Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

Орусиянын аскер кубаты Пентагонду кооптондурат


Орусиянын президенти Владимир Путин, коргоо министри Сергей Шойгу, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов
Орусиянын президенти Владимир Путин, коргоо министри Сергей Шойгу, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов

Орусиянын аскер аба күчтөрүн кубаттандыруусу жана модернизациялоосу Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгын тынчсыздандырууда.

14-сентябрда АКШнын аба күчтөрүнүн Европадагы командачысы Фрэнк Горенц Орусиянын аскердик авиацияны, анын ичинде пилотсуз учактарды сандык жана сапаттык жактан көбөйтүп жатканына өтө камтама экенин билдирди.

Акыркы кезде америкалык аскер башчылар Орусиянын аба күчтөрүнүн кубатын арттырып жатканына көп көңүл бурушчу болду.

АКШнын аба күчтөрүнүн Европадагы командачысы Фрэнк Горенц дүйшөмбү күнү Улуттук аба күчтөрү ассоциациясынын жыйынында сүйлөп, Орусия 2008-жылы Грузияга басып киргенден жана былтыр Крымды аннексиялап алгандан тартып, аталган эки чөлкөмдү жана Калининград облусун айланта абадан коргонуу системаларын куруп жатканына токтолду. Калининград облусу Польша менен Литванын ортосундагы анклав.

Мен чынын айтайын: биздин абадагы үстөмдүгүбүз акырындап азайууда”,-деди генерал Горенц жана Польшанын территориясынын үчтөн бирин орусиялык радардык станциялар көзөмөлдө кармап турганын кошумчалады.

Орус жоокерлери
Орус жоокерлери

Ал жыйындан соң кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын аба күчтөрүн, ошондой эле пилотсуз башкарылчу дрондорду көбөйтүп да, сапатын жакшыртып да жатканы кооптондурганын айтты.

Ушул эле күнү НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн башкы командачысы Түндүк Атлантика альянсынын Стамбулдагы чогулушунан кийин: “Европанын картасын күч менен өзгөрткөн Орусиянын реваншизми өзүнө анча көңүл бурдурууда”, - деп билдирди. Филип Бридлав АКШнын Европадагы күчтөрүнүн да командачысы.

Президент Владимир Путин 16-июнда Москва облусундагы "Армия-2015" деп аталган эл аралык аскердик-техникалык форумда Орусиянын космостук күчтөрү быйыл 40тан ашык баллистикалык ракета менен толукталат деп жар салган. Аталган ракеталар 10 000 чакырымдан алыска жетет.

- Үстүбүздөгү жылы ядролук күчтөр ар кандай, атүгүл абадан коргонуунун эң мыкты системасын бузуп өтчү 40тан көп континенттер аралык баллистикалык ракеталар менен толукталат.

Путин ошондой эле батыш жана чыгыш стратегиялык багытын көзөмөлдөп турчу эки жаңы радиолокациялык түйүн түзүлөрүн, 2020-жылга карай Орусия армиясы 70-100% бүгүнкү эң мыкты куралдар менен камсыздаларын дагы баса белгилеген.

Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоосу, куралдуу күчтөрүн модернизациялоосу жана эскертпей туруп чек арага тектеш аймактарда аскерий маневрларды өткөрүүсү коңшуларын, өзгөчө, Балтика өлкөлөрүн камтама кылып, альтернативдүү чара көрүүгө түртүүдө.

Эстониянын коргоо министри Свен Миксер 23-июнда Таллиннде америкалык кесиптеши Эш Картер менен бирге өткөргөн маалымат жыйында Балтика мамлекеттери Москванын коркунучуна каршы аскер кубатын арттырууга муктаж экенин айткан.

- Бизде Орусия Балтика чөлкөмүн НАТОнун эң бошоң бөлүгү ирети, НАТОнун чечкиндүүлүгүн жана өз милдеттенмелерине канчалык бекем экенин текшерүү үчүн пайдаланган деп ишенгенге негиз бар. Биз, ошон үчүн, Орусияга ар бир союздук өлкөнү чогуу чечкиндүү коргой турганыбызды, ага катар өз мамилебизди көрсөтүү жана ачык белги берүү үчүн аскердик кубатыбызды арттырууга керек иштерди жасоо өтө зарыл деп билебиз.

АКШнын расмий адамдары Кытай америкалыктардын аскердик авиациясына каршы абадан коргонуу системасын өнүктүрүп жатканына кабатыр болгонун маал-маал айтып жүрүшөт. Генерал Горенцтин айтымында, Орусия да ушул багытта иш жүргүзүүдө. Андыктан, АКШнын аба күчтөрү мүмкүн болчу коркунучка каршы туруу үчүн жаңы тактиканы жана усулдарды иштеп чыгышы зарыл, деп эсептейт АКШнын аба күчтөрүнүн Европадагы командачысы.

XS
SM
MD
LG