"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Соңку жылдары баласын тууганына, коңшусуна же башка бейтааныш адамга таштап, миграцияга кеткен ата-энелердин саны аз эмес.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү журналист, акын, "Азаттыктын" редактору Кубат Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” аттуу ыр жыйнагынын бет ачар аземи өттү.
Бүгүн, 8-марттантарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра экзамен тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасы 15 миң сомго чейин көтөргөн мыйзам күчүнө кирди.
Кыргызстандыктар Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн кийин жашап турган үйүнүн, көп кабаттуу имараттардын сапатынан шек санай баштады. Анткени курулуш иштеринде сеймикалык эрежелер эске алынбайт деп эсептешет. Мындан тышкары Бишкектин жогору жагындагы Ысык-Ата жаракасы да ойлонто турган маселе.
Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлүп, төрт баласы, пенсиядагы апасы менен көчөдө калды. Жогорку Сот келиндин үйүн бузууга анын мыйзамсыз курулуш жүргүзгөнү себеп болгонун билдирди. Коомчулуктун реакциясынан кийин өкмөт келинге үй салып бере турганы белгилүү болду.
“Тентек” анимациялык студиясы “Манас” эпосунун негизинде даярдалган мультсериалдын кезектеги бөлүгүн тартып бүттү. Чыгармачыл топ балдарга кыргыз тилиндеги мультфильмдерди тартуулоодон тышкары окуучулар үчүн пайдалуу долбоорлорду даярдоо менен алектенүүдө.
Парламент билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин 1-мартта колдоп берди. Билим берүү жана илим министрлигине жаңы жетекчи дайындалганы билим берүү системасын реформалоо сунуштары кайрадан айтылып жатат. Билим берүү тармагына кандай реформа керек?
Кыргызстанда жер мунапысы тууралуу жобо чыккандан бери 86 миңге чукул адам арыз жазып, үй салып алган жерлерин мыйзамдаштырууну көздөп жатат. Учурда миң кишинин колуна менчиги тууралуу документ тийген. Өкмөт эки жылда турак жайга кызыл китеп берүү жараянын соңуна чыгара алабы?
Кыргызстандыктар 23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүн майрамдап жатат. Совет мезгилинде Кызыл Армиянын жана флоттун күнү деп аталган бул майрамдын кайра белгилене баштаганына 20 жыл болду. Мындай майрамдарда окуучуларга аскердик кийим кийгизүү адаты жайылууда.
Бишкекте “Кыздар билим жана илимде: Чакырыктар жана тобокелдиктер!” деген иш-чаранын алкагында даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Алардын бири ооган кыздарынын билимге болгон умтулуусун чагылдырат.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Анда "Вечерний Бишкек" басылмасы "Кактус медианы" жалган маалымат таратты деп айыптап, 50 миллион сом талап кылууда.