"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев апрель айынан баштап электр кубаттына баа көтөрүлөөрүн, энергетика тармагында менчиктештирүү керектигин маалымат жыйынында билдирди. Айрым көз карандысыз талдоочулар жылуулук жана электр кубаттына бааларды көтөрүү жана менчиктештирүү аракеттери, бул тармакта мамлекеттик башкаруу системасынын алсыздыгынан, коррупциянын күчтүүлүгүнөн улам келип чыккан маселе катары баалашууда.
БШКнын төрайымы Клара Кабиловага Кылмыш Жаза кодексинин 316-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу “Ата Мекен” партиясы өткөн жыл соңунда Башкы прокуратурага доо арыз жолдогон. Партиянын өкүлдөрүнүн айтуусунда Башкы прокуратура аликүнчө бул маселе боюнча эч кандай жооп бере элек. Бул Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталбагандыгынын дагы бир далили, дешет “ата мекенчилер”. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси эмгек эс алуусунда жүргөндүгүнө байланыштуу бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын айтты. Буга чейин Кабилова парламенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн жарыялаган.
Кыргызстандагы айрым саясатчылар Грузиядагы чукул өткөрүлгөн президенттик шайлоо КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу кадыресе демократиялуу өткөнүн белгилешүүдө. Кыргыз серепчилеринин баамында жарандык коомдордун жана оппозициянын күчтүүлүгүнөн улам грузин бийлиги шайлоону кыргызстандагыдай одоно бурмалоого батына алышкан жок. Ал жердеги саясий абал Михаил Саакашвилинин авторитардык бийликке ыктай баштагынан улам курчуп отуруп, президенттик кезексиз шайлоого алып келгенин белгилешүүдө талдоочулар.
Бүгүн Бишкек пресс-клубу жылдын мыкты он журналисттин атап, атайын диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сыйлыктарды тапшыруу аземинде Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын журналистикасы жогорку деңгээлде экенин баса белгиледи. Жылдын мыкты деп тандалган он журналисттин бири - “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиев “Калыстык үчүн” сыйлыгына татыктуу болду.
Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун өлүмү кыргыз коомчулугун да кайдыгер калтырган жок. Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Роза Отунбаева кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде Беназир Бхуттонун Кыргызстанга расмий сапары менен келгенин жана анын тагдыры тууралуу айтып берди.
Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Аликбек Жекшенкулов Беназир Бхуттонун өлүмү Пакистан эли үчүн оор жоготуу деп билдирди. Ал ошондой эле Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун саясий ишмердүүлүгү жана адамдык касиеттери тууралуу кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде айтып берди.
“Мен ишенбейм” деген ураан менен пикетке чыгышканы үчүн белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жана жаштардын тобу убактылуу кармоочу жайда камакта жатышат. Алар менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн жолукту. Укук коргоочу акцияга чыккан адамдарга карата тартип коргоо кызматынын жана соттун мамилесин чектен чыккан жорук катары баалоодо. Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов болсо тартип коргоо кызматы мыйзамдын чегинде иш кылган деп эсептейт.
Белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жети күнгө, Назгүл Турдубекова беш күнгө камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи май райсоту бейшембиден жумага караган түнү чыгарды. Исмаиловага жана он беш адамга милицияга баш ийбеген жана мыйзамсыз акция уюштурган, делип айып тагылууда. Райсоттун судьясы Алмаз Молдобаев жана милиция кызматкерлери менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын угузду. Кабилова шайлоо мыйзамдын чегинде, эл аралык нормалардын негизинде өткөрүлгөнүн билдирди. Андан соң депутаттык мандаттар тапшырылды. "Ата Мекен" жана "Асаба" партиялары шайлоо бурмаланганын айтышып, массалык каршылык акцияларына чыгып башташты.
Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала деп тараткан маалыматтарга караганда Жогорку Кеңешке “Ак жол”, Кыргызстан Коммунисттери жана Социал-демократтар партиясы гана өтө турган болду. Байкоочулардын эсеби боюнча шайлоодо көп добуш алган оппозициялык “Ата Мекен” партиясын БШК жана бийлик Ош шаарынан 0,5 пайыздык чекти багындыра алган эмес деген маалымат таратууда. Ал эми “Ата Мекен” партиясы шайлоонун жыйынтыктары одоно бузулганын билдирди. Талдоочулар оппозициялык негизги партияны өткөрбөй коюп, бийлик мыйзамды одоно бузуп жатат дешүүдө.
Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы толук чыгарылып бүтө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда шайлоо комиссияларынын протоколдорун текшерип жумушчу топ иштөөдө. “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнү аз келгенсип, аталган партиянын добуштарын жокко чыгаруу үчүн БШК жалпы жыйынтыгын чыгарууну кечеңдетүүдө деген пикирде.
Бир катар саясий партиянын лидерлери Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо болуп көрбөгөндөй ыпылас ыкма менен өткөрүлүп, карапайым элдин назарын сындырган шайлоо болгонун айтышууда. Айрым серепчилер болосо шайлоонун алдын ала маалыматтарына таянып, эгерде бийлик бир партиялуулук системага кайрылып келе турган болсо демократияга коркунуч туулат, деген божомолдорун билдиришти. БШКнын мүчөсүнүн көз карашында шайлоо мыйзамдын чегинде, тынч эле өттү.
Парламенттик шайлоодо республиканын дээрлик бардык аймактарында административдик ресурс колдонулуп, оппозициялык саясий партияларга кысым көрсөтүлүп жатканы айтылууда. Шайлоо түйүндөрүндө байкоочуларга толук укук берилбей, жергиликтүү бийлик тарабынан кысымдар көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Ал эми расмий бийлик шайлоо мыйзамдын чегинде, талапка ылайык жүргүзүлүп жатат деп билдирүүдө.
Келерки жылы Өзбекстан жаратылыш газына бааны кымбаттатат, деп билдирди “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, кыргыз бийлиги бул маселени мамлекеттик деңгээлде коңшу өлкө менен оң чечпесе карапайым өлкө атуулдарынын жашоосун ого бетер оорлотот. Ал эми Өнөр жай жана энергетика министрлигинин адисинин маалыматына караганда учурда жаратылыш газынын баасын өзбек тарап ачык айта элек.
«Кинотасмалардын эстелиги» деген аталыштагы китеп отуз жылдан соң жарык көрдү. Анын автору Владимир Михайловдун айтымында, каражаттын жоктугунан кол жазма текчеде саргайып турган. 520 беттен турган кыргыз кино тарыхынын өтө сейрек кездешүүчү белгисиз жаңы барактарын, кино ишмерлердин тагдырын камтыган бул китепти “Кыргызкинематографисттер” кошуунунун төрагасы Таалайбек Бапанов өз каражатына чыгарган. Анын айтымында, ресторан, сауна курган кыргыз ишкерлери маданият, адабиятка көңүл буруп, таланттуу жазмакерлердин китептерин чыгарууга көмөк кылса, элге, келечек муунга пайдасы тиймек.
22-ноябрда райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө саясий партиялардын өз өкүлдөрүн сунуштоо мөөнөтү аяктайт. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн билдиргенине караганда кайсы партиянын өкүлдөрү шайлоо комиссиясына киргизилгендиги тууралуу так маалымат 25-ноябрда билинет. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы саясий партиялар шайлоо комиссияларына өкүлдөрүн сунуштоодо жоопкерчилик менен мамиле кылбай жатышканын айтышууда.
Ош шаарынын тургуну, адвокат Саидкамал Ахмедов Ташкентте 5-сентябрда камакка алынган. Качкын макамын алган Ахмедовдун коңшу өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан кармалышы Өзбекстанда адам укугу жана качкындар боюнча эл аралык нормага баа бербегенинин далили дешет укук коргоочулар. Башкы прокуратуранын өкүлү болсо Ахмедовдун кармалышы мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирди.
«Ата мекен” партиясы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу аракеттерин көрүү чакырыгы менен президентке кайрылуу жолдоду. Аталган партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Ак жол” партиясынын иш аракеттерине көңүл буруу жөнүндө жана башка шайлоого байланыштуу маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган өтүнүч-арыздары аткарылбай жатканын белгиледи. Ал эми “Ата Мекендин” лидери Кубатбек Байболов учурда бийлик авторитардык режимди кайрып келип, бийликти узурпациялоо аракетин көрүп жатат, деп кескин сынга алды. БШКнын мүчөсү Гуля Рыскулова болсо “Ата Мекендин” “Ак жол” партиясына байланыштуу арыздануусунда эч кандай негиз жок деген пикирин билдирди.
Биринчи май райондук соту «Жашылдар» партиясынын көчө акциясынан кармалган эки мүчөсүн административдик жазага тартып, аларга эскертүү берди. Аларды 10-ноябрда болгон акцияда орус генералы Лебеддин колун чыканагына чейин соройтуп турган, муштум жана эшек тартылган карикатураларды коомдук жайга илгендиги үчүн сот айыптуу деп тапты. Укук коргоочулар буга жооп кылып, анда ноябрдагы саясий акциялардын маалында колун билегине чейин соройтуп көрсөткөн Копсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновду биринчи иретте жоопкерчиликке тартууну талап кылып чыгышты.
Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында укук коргоочулар пикет өткөрүштү. Алар ооздорун скотч менен чаптап алышып, мунусу менен жарандардын эркин чогулуу укугун кыргыз бийлиги чектеп жатат деп сынга алышты. Алар президент Курманбек Бакиевден Башмыйзамдын кепили катары жарандардын Конституциялык укугун коргоо талабын койгон билдирүү таратты. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда 10-ноябрда өткөн нааразылык акциясында кармалган «Жашылдар» партиясынын төрт мүчөсүнүн жана эки укук коргоочунун үстүнөн сот иши башталды.
Дагы жүктөңүз