"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Орусияда соода жасап, же ар кандай жумуштарда иштеген кыргыз атуулдарынын айрымдары жергиликтүү тартип коргоо органдарынын жана чекра кызматынын кызматкерлери виза талап кылышып, визасы жоктордон акча берүүсүн талап кылышкандыктарын айтышууда. Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү Евразия экономикалык кызматташтык уюумуна мүчө мамлекетерде визасы жок эле каттамдарга жеңилдик берилгенин маалымдашты.
Ысыккөл облусунун Чоңсарыой айыл өкмөтүнүн «Ынтымак» кооперативинин мурдакы жетекчиси Досумбай Дүйшалиевге кооперативдин мүлктөрүн өз кызыкчылыгына пайдаланган деген айып тагылып, Балыкчы шаардык соту Кылмыш кодексинин 169-беренеси боюнча 15 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан. Дүйшалиев шаардык сот мыйзамды бузуу жолу менен адилетсиз чечим чыгарган деп, нааразылык билдирүү менен ачкачылык жарыялап, оозун жип менен тигип алганына бир айдын жүзү болду. Учурда ал Бишкектеги №47-түзөтүү колониясынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, денсоолугу күндөн күнгө начарлоодо.
Буга чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев басма сөз аркылуу ээлеген кызматынан кете тургандыгын билдирип келген. Коомчулукта анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз жолдогону айтылууда. 17-октябрдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Камбаралы Конгантиев дайындалды. Айрым саясатчылар өлкөдө башкы прокурордун кайра-кайра алмаштырылышына коррупциялашкан бийлик таасирин тийгизүүдө деген пикирлерин билдиришүүдө.
Мындан ары Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиси болуп иштеген жана мамлекеттик тапшырманы аткарып жүргөн атуулдарына парламенттик шайлоодо талапкерлигин койууда соңку беш жылда өлкө аймагында такай жашоосу керек деген чек коюлбайт. Бул тууралуу Шайлоо кодексине өзгөртүүгө президент Курманбек Бакиев 12-октябрда кол койду.
10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда судья Аман Сариевдин төрагалыгында Сулайман Иманбаевдин үстүнөн сот жараяны жүрдү. БШКнын экс-төрагасына башкы прокуратура тарабынан парламенттик шайлоо учурунда Шайлоо кодексинин нормаларын бузган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Айыптоочу тараптын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин сот ишин 18-октябрга жылдырды.
“Жибек жолу” коомдук бирикмеси менен “Сорос-Кыргызстан” кору “Глобалдаштыруу доорундагы Борбор Азиянын маданияты” деген аталыштагы жыйын өткөрдү. Анда мамлекетибиздеги маданияттын учурдагы абалы, көйгөйлөрү, улуттук маданиятты сактап калуу маселелери козголду.
Ысыккөл, Нарын облустарында кышка даярдык начар жүргүзүлүүдө, Каракечеден ташылып келинген көмүрдүн баасы кымбаттоодо, деп билдиришти Ысыккөл, Кочкор районунун өкүлдөрү 29-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында. Ал эми Нарын облусунун расмий бийлиги учурда кышка даярдык былтыркыга салыштырмалуу уюшкандыкта жүргүзүлүп жатканын айтышууда.
Өткөн жумада Анапа шаарында өткөн КМШ жана Балтика мамлекеттеринин киночуларынын “Киношок” эл аралык кинофестивалында кыргыз киночулары тарткан “Найман эненин кошогу” жана “Терезе” кинотасмалары көрсөтүлдү. Ал эми кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эгендин франсуздар менен биргелешип тарткан “Бабалардын сандыгы” аттуу тасмасы киносынчылар тарабынан жогору бааланып, продюссердин эң мыкты алгачкы иши катарында байгеге татыктуу болду.
Коомчулукта Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо зарылдыгы тууралуу пикирлер айтылууда. Айрым саясий партиялардын лидерлери партиялык тизме менен шайлоо системасына өтүү өлкөнүн саясий туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө шарт түзөт дешсе, айрымдары мындай сунушка мамлекет даяр эмес деген көз карашта.
Бишкекте сүрөтчүлөрдүн II эл аралык форуму башталды. Үч күндүк бул маданий иш чарага Түркия, Кытай, Орусия, Украинанын белгилүү сүрөтчүлөрү катышууда. Жыйында чыгармачылык байланыш, Борбор Азия чөлкөмүндө көркөм өнөрдү өнүктүрүү маселелери каралып, Кыргызстандын сүрөт Академиясынын тарбиялануучуларынын чыгармаларынын көргөзмөсү уюштурулат.
“Алтын казык” коомдук бирикмесинин 730 мүчөсү Бишкектин түштүк жагындагы 36 гектар жерди басып алышып, үй куруу максатында өз алдынча жер үлүшүн бөлүштүрүштү. Эгерде шаар бийлиги алардын талабын оң чечип бербесе курулуш иштерин дүйшөмбүдө баштай турган болушту. Ал эми баш калаанын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия, “Алтын казык” коомдук бирикмеси койгон талаптар боюнча иштеп жатышканын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Канттагы цемент-шифер заводунун 13 пайыздык мамлекеттик пакет акциясы мыйзамсыз сатылгандыгына байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан биринчи козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сотко берилди. Ал эми Адил Тойгонбаевге тиешелүү “Симентс Ди Лакс С.А” компаниясынын 67,64 пайыз мамлекеттик пакет акциясын мамлекетке кайтаруу багытында прокуратура кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Аталган ишкана жетекчилеринин айтымында, цемент-шифердин баасы администрация тарабынан кымбаттатылган эмес. Эки ортодо далдалчылар бааны 2-3 эсеге көтөрүп, жасалма жол менен кымбаттатууда.
Түркмөн элинин белгилүү кино чебери, кино режиссер Булaт Мансуров тарткан “Чынгызхан” кинотасмасы Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында көргөзүлдү. Аталган кино тасмага кыргыз актерлору, каскадерлору тартылган. Чыгармада адамзатка кайгы-муң алып келген баскынчылык, кызыл кыргын согушту болтурбоо маселеси көтөрүлгөн.
8-сентябрда Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрүп, Башкы прокуратура тарабынан коюлуп жаткан айыптар негизсиз деп билдирди. Анын үстүнөн Башкы прокуратура 2-сентябрда кылмыш ишин козгоп, мамлекетке тиешелүү 480 миң долларды экс-президент Аскар Акаевге мыйзамсыз берген жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып таккан. Кийин Сарбанов үй камагына алынган.
1-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясынын тарбиялануучулары, аталган колониянын жетекчилигине нааразылык билдиришип тополоң чыгарышкан. Жыйынтыгында баш аламандыкты уюуштурууга аракет кылган 7 өспүрүмдү Бишкектеги убактылуу тергөө абагына алып келип камашкан. Камалган балдардын ата-энелери аликүнчө балдары менен жолугуша албай, Жазаны аткаруу башкармалыганан тыңгылыктуу жооп ала албай убаракерчилик тартып жатышканын билдиришти.
Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жаңы үлгүсүн куруу багытында 10 жылдан бери аракеттер жасалууда. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу чыгарылган мыйзамдар ишке ашпай, райондук, областтык администрациянын чиновниктери, аткаруу бийлигинин бири-бирин кайталаган структуралары реформанын жүрүшүнө тоскоолдук кылууда. Алардын пикиринде, министрликтер коррупцияланышып, элет жерине көңүл бурулбай келүүдө.
Учурда өлкөдө кароосуз калган балдардын саны статистикалык жактан тактала элек. Бишкек шаарында алардын саны болжолдуу бир жарым миңден беш миңге чейин болсо, бейөкмөт уюмдар жалпы өлкө боюнча кароосуз калган балдардын саны 10 миңге жетээрин айтууда.
29-августа Кыргыздын залкар ырчысы, кайталангыс талант эл артисти Асек Жумабаевдин сөөгү Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлду. Аза күтүү аземи маркум көп жылдар иштеген Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлгөн жок. Маркумдун керээзи боюнча анын сөөгү өз үйүнөн чыгарылып, чакан эскерүү жыйыны болду. Ага көркөм өнөр жаатындагы кесиптештери, мамлекеттик ишмерлер, маркумдун талантына таазим кылган замандашатары катышты.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Кытай Эл Республикасынын Шандунь аралында өткөн Орусия менен Кытайдын “Тынчтык миссиясы-2005” деген биргелешкен аскердик машыгуусуна барып келди. Бул сапарынан соң Исмаил Исаков аталган аскерий иш-чаранын максаты жана Кыргызстандын улуттук армиясынын учурдагы абалы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевдин Конституциялык кеңешти жетектешине каршы пикирде. Алар эгер мамлекет башчы Конституциялык кеңешмени башкарса Башмыйзам бир гана аткаруу бийлигин күчтөөгө багытталып калат, деп чочулашат. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин Конституциялык кеңешмеге жетекчилик кылышын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалган кадам катары баалады.
Дагы жүктөңүз