Ооганстандын түндүгүндөгү кырдаал жана талиптердин күчтөнүүсү ырасмий Кабылды Орусиядан жардам издөөгө аргасыз кылууда. Өлкөнүн 1-вице-президенти Абдул Рашид Дустум үстүбүздөгү аптанын башында Москвада келди.
Дональд Туск Европарламентте сүйлөп, Европа Биримдигине жетүү дагы деле миллиондогон бозгундар менен мигранттардын максаты экенин баса белгиледи.
Ооганстандын Кундуз шаарындагы оорукананы бомбалоону АКШ, НАТО жана Ооган бийликтери иликтешүүдө. "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Кундуздагы ооруканасына 3-октябрда урулган авиасоккудан 22 адам набыт болгон.
Физиология жана медицина тармагындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттары аталды.
Ооган коопсуздук күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарынын көпчүлүк бөлүгүн талибдерден тазалаганы маалымдалды. Бир аптадан бери бүгүн биринчи жолу дүкөндөр ачылып, эл көчөгө чыга баштады.
Пакистан коңшулаш Индияны өз ара каршылашууну токтотуп, кызматташууга чакырды. Мындай кайрылууну премьер-министр Наваз Шариф шаршемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында жасады.
Орусия Сирияда аба соккуларын баштаганына байланыштуу АКШ жана Орусиянын аскердик эксперттери чукул арада кездешет.
Каталониялык жикчил партиялар жекшемби күнү жергиликтүү парламенттик шайлоодо жеңишке жетти.
АКШ жана Орусия президенттери бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынынан тышкары маалда кездешет деп мерчемделүүдө.
Лос-Анжелес шаарындагы атактуу Гетти музейи менен Армян Апостол чиркөөсүнүн талашы мунаса менен бүттү.
Бейшемби күнү Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүк планын жарыялады.
Ирактык езиддер 24-сентябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, согушчул топтор езиддерге каршы жүргүзгөн геноцидди жана аялдарды сексуалдык күңгө айлантуусун иликтөөнү суранышты.
Кытай президенти Си Цзинпин бүгүн Вашингтондо президент Барак Обама менен жолугат. Ал Кошмо Штаттарга шейшемби күнү расмий иш сапар менен келген.
Сириялык качкын-бозгундардын Түркия, Иордания жана Ливандагы лагерлерине көмөктөшүүгө Евробиримдик 1 миллиард евро чегерет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын Сирия президенти Башар Асадга аскердик колдоо көрсөтүп жатканына тынчсыздануу билдирди.
Бүгүн Европа Биримдигинин лидерлери кезексиз жыйынга чогулуп, мигранттар кризисин талкуулайт. Бул кризис Шенген келишимин ойрон кылышы ыктымал деген кооптонууларды жаратты.
Ооган офицерлердин балдарды сексуалдык жактан пайдалануусун токтотууга аракет кылган америкалык аскерлер дисциплиналык жазага тартылган.
Грециядагы кезексиз парламенттик шайлоодо кайрадан солчул СИРИЗА партиясы жеңди. Жекшемби күнкү шайлоодо алар 35,47% добуш алышты.
Хорватия качкындар селинен улам Сербияга чектеш сегиз тосот жайдын жетөөн жапты.
Иран үчүн учурда баарынан да суу тартыштыгы, жумушсуздук, инфляция жана баңгичилик коркунучтуу.
Дагы жүктөңүз