"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Конституциялык кеңешменин курамын кайра түзүү боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Экc-спикер, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” курган маегинде Баш мыйзамды бийлик үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылгандай түзүш керек деген көз карашын билдирди.
Башкы прокуратура экс-президент Аскар Акаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн Жогорку Кеңешке сентябрь айында тиешелүү документтерди өткөрүп берүүсү күтүлүүдө. Ал эми Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди көлөмдүү суммадагы акча каржатын жана салык төлөмдөрүн мамлекеттен жашыргандыгын Башкы прокуратура аныктап, аны камоого издөө жарыялагандыгын маалымдады.
Мындан туптуура 14 жыл мурда, дал ушул күнү мурдагы Совет Биримдигинин бийлигин КПСС Борбордук Комитетинин айрым мүчөлөрү күч менен басып алуу максаты ишке ашпай калып, СССРге өзгөчө абал киргизилген эле. Ошол өзгөчө кырдаал жарыялаган мамлекеттик комитеттин аракетине Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкулов, экс-президент Аскар Акаев каршы чыгышкан. Ал кездеги ички иштер министри Феликс Кулов тынчтыкты сактоого олуттуу салым кошкон. Бул тууралуу экс-спикер, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” берген маегинде төмөнкүлөрдү эскерди.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык театр фестивалына катышып келди. Жыйырмадан ашуун өлкөнүн театрлары катышкан бул фестивалда кыргыз театры драматург Султан Раевдин тарыхый пьесасынын негизинде коюлган “Барсбек” спектаклин сунуштады.
Куш тумоосу Орусиянын айрым облустарын каптап, андан соң Казакстандын Акмоло, Павлодар облустарында да каттала баштаганын маалымат каражаттары билдирүүдө. Куш ылаңынан сактануу максатында Кыргызстанда да тиешелүү министрликтер, ишкана мекмелер алдын алуу иштери н жүргүзө баштады. Айрым адистердин айтымында, бул илдеттин Кыргызстандын аймагына да жайылуу коркунучу бар.
Ишембиде Бишкекте “Маска” маданият коомдук корунун аракети менен Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында казак драматургу Ракимжан Оторбаевдин “Нашакор жөнүндө новелла” драмасынын негизинде “Тагдыр” деген аталыштагы спектакльдин бет ачары болду. Чыгармада кылымдын эң көйгөйлүү проблемалары - баңгилик, сойкулук, СПИД дартынын жайылыш коркунучу камтылган.
1-августа Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Оштогу тергөө абагындагы кылмышкер деп шектелип камалып жаткан Өзбекстандык 15 атуулду мекенине кайтарып берүү же кайтарып бербөө текшерилип бүткөндөн кийин билинет деп, маалымат жыйынында билдирди. Бирок Жээналиев Башкы прокуратуранын тутунган пикиринде жогоруда аталган 15 жаранды Өзбекстанга кайтарып берүү керектигин белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюуму Франциянын баш калаасы Парижде жайгашкан. Аталган уюм эки жылда бир Финляндиянын Хельсинки шаарында конференция өткөрүп, дүйнөлүк адбияттын учурдагы абалына, келечегине байланыштуу маселелерди козгойт. Ал жыйынга жакында Кыргызстандан биринчи жолу акын Алтынай Темирова катышып келди.
28-июлда вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөттүн курамы менен жыйын өткөрүп, анда өлкөнүн экономикасынын абалы, коррупцияга каршы күрөшүү, салык маселесине байланыштуу маселелер жана күз-кыш айларына даярдыктын жүрүшү каралды.
26-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолугушту. Жолугушууда Бакиев Кыргызстандагы президенттик шайлоо демократиялык эрежелердин негизинде өткөнүн белгиледи. Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Доналд Рамсфелд менен жолугушкан соң Ооганстанда абал оңолмойунча АКШнын аба күчтөрү Кыргызстандын аймагында кала берээрин билдирди.
Коомчулукта 24-марттагы элдик ыңкылапка түрткү болгон саясий жана экономикалык бир катар жагдайлар айтылып жүрөт. Ишембиде өткөн Кыргызстан Элдик Кыймылынын 5-курултайында мурунку бийликтин тушундагы оппозициянын алдыңкы сабында жүргөн саясий лидерлер ыңкылап кантип ишке ашканын, кандайча пландалып, кандай кыйынчылыктар болгонун ачыкка чыгарышты.
23-июлда Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында Кыргызстан Элдик Кыймылынын 5-курултайы болуп өттү. Анда президенттик шайлоодон кийин өлкөдө коомдук-саясий абалды кантип жакшыртуу, социалдык-экономикалык жана Конституциялык реформага байланыштуу маселелер каралды. Курултай соңунда Элдик кыймыл тарыхый миссиясын аткарып бүткөндүгүнө байланыштуу делегаттар аталган кыймыл “Кыргызстан” коомдук саясий кыймылы болуп түзүлсүн деген резолюция кабыл алышты.
19-июлда Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар учурда коомчулукка талкууга коюлган Баш мыйзамдын долбоорунун 16-беренесиндеги адам укуктарын коргоо багытындагы 10-бөлүкчөсү кирбей калгандыгына нааразылыктарын билдиришти. Атуулдук коомдун өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүү киргизген 2003-жылдагы аткаруу бийлигинин кетирген каталыктарына жол бербөө керек деген пикирде.
13-июлда Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов Кант шаарында жайгашкан орус авиабазасына кошумча аскер киргизилээрин билдирди. Кыргызстандын айрым саясатчылары чет элдик аскер күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруунун кажети жок дешсе, кээ бирөөлөрү анын зарыл экендигин айтышууда.
Президенттикке талапкерлигин койгон Токтайым Үмөталиева 10-июлдагы президенттик шайлоо таза, акыйкат өтпөгөндүгүн 12-июндагы маалымат жыйынында билдирди. Ал эми президенттик шайлоого дагы бир талапкер Жыпар Жекшеевдин пикиринде, шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, кошоматчылар тарабынан Шайлоо кодекси одоно бузулган.
Президенттик шайлоого добуш бергени келген Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мурдакы шайлоолорго караганда учурдагы шайлоо демократиялык мүнөздө, ачык-айкын өттү деген пикирде. Ал эми экс-депутат Бегиш Ааматов президенттик шайлоодон кийин элдин муктаждыгын жаңы бийлик эстен чыгарбашы керектигин эскертти.
Кыргызстанда дүйнөдө сейрек кездешүүчү 3 миңге чукул дары чөптөрдүн түрү бар. Учурда мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан айрым сейрек кездешүүчү дары чөптөргө адамдардын айоосуз мамилесинен алардын түрү жоголуп кетүү коркунучунда. Адистердин айтымында, мамлекет тарабынан дары чөптөрдү кайрадан иштетүүчү ишкана ачылса киреше берүүчү тармакка айланышы ыктымал.
Президенттик шайлоону таза, калыс өткөрүү максатында 7 бейөкмөт уюм биргелешип “Жалпы улуттук атуулдук өнөктүк” деген кампания өткөрүүдө. Ал “Мен адилет шайлоо үчүн” деген ураан алдында жүрүп жатат. Айрым бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмеси алигиче тактала элек. Ал эми Тажикстандан жер оодарып келишкен айрым кыргыздарга алардын атуулдугун күбөлөндүргөн документ бериле элек.
Экс-президенттин кызы Бермет Акаева Жогорку соттун бейшембидеги чечимин саясий чечим катары баалады. Юристтери менен ал эл аралык сотторго жана башка инстанцияларга кайрылууга ниеттенүүдө. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи Гүлбайра Калиева Жогорку сот Бермет Акаева боюнча туура чечим кабыл алды деген пикирде.
Респуликанын киновидео компаниясында атайын кино тасмаларды сакталуучу жай бар. Ал жерде Кыргызстандагы окуяларды камтыган 1918-жылдан бери тартылган даректүү тасмалардан баштап, көлөмдүү көркөм фильмдерге чейин сакталуу. “Даректүү кинотасмалар өткөндү чагылдарган тарыхтын жандуу барактары “-дейт кинорежиссер Бекеш Абдылдаев. Анын тарткан даректүү тасмалары убагында эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарга татыган.
Дагы жүктөңүз