"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
28-майда Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо болуп, алдыга чыккан Дамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылса, штабында иштеген эки адам камакка алынды. Шайлоодо экинчи келген Улан Сариевге УКМК добуш сатып алуу фактысы менен кылмыш ишин козгоду.
Өткөн аптада Канттын жанында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги биргелешкен операция өткөрүп, коркунучтуу кылмышкер жок кылынганын кабарлады.
Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Медиа эксперттер менен юристтер документ сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарын жапырт көзөмөлгө алат деп эскертүүдө. Мыйзам долбоорундагы коркунучтар жана тобокелчиликтер эмнеде?
Кыргызстанда турак жайдын жетишсиздиги аялуу катмардагы калктын өзгөчө көйгөйү болуп саналат. Бишкекте укук коргоо органдарынын ардагерлери бийликке кайрылып, мыйзамда белгиленген шарттарды аткарууну талап кылды. “Азаттык” үйгө муктаж жарандардын арыз-мууңун угуп, өкмөттүн түшүндүрмөсүн алды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев зарылчылык болсо Конституция дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы жана анын айланасында талкуу жүрүп жаткан маалда айтты.
Бишкек шаарында 6-майда Журналисттер аллеясында сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө арналган ишембилик өттү.
Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бишкек менен Бээжин азырынча визасыз каттамдын жол-жобосу жөнүндө толук маалымат бере элек. Айрым серепчилер кытай жарандарынын Кыргызстанга ээн-эркин кирүүсүнө шарт түзүүнүн тобокелдигин айтып, тынчсызданып атышат.
Апрелдин соңунда уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдогон. Анда “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого кыргыз бийлигинен көмөк сурашкан.
1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга кымбаттайт, башкача айтканда 1 сом болот. Өкмөт бекиткен тарифтик тутум 12 категориядан турат.
Орусиянын абактарында отурган кыргыз жарандарынын жакындары Бишкекте акцияга чыкты. Алар Украинадагы согушка мажбурлоо көбөйгөндүктөн эркинен ажыратылгандарды өз мекенине экстрадициялоону тездетүүнү суранды. Кыргызстандын миңден ашуун жараны орус абактарында жатат.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
Бишкектин четиндеги Новопокровка айылынын тургуну Виктор Сильчик "Азаттыкка" короосунан байыркы карапа таап алганын айтып кайрылды. Тарыхчы, археолог Кубат Табалдыев бийиктиги эки метрге чукул чоподон жасалган карапа VIII-XI кылымга таандык экенин айтууда.
"Эсимде" изилдөө аянтчасы “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” аттуу даректүү тасманын бет ачарын өткөрдү. Тасмада 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын тагдыры жана ал доордогу саясий абал чагылдырылган.
Кыргызстанда жашы жете элек балдар зордукталган учурлар акыркы мезгилде күн алыс катталып, бирок бул иштерди тергөөдө кайдыгерлик, кылмышка шектүүлөрдүн пайдасына чыккан сот өкүмдөрү ондогон ата-эненин, кордук көргөн балдардын көз жашына айланды.
Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбос” компаниясы дооматты четке кагууда. Россельхознадзор буга чейин кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган эле.
24 жаштагы Викториянын улуту немис. Бир жыл мурда Бишкекте кыргыз тили боюнча курс ачкан. Учурда каалоочуларга акысыз тил үйрөтөт. Бала чагынан кыргызча түш жоруган Викториянын сабагына кыргызча үйрөнгүсү келген бардык улуттун өкүлдөрү келет.
Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтууда.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши аяктады. 21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышты.
Чүйдө 12 жаштагы баланы өз атасы денесинде соо же калтырбай сабаган окуя коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Бир эмес бир нече жолу ур-токмокко кабылганы айтылган баланын атасы бир айга камакка алынды. Ал арада Ошто да үч жашар баланын өлүмүн милиция териштирип жатканы маалымдалды.
Дагы жүктөңүз