"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасын бекитти. Премьер-министр Азим Исабеков ушул жума ичинде өкмөттүн курамы түзүлөрүн билдирди. Айрым депутаттар президенттин карамагына өкмөт баш мыйзамда көргөзүлбөгөн жыйырмага чукул мекеме-уюмдарды бергенин Конституцияга карама-каршы келет деп эсептешүүдө. Ушул эле күнү премьер-министрдин аппарат жетекчиси Турусбек Коеналиев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин «Азаттыкка» билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Энергетика жана отун ресурстары комитети өкмөттүн структурасын талкуулап, жаңыдан түзүлгөн Энергетика жана отун ресурстары министрлигин колдогон чечим кабыл алды. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар жана токой чарбасы боюнча комитет айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын Айыл, суу чарба министрлигинин карамагына кошулууга макул болбоду. Айрым саясатчылардын пикиринде, ушул өңүттө жыл сайын өкмөттүн структурасы жаңыдан түзүлө берсе мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.
Жаңы премьер-министр Азим Исабеков сунуш кылган өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбооруна президент Курманбек Бакиев бүгүн кол коюп, парламентке жолдоду. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбеков кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде өкмөттүн жаңы түзүмүндө кемчиликтер болсо дагы экономиканын алга жылуусу үчүн компромисстик негизде макул болуп жатышканын билдирди.
Бүгүн HIPC программасына каршы кыймылдардын өкүлдөрү өкмөт аталган программага кирүүдөн баш тартпаса, өлкө аймагында ар кандай нааразылык иш чаралар өткөрүлөрүн билдиришти. Ошондой эле кыргыз бийлиги HIPC программасы боюнча коомчулукка бир жактуу маалымат берип, анын терс жактарын жашырып-жаап жатышканы баса белгиленди. Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров болсо Кыргызстандын HIPC программасына кирээр-кирбеси март айында чечилерин ушул эле күнү маалымат жыйынында билдирди.
Феликс Кулов экинчи жолу премьер-министр кызматына көрсөтүлө алабы же жокпу, деген маселе Кыргызстандын парламентинде талкуулана баштады. Бир күн мурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Өкмөт жана регламент жөнүндөгү мыйзамдарга таянып, Ф. Куловду президент экинчи жолу премьер-министр кызматына көрсөтө албайт деген бүтүм чыгарган. Депутаттар комитеттин чечими канчалык мыйзамдуу экендигин териштирип, позициялар эки жакка бөлүнүп ажырап, бул маселе боюнча бейшембиде жашыруун добуш бере турган болду. Депутаттар Куловдун жолун торогон тоскоолдук маселесин карап аткан учурда Жогорку Кеңештин сыртында «Жаңы мезгил» партиясынын элүүдөн ашуун мүчөлөрү Бакиев-Кулов тандемин колдогон акция өткөрүп жатышты. Ал эми парламент имаратынын алды жагында болгон митингиде ХИПИК программасына кирүүгө чакырып аткандыгы үчүн Куловду премьер-министр кызматына өткөрбөө керек деген ураан-талаптар жаңырды.
22-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитети президент Курманбек Бакиев премьер-министрлик кызматка Феликс Куловдун талапкерлигин экинчи жолу көрсөтө албайт деген бүтүм чыгарды. “Ар намыс” партиясынын лидери Эмил Алиев комитет туура эмес чечим чыгарганын, 23-январда аталган партиянын мүчөлөрү Куловду колдоп Жогорку Кеңештин жанына митинг уюштурарын айтты.
Эл аралык массалык маалымат каражаттары адам өлтүрүүнү уюштурду делип шектелген Россиянын Федерация кеңешинин экс-сенатору Игорь Изместьев 16-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун чакыруусу менен Бишкекке келип, Манас абамайданынан Россиянын күч органдары тарабынан кармалып кеткенин байма-бай жазып чыгышты. Өткөн жума соңунда өкмөттүн басма сөз кызматы орус ишкерин Феликс Кулов чакырган эмес, деген билдирүү таратты. Ал эми коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев өлкөдөгү азыркы саясий абал криминалдар менен байланыштуу деп эсептейт.
Коомчулукта мыйзамды жогорку деңгээлдеги жетекчилер, укук коргоо органдары өздөрү бузуп, бийликке карапайым калктын ишеними кетүүдө деген пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар март окуясынан кийин мыйзамды бузуу кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратканын айтышууда. Юстиция министри Марат Кайыпов азыркы бийлик мыйзамдуулуктун орношу, анын аткарылышы тууралуу аракеттерди көрүп жатканын билдирди.
12-январда Сауд Арабиянын Мадина-Дубай кан жолунда автокырсык болуп, андан Кыргызстандык 22 атуул шейит кетти. Учурда өкмөт тарабынан дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында штаб түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов депутаттарга Коопсуздук кеңеши президентке Конституциянын жаңы редакциясына кол коюңуз деген сунушун бергенин маалымдады. Ал ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясына президент К.Бакиев жакын арада кол коёрун жарыялады. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, президент Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюу жоопкерчилигинен качып, бул маселени атайын Коопсуздук кеңешинин талкуусуна койду.
11-январда Коопсуздук Кеңеши Конституциянын жаңы редакциясын талкуулады. Парламент төрагасы Марат Султанов баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу кенен маалымат берип, ага президенттин кол коюусун өтүндү. Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрү спикердин сунушун колдоорун билдиришти. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында, мыйзам бузуу жолу менен кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына президенттин кол коюуга акысы жок.
10-январда Бишкектеги тарых музейинде «Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылы алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйында өлкөдөгү учурдагы саясий-экономикалык абал, ХИПИК программасы, Баш мыйзамга байланыштуу көйгөйлүү маселелер козголду. Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси мындай талкуу сын-пикирлер өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген көз карашта.
«Реформа үчүн» кыймылы 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы бийликтин кысымы астында мыйзам бузуулар менен кабыл алынды деген билдирүүлөр менен чыгууда. Ал эми президенттин чөйрөсү өз кезегинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу парламенттин көпчүлүк депутаттарынын демилгеси менен ишке ашты деп деген позициядан кеп салууда.
Каржы жана экономика министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Кыргызстан ХИПИК программасына кирсе, Орусия 188 млн. доллар карызын, Кувейт кору 18 млн. доллар карызын кече турганын «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, ХИПИК программасы боюнча элге түшүндүрүү иштери жаңы жылдан кийин жигердүү жүргүзүлөт. Ал эми өлкөдөгү бир катар саясатчылар, жарандык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын ХИПИК программасына кирүүсүнө каршы болушууда.
Жогорку Кеңеш депутаттары 28-декабрда жергиликтүү сотторду дайындоого макулдугун берүү үчүн добуш беришти. Спикердин орун басары Эркинбек Алымбеков соттор али да болсо бийликке көз каранды болуп, алардын кысымы менен айрым учурларда калпыс чечимдерди чыгарып жатканын белгиледи. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов болсо сот иштери боюнча Улуттук кеңештин, аттестациялык комиссиянын, Жогорку кеңештин элегинен өткөн соттор адилет, калыс иш алып барышат деген ишенимде.
26-декабрь түнкү саат экилерде Кыргызстандын аймагында күчү жети жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Расмий маалыматтарга караганда, зилзаланын кесепетинен Кочкор районунда беш жүзгө чукул үй керектен чыгып, алты миңден ашуун үйдүн дубалдарынан жарака кеткени айтылууда. Ошондой эле мамлекеттик бир нече мекемелердин имараттары зыян тарткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда учурда жабыркагандарга материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. «Интер билим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, үй жайынан ажырагандарга өкмөт тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлбөй жатат. Сейсмологиялык борбордун директору Канат Абдырахматов болсо Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жер титирөө болуп турарын, бирок катуу баллдагы жер титрөөнүн алдын алуу кыйын экенин белгиледи.
Бүгүн 26-декабрда «Реформа үчүн» кыймылы билдирүү таратты. Анда президент Курманбек Бакиев өзү саясий кырдаалды курчутуп, айрым депутаттар көтөрүп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгесин тымызын колдогонун токтотпосо, нааразылык акциялар өткөрүлө тургандыгы айтылат. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев өлкө башчысы тарабынан парламентке эч кандай кысым жасалбаганын, кандайдыр бир көрсөтмө берилбегенин билдирди.
Бүгүн Жогорку соттун чечими менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Бактыбек Калпетов Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан бошотулду. Калпетовдун адвокаты Жогорку сот акыйкат чечим чыгарганын, алдыда боло турган сот дагы адилет чечим чыгарат деген үмүттө болуп турганын билдирди.
Жогорку Кеңеште 6-декабрда кош атуулдук маселеси боюнча мыйзамдын эки долбоору талкууланды. Азимбек Бекназаров угууга алып чыккан долбоордо Кыргызстанга кошуна Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин жарандарына кош атуулдук бербөө сунушталган.
Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев “Реформа үчүн” кыймылдын кеңешмесинен жашыруун жазылып алынган үн тасмада мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө ачык-айкын сөз болгонун билдирди. Анын айтымында, ага тиешеси бар адамдардын мыйзамдын негизинде күнөөлөрү далилденсе, алар жоопко тартылат. Ал эми аталган кыймылдын мүчөлөрү жыйында митингди уюштуруу иштери козголуп, эч кандай мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө сөз болбогонун айтышты. Алар бийликтин мындай кадамын оппозициячыл саясатчыларды кысымга алуу аракети катары айыпташты.
Дагы жүктөңүз