"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Кыргызстанда улуу «Нооруз» майрамы илгертен майрамдалып келсе дагы, кийинки 13 жылдан бери өкмөт тарабынан атайын улуттук майрам катары расмий белгиленип келет. Бүгүн Бишкекте өткөн майрамдык шаан-шөкөт тууралуу кабарчыбыз маалымдайт.
Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов, «таланттууну таланттуу колдобосо, талантсыздар колдобойт» деген пикирде. Белгилүү акындын ыр жыйнактары 16 жылдан бери китеп болуп чыга элек. Бирок «кылымдар менен жарышуучу ырларды жазып койдум» дейт.
Президент Аскар Акаев жетектеген делегация Польшадан кайтып келди. Эки тараптуу жолугушуулар маалында экономикалык жана маданий кызматташуу маселелери талкууланды. Польша тарап Кыргызстанга алюминий заводун курууда көмөк кылаары, экологиялык маселелерди чечүүдө да жардам берээри күтүлүүдө.
"Фридом Хауз" эларалык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ош жана Жалалабад облустарындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө айыптуу деп шектелип кармалгандарды тергөө учурунда милиция кызматкерлери уруп-сабаарын билдирди. Укук коргоочулардын маалымдашынча, Карасуу шаардык ички иштер бөлүмүндө 28 жаштагы карасуулук атуул мыйзамсыз күч колдонуунун кесепетинен мерт болгон.
Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жер жана агрардык реформа боюнча Эл аралык илимий-өндүрүштүк жыйын өз ишин агрардык реформанын үчүнчү баскычын жүзөгө ашыруу чаралары жөнүндө резолюция кабыл алуу менен аяктады.
Кытай өкмөтү аскер кызматчыларынын санын кыскартууда. Ошол эле учурда март айынан баштап аскер күчтөрүнө бүжөттөн 10% каржы көбөйтүлөөрүн Синхуа маалымат агентиги жазып чыкты. Кытайдагы аскер реформасы Кыргызстанга канчалык таасир тийгизиши ыктымал?
5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында аялдардын эларалык күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйында президент Аскар Акаев келээрки шайлоодо Кыргызстан аялдары көбүрөөк талапкерлигин койууга жана мамлекетти башкарууга көбүрөөк катышуусуна тилектештигин билдирди.
Бүгүн Бишкек шаарындагы борбордук Алатоо өянтында Нооруз майрамы шаң-салтанат менен коштолду. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин спикерлери, чет өлкөлүк элчилер катышты.