"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
№1 Университет шайлоо окуругундагы шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким 6-январда Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодо Отунбаеванын таламдашы тарабынан кысым көрсөтүлгөнүн 10-январда өткөн маалымат жыйынынында билдирди. Ушул эле күнү бийлик тарабынан уюштурулган митингдин катышуучулары, Отунбаеванын талапкерлеринин талабы мыйзамсыз экендигин айтышты.
Улуттук филормонияда өткөн Бишкек шаарынын жалпы жыйынында мамлекет башчысы Аскар Акаев Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын реформанын жүрүшүнө тоскоол болгондугун айыптады. Ошондой эле мамлекет башчы алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого карата чет элдик уюмдардын каражаты менен Грузиядагыдай “Бархат” революциясын уюштурууга айрым оппозициялык кыймылдар кызыкдар деген оюн билдирди.
Жылдагыга караганда чет элдик туристтер быйыл Кыргызстанда арбын болушту. Алардын көпчүлүгү тоо туризми боюнча келишкен. Айрым туристтик фирмалардын билдиргенине караганда, республика аймагында тейлөө кызматы эл аралык талаптарга жооп бербейт. Анын кесепетинен өлкө аймагына келүүчү туристтердин саны кыскарууда. Ал эми өкмөттүн маалыматы боюнча туризмден түшкөн каражаттын теңинен көбү мамлекеттик казынага түшпөй, көмүскө колдонулган.
17-сентябрда билим берүү министри Мустафа Кидибаев жана 7 облустун билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Борис Шапиронун “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу китебин мектепте окутпоо тууралуу чечим кабыл алынганы айтылды.
9-сентябрда Бишкек шаарындагы Алатоо аянтында Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте террордук кол салуудан жапа чеккендердин кайгысын тең бөлүшүп, кандуу окуядан курман болгондорду эскерүү митинги өттү. Ага шаардагы Жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.
8-сентябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев менен Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Кыргыз-Орусия (Славян) университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту. Анын соңунда Аскар Акаев аталган окуу жайга Борис Ельциндин ысымын берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ельцин өз кезегинде АКШ учактарынын Кыргызстанда артышбаш экендигин айтты...
3-августта Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, маркум Абсамат Масалиевди акыркы сапарга узатууга байланыштуу аза күтүү жыйыны болуп өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин төрагалары, депутаттар, маркумдун туугандары жана шаардын жүздөгөн тургундары катышты. Аза күтүү митингисинде маркум Абсамат Масалиевдин кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги, адамдык касиеттери эскерилди. Маркумдун сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду.
Бүгүн өкмөт үйүндө дайындуу жыйын өттү. Анда “Чет өлкөдөн тарыхый атамекенине көчүп келген кыргыздарга жардам көрсөтүү чаралары” тууралуу президенттин жарлыгынын аткарылышы талкууга алынды. Өкмөт башчы аталган жарлыкты аткаруу багытында тиешелүү министрликтер, ведомостволор тарабынан конкреттүү программалар кабыл алынбай, иш чаржайыт жүргүзүлүп жатканын сынга алды.
Бишкектин борбордук Алатоо аянтында жезден жасалган “Эркиндик” айкели орнотулду. Аянтта турган мурдакы айкел гипстен жасалып убактылуу орнотулган эле.
12-июлда Чолпонатада өткөн Кыргыз Кытай консулдук кызмат башкармалктарынын 1-кеңешмесинин жыйынтыгы тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинде маалымат жыйыны өткөрүлдү. Кеңешмеде 8 маселе талкууга коюлуп, эки тараптын сунуштары менен толукталып, токтом кабыл алынган.
Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан товарларга чек койуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү багытында 30-июнда өкмөт үйүндө жыйын болуп өттү. Анда премьер-министр Николай Танаев улуттук коопсуздук кызматынын, башкы прокуратуранын, кирешелер боюнча комитеттин, бажы депертаментинин иштерин канаатандыраарлык эмес деп баалады. Өткөн жылы өлкө аймагына аткезчилик жолу менен 3 млрд. сом көлөмүндөгү товар киргизилген. Натыйжада өкмөттүк казына миллиардаган сомдон кол жууган.
“Кыргызстанда диний экстремизмдин коркунучу бар” деп билдирди премьер-министр өкмөт жыйынында. Ал эми ички иштер министри Бакирдин Субанбеков болсо “Хизб ут-Тахрир” партиясынын үгүт иштери коомдо улут аралык араздашууга алып келээрин маалымдады. Ал жергиликтүү мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн диний экстремизмге каршы алдын алуу иштерине жооптуу мамиле кылуусун өтүндү.
Бүгүн - 21-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында үстүбүздөгү жылдын январь айында палатанын бир катар депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттарга байланыштуу маселе каралды. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын сунуш кылды. Ага ылайык Улуттук коопсуздук кызматы оппозициянын өкүлдөрүн дайыма аңдып келгени билинди.
Алты саясий партия түзгөн "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу жалпы кыргызстандыктарга жана президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдогону турушат. Анда өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү, ал эми парламентти партиялык тизме менен куроо сунушталмакчы.«Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттери» жана башка саясий партиялар "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогун түзгөн. "Асаба" партиясынын лидери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, блок 2005-жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор акыйкат жана демократиялык негизде өтүшүн максат кылат. Төмөндө биз А.Бекназаров менен болгон маекти сунуш кылабыз.
Экинчи дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашуун адам набыт болгон. Ал тарыхка өчпөс кара так калтырганы менен эсте калды. Ааламга алаамат салган фашизмди кулатуу үчүн ар улуттун өкүлдөрү кан-жандарын аябады. Мына ошол жер шарына бейпилдик алып келген 1945-жылдын 9-майынан бери 59 жыл өтүптүр. Ушул ыйык күнгө арналып бүгүн Бишкекте "Жеңиш" аянтында митинг-реквием болуп өттү. Митингдин катышуучулары согушта курман болгондорго арналып тургузулган "Түбөлүк от" эстелигине гүлчамбар коюшуп, набыт болгондордун элесине таазим кылышты.
Сатирик жазуучу жана драматург Садыр Сарыгулов 20 жылдан ашуун “Чалкан” журналында иштеп, коомго жат көрүнүштөрдү сындаган калеми курч жазмакер катарында таанымал. Ал драматургия жанрында комедия аркылуу турмуштун терс көрүнүштөрүн ашкерелеп көрсөтө алган. Кыргыз адабиятында биринчилерден болуп сатиралык-юмордук роман жазган.
30-март - дүйшөмбүдө Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана шаар кызматтарынын быйылкы 3 айда аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу кезектеги отуруму болуп өттү. Шаар башчысы аткаруу кызматтарынын иштериндеги кемчиликтерди сынга алды.
Бүгүн - эл аралык театр күнү. Бул күнү мурдакы КМШ өлкөлөрүнүн маданият жана көркөм өнөр багытындагы мамлекеттик бийлик мекемелери театр фестивалын же атайын жыйын өткөрүп, өнөрпөздорго сыйлык, белек ыроолошуп көңүл бөлөт. Учурда Кыргызстанда 15тен ашуун профессионалдык театр бар. Өлкөдөгү ар-бир майрам, салтанаттуу кечелер, мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар театр өнөрпоздорусуз өтпөйт. Бирок, кыргыз театр ишмерлеринин оюнча, өлкө бийлиги сахна чеберлеринин бүгүнкү кесиптик майрамына анча көңүл бурган жок.
Бүгүн Бишкекте соңуна чыккан Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча Комитетинин кезектеги бешинчи отурумунда экономикалык кызматташтыктан сырткары чек араларды чыңдоо, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери да каралды. Он жыл аралыгында Европа Биримдиги Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу багытында 200 миң евро бөлгөн. Келечекте азык түлүк коопсуздугу жана чек араларды чыңдоо багытындагы долбоорду ишке ашыруу макасатында каржылык жардам көрсөтүлүшү күтүлүүдө.
Акын Жоомарт Чоробаев 25 жашында жаңыдан уюшулган Нарын облустук радио комитетин жетектеп, он жыл аралыгында облустук радио берүүлөрүн жогорку профессоналдык деңгээлге көтөрөт. Коммунисттик партиянын облустук айрым жетекчилеринин жеке кармашуусунун натыйжасында Жоомарт Чоробаев облус жетекчилери тарабынан куугунтукка алынып, партиянын катарынан чыгарылып, кызматтан четтетилет. Бийлик тарабынан ыгы жок басмырлоого туруштук бере албай жүрөк ооруга чалдыгат.
Дагы жүктөңүз