайлоо 1-ноябрда өтөт. Мындай чечимди 25-августта Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.
Ангела Меркел менен Франсуа Олланддын сүйлөшүүсүндө талкууланган негизги тема Евробиримдикке бозгундардын рекорддук деңгээлде келүүсүнө байланыштуу Европанын түштүгүндө түзүлгөн кризистик жагдай болду.
Тянь-Шань тоолорунун мөңгүлөрү акыркы жарым кылымда төрттөн бирге жакын азайып, жалпы аянты 2 миң квадрат километрге жакын кемиди. Суунун тоңгон кенчи саналган мөңгүлөрдүн азаюусу жайкысын күндүн ысып баратканына байланыштуу.
Президент Барак Обамада Иран менен түзүлгөн ядролук келишим боюнча республикачыл конгрессмендер менен тирешүүдө “ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү чоң”.
Дагы жүктөңүз