"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоодо талапкер Курманбек Бакиевдин үгүт иштерине жардамдашуу максатында аткарган кызматын 20-июндан тартып убактылуу токтотту. Бул тууралуу ал 20-июнда “Кабар” агенттигинде билдирди. Кулов президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен кеңешип туруп ушундай чечим кабыл алгандыгын белгиледи.
9-июндан баштап президенттик шайлоого карата жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт иштерин баштады. Шайлоо кодексине ылайык бул иш чара 9-июлга чейин жүргүзүлүшү керек. Буга байланыштуу “Интерньюс” коомдук бирикмеси менен СИМЕРА уюму өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарына мониторинг жүргүзөт.
24-майдан 1-июнга чейин ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында “Маданий көп түрдүүлүк жана Борбор Азия диалогу” деген форум өттү. Ага онго жакын мамлекеттердин делегациясы жана кыркка жакын өлкөлөрдүн ырасмий өкүлдөрү катышты. Алардын катарында 25 кыргызстандык да бар. Форумда кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн, уздарынын улуттук маданиятты чагылдырган кийимдери, жасаган буюмдары жогору бааланды.
1996-жылы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү эмгек миграциясы боюнча келишимге кол коюшкан. Ага 2003-жылы толуктоолор киргизилгени менен тилекке каршы Орусиянын Мамлекеттик думасы ал келишимди ратификациялаган эмес. Анын кесепетинен Орусиядагы миңдеген кыргыз жарандарынын укуктары тебеленип, ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болууда.
30-майда сенатор Джон МакКейн жетектеген Америка Кошмо Штаттарынын когрессинин делегациясы Кыргыз өкмөт жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. АКШнын делегациясы Анжиандагы 13-14-майдагы окуяларды массалык адам өлтүрүү катарында баалады. ЕККУнун комиссиясы ал апаатты кылдат иликтеши керек деген пикирлерин билдиришти. Кыргызстандагы ыңкылапты сенаторлор Борбор Азияга жаңылык алып келүүчү окуя катары баалашты.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эл аралык миссиясы Кыргызстанда 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Узак мөөнөткө келген 26 байкоочу жекшемби күнү өлкөнүн аймактарына жөнөп кетишет.
Кыргызстанда иш сапары менен болгон Германиянын тышкы иштер министрлигинин Түштүк Кавказ жана Борборазия боюнча башкармалыгынын жетекчиси Рольф Петер Шульц өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү Германия өкмөтү колдой тургандыгын билдирди. Ал Өзбекстандын Анжиан шаарындагы окуяларды иликтөө үчүн ЕККУ жана Кызыл жарым ай уюму тарабынан комиссия түзүүнү сунуштады.
12-майда Конституциялык кеңешме үчүнчү отурумун өткөрдү. Кеңештин айрым мүчөлөрү Баш мыйзамга кош атуулдук киргизүүнү сунуш кылышты. Ал эми Медеткан Шеримкулов болсо Конституциядагы президент болуп шайланыш үчүн Кыргызстанда кеминде 15 жыл жашаш керек деген жобону алып салуу керек деди. Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков болсо Конституциялык кеңешти айрымдар жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат деген оюн айтты.
9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгы белгиленди. Ага өкмөт өкүлдөрү, согуштун жана оорукта эмгектенген ардагерлер, Ооган, Баткен согушунун катышуучулары, шаар тургундары катышты.
«Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов ушул тапта Вашингтон шаарында АКШнын конгрессинде эл аралык байланыш комитетинде Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу маалымат берди. Ал АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Учурда Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири - паспорт маселеси. Быйыл орто мектепти 90 миңге жакын окуучу бүтүрүп, алардын баары паспорт алууга муктаж. Ал эми ар кандай маалыматтар боюнча кыргызстандык 150 миңден 300 миңге чейинки адамдын паспорту жок. Айрыкча бул маселе туристтик фирмалардын ишине кедерги болуп, олуттуу проблемаларды түзүүдө.
Медицина илимдеринин доктору, белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин “Вечерний Бишкек” гезитинде берген интервьюсуна байланыштуу эл аралык сотко кайрылаарын билдирди. Назаралиев cотко Курманбек Бакиевден 50 млн. доллар айыппул өндүрүп берүү талабын коймокчу.
22-мартта Бишкектин борбордук Алатоо аянтында Жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда митинг болуп өттү. 10 миңден ашуун адам катышкан бул митингде оппозициялык маанайдагы саясатчыларга карата курч сын айтылып, бүгүнкү бийликтин саясатын колдоого чакырыктар айтылды. Митингге келген көпчүлүк студенттер окуу жайдын мугалимдери аларды күчтөп алып келгендигин жашырышкан жок.
Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо боюнча атуулдук форум болуп өттү. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумда көз карандысыз “МСН” гезитине бийликтин кысымы, “Азаттык” радиосунун уктурулбай калышы өңдүү маселелер талкуланып, форумдун катышуучулары мамлекет башчысына, коомчулукка кайрылуу жолдошту.
3-март күнү таңга маал белгилүү саясатчы, экс-министр Роза Отунбаеванын Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйүнүн балконунда кимдир бирөөлөр тарабынан жардыруу болуп, терезеси талкаланган. Оппозициячыл саясатчылар бул иш бийлик тарабынан уюштурулган деген пикирлерин ортого салышууда. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев бул окуя оппозиция тарабынан атайын жасалган чагым деп билдирди.
Соңку он жыл аралыгында кыргыз бийлиги аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыз кылуу максатында бир катар программаларды иштеп чыккан. Бирок алардын турмуштагы кайтарымы өтө эле жупуну.
Тышкы иштер министрлиги 11-февралда парламенттик шайлоого арналган “тегерек үстөл” өткөрдү. Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана аталган министрликтин кызматкерлери шайлоого камылгалар жөнүндө толук маалымат берип, байкоочулардын милдеттерин талкуулашты.
Борбор Азиядагы беш мамлекеттин эксперттери Ташкенде өзөктүк куралдардан эркин аймак жөнүндөгү келишимдин долбоорун даярдашты. Казакстандын Семипалатинск шаарында беш мамлекеттин башчылары аталган келишимге кол коюшмакчы.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн “Учкун” мамлекеттик концернинде көчмө жыйын өткөрүшү күтүлүүдө. Ага эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоого байкоочу катары келишкен чет өлкөлүктөр катышат.
Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайынын атайын курсунун жетекчиси Болотбек Казакбаевдин укугун коргоп жубайы Гүлнара Абдымомунова төрт баласы менен өткөн жыл соңунан бери Ак үйдүн алдына пикетке чыгууда. Ал Коргоо министри Эсен Топоевди кызматтан кетирүүнү ырасмий бийликтен талап кылаарын билдирди.
Дагы жүктөңүз