"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
11 жаштагы пианист Рамил – Австрияда жашаган кыргыз үй-бүлөнүн уулу. Ал Венанын көчөлөрүндө пианинодо ойноп, көптөгөн музыка сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон. Учурда таланттуу жеткинчек аталган өлкөдөгү музыкалык мектепте кошумча билим ала баштады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Сүлүктүдө көмүр казган айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныкталганын жарыялады.
Бишкекте режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” аттуу жаңы тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Чыныгы жашоодон алынган тасмада Кыргызстандагы кыз ала качуунун кесепеттери чагылдырылган.
Бишкекте 9-ноябрда юмористтер кыргызча стендап кечесин уюштурду. Анда коомдогу көйгөйлөр, саясат, социалдык темадагы тамашалар айтылды. Стендап куудулдар юмордогу бул жанрды өнүктүргүсү келет.
15 жыл мурун дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келген. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ата-энелердин үмүтүн жандыргандай болду.
2-ноябрда Камчыбек Ташиев мамлекеттик органдардан Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын айтты. Атайын кызматтын башчысы өлкөдө "Көлбаев, Матраимов мафиясы" болбойт деп белгиледи. Депутат Матраимов өз үй-бүлөсү тууралуу Ташиевдин айтканын четке какты.
Туу өзгөртүү демилгеси коомчулуктун талкуусунда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, соңку тогуз айда Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге жакын же 30% кыскарды. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган.
Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаева ооруканадан үйүнө чыгып келди. Үрөй учуруп, коомчулукту нес кылган ошол окуядан 20 күндөн кийин гана Асел эми өзүнө келип, зомбулукка туш болгон учурларды айтып берүүгө макул болду.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин арасында журналист жана саясий аналитик Айданбек Акматов да бар. "Азаттык" эркин ой, ачык коом үчүн күрөшкөн журналисттин бейнесине кайрылат.
Кыргызстанда дүйнөлүк онлайн соода аянтчалары, же маркетплейстер аркылуу товар алып-сатуу соңку жылдары кескин жанданды. Өлкөдө чет элдик Amazon, Etsy, eBay, Alibaba, AliExpress, JD.com, Taobao, Pinduoduo, Trendyol, Wildberries, Ozon жана "Яндекс.Маркет" сыяктуу платформалар менен иштегендер бар.
Нурзат Жээнбек өз өнөрү менен табиятка аяр мамиле кылууга үндөйт. Колунан көөрү төгүлгөн уздун табигый материалдардан, жүндөн, жибектен жасалган дизайнердик кийим-кечеси, автордук эмгектери кыргыздын карт тарыхына байланган. Ал чет өлкөлөрдө улуттук кол өнөрчүлүктү даңазалаган иш-чараларды өткөрөт.
4-сентябрда Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери нааразылыкка чыгып, жабык турган кампаларды ачууну талап кылышты. Соодагерлер салыкчылар миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканын айтышса, аталган кызмат мыйзамсыз соодага каршы күрөш жүрүп жатканын билдирет.
55 жаштагы Гүлкайыр Болотбекова үч жылдан бери ак кан менен алышып, ар 10 күн сайын донор канын куйдуруп жашап келет. Бул сейрек кездешкен дарттан айыгуу үчүн көп учурда сөөктүн кемигин алмаштыруу керек. Бирок трансплантация Кыргызстанда жасалбайт.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коноктору философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын баатыр, эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун уулу Райкан Төлөгөнов, жазуучу, журналист Жаналы Нурманбетов болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек. Кенди иштетүүгө лизенция алган “Уу-Таш” ишканасынын кожоюндарыбыз деген жарандар депутат, милиция кызматкери аралашып, көмүр кенин тартып алганын айтууда. Азыр соттук териштирүү уланууда.
2019-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алган.
Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер "Вагнердин" азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.
Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү базарда курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.
Ысык-Көлдүн тескей жээги илгертен эле кол өнөрчүлөрү, усталары, салттуу маданияттын сактоочулары менен таанымал. Аймакта акыркы жылдары ошол салттуу кол өнөрчүлүктү этно-стилдеги конок үйлөргө колдонуп, ишкердикке өткөн айымдардын саны артты.
Дагы жүктөңүз